Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Шаардык кеңешке жаш төрага келди


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн төрага шайлады.

Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын 40ы шайлоого көрсөтүлгөн жалгыз талапкер - КСДП фракциясынын 29 жаштагы өкүлү Жаныбек Абировго макул болушту.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү. Ага ​КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” кирди. Ал эми “Кыргызстан” азчылыкта калды.

19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган.

Жакында борбор калаада мэр алмашып, кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына кеткен.

Шаардык кеңештеги төрага шайлоо.
Шаардык кеңештеги төрага шайлоо.

Анын ордуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, 38 жаштагы Кубанычбек Конгантиев келери айтылып жаткан. Бирок ал талапкерликке жазган арызын кайра алганы бүгүн сессияда белгилүү болду.

29 жаштагы ишкер жана депутат Жаныбек Абиров Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Башкаруу академиясын юриспруденция жана менежмент багыттары боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

2014-жылдан азыркы кезге чейин “Восход и К” ЖЧКсында иштеген. 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине Кыргызстан социал демократтар партиясынан депутат болуп шайланган. 2017-жылы “Абиров” аттуу коомдук фонд түзгөн. Фондун негизги ишмердиги окуучуларды заманбап билимдерге окутуп, жаш муундун лидерлик сапатын өнүктүрүү болгон.

Жаныбек Абиров иштеген “Восток и К” компаниясы Юстиция министрлигинин маалыматында, “товарларды дүңүнөн сатуу” менен алектенери көрсөтүлгөн. Негиздөөчүсү - Болот Усупбекович Абиров. Компаниянын негиздөөчүсү Жаңыл Мукашева Шамшутдинова.

Болот Абиров Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган “Рассвет Компанинин” (көмүрдү дүңүнөн сатуу), CIM KG PROPERTIES (кыймылсыз мүлктү башкаруу) жана күйүүчү-майлоочу майларды ташыган “Бока” компаниясынын негиздөөчүсү.

Жаныбек Абиров 20-сентябрдагы шаардык кеңешке өткөн шайлоодон кийин Болот Абировдун уулу экенин моюнга алды. Буга чейин ал “Азаттыкка” берген маегинде Болот Абировго эч кандай тиешеси жоктугун айткан.

Шаардык кеңештин төрагасы үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп, “телефондон маек алгысы келгендерге” жалган маалымат бергенин түшүндүрдү.

КСДП өкүлү шаардык кеңешти жетектейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:35 0:00

Көмүр тендериндеги көмүскө чатак

Ушул жылдын август айында Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр сатып алуудагы тендерге байланыштуу чыр чыккан.

Тендерден утулган казакстандык “Евротранс групп” компаниясы Кыргызстанда катталып, Казакстандан көп жылдан бери көмүр ташуу тендерин утуп келген “Рассвет компани” фирмасына каршы Мамлекеттик сатып алуу департаментине доо арыз менен кайрылган.

Анда аталган компания көмүрдү 70 миллион сомго арзан баада сунуш кылганына карабастан “Рассвет компанинин” пайдасына чечим чыкканы үчүн даттанган.

Бул чечимге каршы чыккан тендердик комиссиянын жалгыз мүчөсү “Рассвет компани” фирмасынын артында көмүр ташып келүүнү көптөн бери ээлеп алган олигархтар турарын айтып, мындан төрт жыл мурунку тендер чырына да аларга караштуу "Прогресс компани" деген фирма аралашканын мисал келтирген.

Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

"Электр станциялары" ачык акционердик коому Бишкек Жылуулук электр борборуна 400 миң тонна көмүр сатып алуу үчүн тендер жарыялаган. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен бир миллиард 440 миң сом сом каралган болчу. Тендерге жыл сайын көмүр ташуу укугун утуп келген “Рассвет компани” фирмасы жана казакстандык “Евротранс групп” компаниясы катышкан.

"Рассвет компани" 400 миң тонна көмүрдү 1 миллиард 420 миллион сомго алып келүүнү сунуштаган. “Евротранс групп” компаниясы болсо 1 миллиард 350 миллион сомго макул болуп, атаандашына караганда 70 миллион сомго арзан бааны сунуштаган. Бирок тендердик комиссия бааны андан кымбат сунуштаган мурдагы эле “Рассвет компани” фирмасын тандаган.

Тендердик комиссиянын мүчөсү Расул Умбеталиев бул чечимге жалгыз каршы чыгып, кайрадан эле "Рассвет компаниге" артыкчылык берилгенин айтып, ага азыр кимдин кызыкчылыгы бар деген маселени койгон:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

- Ортомчу компания ташып келген көмүрдүн ар бир тоннасын 52 доллардан сатканда тоннасынан 16-18 доллардан пайда көрүп жатпайбы. Ал эми 2014-2015-жылдары ар бир тонна көмүр 56 доллардан бааланган. Анда айырмачылык 20 доллардан болгон. Анткени негизи жөнөкөй эсеп боюнча ортомчулук болбосо, көмүрдүн Кыргызстанга келиши 34-36 доллардан айланмак. "Рассвет компани" буга окшогон тендерлерден улам жыл сайын 600 миллион сомдон 1 миллиард 200 миллион сомго чейин зыян келтирип жатпайбы. Ортодогу көмүрдүн тоннасына кошумча кошулган 18-20 долларды тигил олигархтар менен биздин мамлекеттик кызматкерлер бөлүшүп коюп жатат. "Рассвет компани" мурдагы президент жана анын жакын чөйрөсү менен байланышта болгон. Ал жерде Сапар Исаков, Айбек Калиев бар. Бирок алар азыр түрмөдө отурушат. Азыр ушул схемаларга кимдер отуруп, уурдап-тоноолорду кимдер улантып жатышат?

Компаниялардын артында кимдер турат?

“Рассвет компани” фирмасы 2015-жылы Кыргызстанда кайра каттоодон өткөн. Ага чейин бул компания Казакстандын Шабыркөл кенинен көмүр ташыган башка бир "Прогресс компани" сыяктуу эле Кыргызстандагы тендерлерге катышып келген.

Кыргызстанда жыл сайын көмүр тендерин утуп келген “Прогресс компаниге” 2014-жылы “Жезказган энергосбыт” компаниясы атаандаш болуп, андан арзан бааны сунуштап, тендерден утуп чыккан. Бирок ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев тендердин жыйынтыгын сотко берип, тендерден утуп чыккан компаниянын өкүлү Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына Аида Салянованын жообу көпкө күттүргөн жок.

Ал көмүр чыры ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова менен ошондогу президент Алмазбек Атамбаевдин мамилесин бузган. Аида Салянова тендердин жыйынтыгын “Прогресс компанинин” пайдасына чыгарууга "Атамбаевдин кызыкчылыгы болгон" деп айыптаган. Кийин анын күйөөсүнө "көмүр тендерине аралашкан" деген негиз менен кылмыш иши козголгон болчу.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов "Атамбаевдин 11 досу" деген материалында “Рассвет компани” фирмасынын артында кимдер турганын иликтеп чыккан:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Жаныбек Абиров 31-мартта курултайда Атамбаевдин жанында отурган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Анын атасы Болот Абировдун атына "Рассвет компани" фирмасы катталган. Бул компания жыл сайын 50 миллион долларга чейин бааланган көмүрдү Казакстандан ташып келип турат. Бул фирмалар казакстандык миллиардер Алижан Ибрагимовго, айтылуу "Графга" тиешелүү экени маалым.

Ошол кезде Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын депутаты болгон Жаныбек Абиров Юстиция министрлигинин каттоосунда “Рассвет компани” фирмасы катталган Болот Абиров анын атасы эмес экенин айтып, депутаттын үй-бүлөсүнүн бул компанияга тиешеси бар деген маалыматты жокко чыгарган.

Жаныбек Абиров кайрымдуулук жана коомдук иштер менен алектенерин айтып, бирок анын каржы булагын атаган эмес:

- Менин айтылган компанияларга эч кандай тиешем жок. "Рассвет компани" дегенди билбейм. Ал фирма катталган адам менин атам эмес. Ошентип эле жазып коюшуптур. Туура эмес жазылган. Ал бизге окшош фамилиядагы адам. Андан көрө силер менин депутаттык ишмердигимди сурасаңар, анда мен так жооп берем. Мен бул жакка кайсы максат менен келдим? Мен кайрымдуулук жана коомдук иштер менен алектенем. Балдарды окутуп жатабыз. Өзүмдүн шайлоо округумда көп иштерди жеке өзүмдүн эсебимден жасап келе жатам. Силер ошол жактарды сурасаңар. Ар кандай ушактарды сурагандарга эч түшүнбөйм.

"Аттары башка, түбү бир"

Энергетика боюнча эксперт, буга чейин да көмүр сатып алуу боюнча тендерлердин комиссия мүчөсү болуп келген Расул Умбеталиев Шабыркөл көмүр кени Машкевич, Патохов жана Ибрагимов сыяктуу олигархтар түптөгөн Казакстандагы эң ири ENRC корпорациясынын курамына кирерин белгиледи.

Бул ортомчу компания жыл сайын тендерден утуп алып, Казакстандагы Шабыркөл кенинен көмүр ташып келип жатат. Анын ээлери Александр Машкевич, Алижан Ибрагимов жана Патох Шодиев деген Казакстандын олигархтары. "Рассвет компани" мурдагы президент менен түздөн түз байланышта болгон.
Расул Умбеталиев.

Расул Умбеталиев көмүр ташыган фирмалардын аттары өзгөртүлгөнү менен алардын кожоюндарынын түбү бир экенин билдирди:

- "Прогресс компани" деген компаниясын төрт жыл иштетип, анан "текшеришпесин" деп жаап салышкан. Анын ордуна азыр "Рассвет компани" деп атын өзгөртүп койгон. Анын негиздөөчүсү катары Болот Абиров "Прогресс компаниде" дагы болгон. Азыр анын ысымы "Рассвет компаниде" дагы негиздөөчү катары көрсөтүлүп турат. Бул ортомчу компания жыл сайын тендерден утуп алып, Казакстандагы Шабыркөл кенинен көмүр ташып келип жатат. Анын ээлери Александр Машкевич, Алижан Ибрагимов жана Патох Шодиев деген Казакстандын олигархтары. "Рассвет компани" мурдагы президент менен түздөн түз байланышта болгон.

“Электр станциялары” ишканасынын өкүлү Анара Жумагулова тендердик комиссия көмүрдүн баасын кымбат сунуштаган фирманы тандаган себебин арзан баадагы көмүр алынса, кайра кошумча 48 миң тоннага чейин көмүрдү сатып алууга туура келери жана 25 млн. куб газ кошумча жагылары менен түшүндүргөн. Мына ошондо жарым миллиард сомдон ашуун чыгаша көп болуп чыгарын айткан Анара Жумагулова тендердик комиссия буга чейин көмүр ташып келген "Рассвет компани" фирмасын тандоого токтолгонун кошумчалаган.

Бишкек ЖЭБ кыш сезонуна 1 млн. тоннадай көмүр керектесе, анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келет. Калган 400 миң тонна Казакстандан импорттолот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG