Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Саясий кармаш көмүр чырын эске салды


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин кароо боюнча парламенттин атайын комиссиясы ага коюлган алты айыптын бири катары мындан беш жыл мурун Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу тендериндеги коррупциялык чатакты киргизди.

Ага мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Атамбаевди көмүр сатып алууда "Прогресс компани" деген компанияны колдоп, өткөн тендерди буздуруп, басым жасаганы жана анын айынан куугунтукка кабылганы боюнча 2016-жылдагы билдирүүсү негиз болгон.

Ошол эле кезде бул маселеге байланыштуу мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жана мурдагы баш прокурор Аида Салянова экс-президентке каршы көрсөтмө бергени боюнча маалыматтар чыкты.

Салянованын төрт жыл мурдагы билдирүүсү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин кароо боюнча парламенттин атайын комиссиясы ага карата коюлуп жаткан алты айыптоонун тизмесине 2014-жылы күзүндө анын Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу тендерине кийлигишип, утпай калган "Прогресс компани" компаниясын күчкө салып өткөрүү ишин киргизди.

Буга 2016-жылы 1-декабрда мурдагы баш прокурор Аида Салянованын Атамбаев "Граф" деген лакап ат менен белгилүү казакстандык олигархка таандык компаниянын кызыкчылыгын коргоп, тоскоол болгондорду куугунтуктаганы боюнча билдирүүсү негиз болгон.

Бул ишке байланыштуу мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Алмазбек Атамбаев бир нече ирет чакырып, бир гана компанияны өткөрүүгө буйрук берип, аны тендердик комиссиянын ишине кийлигишүүгө мажбурлаганы боюнча тергөөгө көрсөтмө бергени белгилүү болду. Мурдагы баш прокурор Аида Салянова төрт жыл мурдагы билдирүүсүнүн негизинде экс-президентке каршы көрсөтмө берген.

Тендердик комиссиянын мүчөсү Расул Умбеталиев ал көмүр тендериндеги чатакты эске салды:

«​Азыр Осмонбек Артыкбаев да, Аида Салянова да экс-президентке каршы көрсөтмө берип жатышат. 2014-жылы чоң көмүр жаңжалы болгон. Себеби 2010-жылдан баштап эле "Прогресс компани" көмүр ташып келип жаткан. "Жезказган энергосбыт" деген компания пайда болуп, утуп алган. Бирок ага чейин Атамбаев баш болуп, "Прогресс компани" менен кызматташып келишкен экен. Анан ал Артыкбаевди чакырып алып, ошол компанияны гана өткөрүү талабын койгон болчу. Анын каалоосу ишке ашпай калганда Артыкбаевди кызматтан алып, анан кийин Салянованы да кызматтан алып, кийин анын күйөөсүнө кылмыш ишин козготкон. Мындан сырткары "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилери менен "Жезказган энегосбыт" компаниясынын өкүлүнө кылмыш иштери козголгон».

Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев 2014-жылы күзүндө тендерде арзан көмүр сунуштаган “Жезказган энергосбыт” утуп кеткенде экс-президент сынактан өтпөй калган "Прогресс компанинин" кызыкчылыгын көздөп ага басым жасаганы жана кийин кызматтан алганы тууралуу тергөөгө көрсөтмө бергенин маалымат агенттиктерине билдирди.

Осмонбек Артыкбаев министрликтен алынган соң “Жезказган энергосбыт” уткан тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, "Прогресс компаниден" көмүр сатып алуу боюнча түз келишим түзүлгөн.

Бул иш боюнча Осмонбек Артыкбаевдин адвокаты Замирбек Базарбеков анын коргоосундагы экс-министр бул жагдай тууралуу тергөөгө күбө катары чакырылып, көрсөтмө бергенин ырастады:

«​Ооба, Осмонбек Артыкбаев бул иш боюнча тергөө органдарына күбө катары сурак берди. Ал киши мына ошондой көрсөтмө берди. Бирок тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу биз анын маани-маңызы тууралуу толук айтып бере албайбыз. Анткени ошондой тил кат берилип калган. Бирок Осмонбек Артыкбаевдин суракка чакыртылып, тергөөгө күбө катары бир катар көрсөтмөлөрдү берип чыкканы чын».

Атамбаевдин айыптоосу

2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү тендерине мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров аралашканын айтып, мына ошондуктан ага жана бул ишке байланыштуу бир топ кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун билдирген. Алмазбек Атамбаев көмүр тендериндеги чырдын айынан Аида Салянова менен кош айтышууга туура келгенин айткан болчу:

«​Салянованы тандаганда жаңылганымды качан түшүндүм? Мага анын күйөөсү пара ала тургандыгы боюнча материалдар түшө баштаганда билдим. Бул иш кокустан эле ачылып калды. Мага мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев келип, "Бишкек ЖЭБине өз учурунда көмүр тартып келе албай жатабыз. Кимдир бирөөлөр тоскоол болууда" деп калды. "Ким?" десем, ал "президенттен да катуу чочуган, таасири күчтүү бирөө" деди. Көрсө ал Салянованын күйөөсү экен. Азыр бул иш боюнча Салянованын кийин башкы тергөөчү болгон мурдагы жардамчысы отурат. Анын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы түрмөдө отурат. Ошол эле кезде ал өзүн коррупция менен күрөшкөн аппак, таптаза адам катары көрсөтүп келди».

Ошол кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин анын дарегине айткан сынына карата мурдагы баш прокурор, ошол кезде "Ата Мекен" партиясынан депутат болуп келген Аида Салянова "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу билдирүү жасаган болчу. Анда Аида Салянова Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алууда Атамбаевдин өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгону тууралуу жазып чыккан.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Аида Салянованын бул билдирүүсүн кийин жарандык активист Эдил Байсалов "Атамбаевдин он бир досу" деген аталыштагы видеоблогуна жарыялап, мисал келтирген:

«​"Кимде ким Бишкек жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө тиешеси болсо, ал Атамбаев өзү! 2014-жылдын сентябрында акыркы жылдары бир булактан алуу ыкмасы менен көмүрү сатып алынган "Прогресс Компани" компаниясынын кызыкчылыгын Атамбаев өзү сүрөп жатканы тууралуу мага маалымат жеткен", — деп жазды ал. Президент Алмазбек Атамбаев "Прогресс Компанинин» ээсине анын саткан көмүрү жылуулук борборуна «тоскоолдуксуз» жеткирилерине убада берген. Мен башкы прокурор болуп турганда «Электр станциялары» компаниясынын жетекчилигин текшере баштадым. Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев маселе президенттин көзөмөлүндө турганын айтып, көмүр жеткирүү ишине кийлигишкен. Кийин Артыкбаевди президент кызматтан алып салды. Бул жанагы айткан компанияны өткөрө албаганы үчүн Артыкбаевди жазалоо болду го деп түшүнүп калдым. Ошондон тартып менин атымды жаманатты кылуу боюнча мурда болуп көрбөгөндөй өнөктүк башталды. Кийинчерээк декабрда Атамбаев менин күйөөмө карата эч нерсе менен негизделбеген күмөн ойлорун ачык айта баштаганда мен ал түкшүмөлдөрдүн жалган экенин далилдөөгө аракет кылдым. Бирок анын ага кереги жок экен. Президенттин мени жаманатты кылууга мындай жеңил мамилеси анын жеке кызыкчылыгынан кабар берип турду», - деп жазган Салянова.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын мүчөсү, депутат Талантбек Мамытов экс-президент тергөөгө жана сотко чейин эле ага жакпай калган кызмат адамдарын же саясатчыларды эл алдында айыптап, алдын ала эле "өкүм" чыгарган учурлары боюнча материалдар топтолуп жатканын билдирди. Анын айтымында, экс-президент ыйгарым укуктарынан аша чаап, кимдир бирөөлөргө каршы ишарат кылган учурларына тергөө органдары көңүл бурушу кажет:

«​Алты жылдык президенттик мөөнөтүндө Атамбаев ЖМК аркылуу айтып чыгып, өзү көргөзмөлөрдү берип жатканын моюнуна алып келген учурларын биз байкоого алдык. Ал өзү мультимиллионер болгонун жарыялаганы менен анын кайсы киреше булагынан экенин аныктаган жок. Ошол эле кезде ар бир кылмыш иштери боюнча ал өзү көргөзмө бергенин айтып, сотко чейин эле кимдир-бирөөлөрдү күнөөлүү кылып, чечим кабыл алганын айткан фактылар бар. Соттун өкүмү чыкканга чейин эле алдын ала комментарийлерди берип, соттун өкүмүнө таасир эткен. Буга байланыштуу кеңири видео тасмалар бар».

Анткен менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Нурбек Токтакунов көмүр тендериндеги көмүскө иштер боюнча мурдагы мамлекет башчысына айып коюп, кылмыш ишин козгоо үчүн Артыкбаев менен Салянованын көрсөтмөсү жетишсиз деп эсептейт:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

«​Бул жерде Салянова менен Артыкбаевдин көрсөтмөсүнөн башка дагы далилдер болушу керек. Экс-президенттин үстүнөн бул маселе боюнча иш козгоо үчүн ал экөөнүн берген көрсөтмөсү эле жетишсиз. Тергөөдө ошол көрсөтмөлөрдөн башка дагы далилдер барбы же ошол эки көрсөмөгө таянып алып эле кылмыш ишин козгоого бел байлап жатышабы? Ошону иштин материалдарынан карап көрүү керек. Бир эки адамдын ага каршы берген көрсөтмөсү менен эле адамды соттоп сала берсе, анда кандай болуп калат».

​Ошол эле кезде аталыштары ар башка, бирок түбү бир мурдагы "Прогресс компанинин" мураскери катары айтылып жаткан "Рассвет компани" президент Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден бери деле жыл сайын Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу тендерине катышып, утуп келе жатканы маалым. Бул компанияга байланыштуу былтыр күзүндө дагы тендер чатагы чыгып, бирок ал жеңүүчү катары ордун сактап калган. Анда көмүрдү 70 миллион сомго арзан баада сунуштаган “Евротранс групп” компаниясы “Рассвет компани” фирмасына каршы доомат койгон. Бирок кийин соттон “Рассвет компанинин” пайдасына чечим чыккан. Эксперт Расул Умбеталиев мына ошол компания дагы деле тендерлерден утуп жатканын белгиледи:

«"Прогресс компани" менен "Рассвет компани" деген эки башка аталыштагы компаниялардын расмий жазылган негиздөөчүсү бир эле адам. Ал - Болот Абиров. Анын уулу Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңешине төрага болду. Башында "Прогресс компани" Бишкек ЖЭБине көмүр тартып, иштеп келсе, 2014-жылдагы чатактан кийин аны жаап коюп, "Рассвет компани" иштей баштады. Булардын өз ара байланышы бар. Алты жылдан бери мына ушул эле компнаиялар көмүр ташып келип, тендерди утуп келе жатышат. Болгону аттары гана алмашкан. Булар өз ара келишип алып, көмүр ташып келүүдөгү коррупциялык схемалардан жыл сайын 15-20 млн. доллар көмүскө киреше таап, мамлекетке зыян келтирип келген. "Рассвет компани" ортомчу фирма катары Казакстандын Шабыркүл кенинен көмүр ташыйт. Анын ээлери белгилүү олигархтар Александр Машкевич, Алижан Ибрагимов жана Патох Шодиев».

Жалган айтуунун жагдайлары

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров Юстиция министрлигинин каттоосунда “Рассвет компани” фирмасы катталган Болот Абиров анын атасы эмес экенин айтып, анын үй-бүлөсүнүн бул компанияга эч кандай тиешеси жок деп маалымат берген болчу. Бирок кийин ал төрага болуп шайланган учурда Жаныбек Абиров калп айтып койгонун монюга алып, бирок анысын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу менен байланыштырган болчу.

Ошол эле кезде Жаныбек Абиров атасы Бишкек ЖЭБине көмүр тартып келерин ырастаган болчу:

«​Менин атам ишкер. Ал "Рассвет компанинин" негиздөөчүсү. Анан алар дагы Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келишет. Бул жакта эч кандай маселе жок. Мен өзүм "Восход" деген компаниянын коммерциялык директору болчумун. Төрага болуп шайланган соң, буюрса эртең арызымды жазып, ал фирмадан кетем. Мындан 20 күн мурун мага "Азаттыктан" журналист чалып, "Рассвет компани" деген компанияга кандай тиешеңер бар, Болотбек Абиров деген силердин атаңар эмеспи?" деп сураган. Мен ага жалган маалымат берип койгом. Себеби мен ал кишини билбейм. Анткени үй-бүлөбүздүн коопсуздугун ойлоп эле, мен ошентип койгом».

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдон депутаттык комиссиянын Атамбаевге каршы айыптоо корутундусунда "Прогресс компани" аралашкан көмүр чатагы боюнча комментарий алуудан майнап чыкпады. Анын атасы Болот Абиров башында "Прогресс компанинин" өкүлү болгону жана кийин Кыргызстанда катталып, бирок Казакстандагы ENRC корпорациясына караштуу "Шабыркүл" көмүр кенинен Кыргызстанга көмүр ташыган "Рассвет компани" фирмасынын кандайча негиздөөчүсү болуп калганы тууралуу суроо жоопсуз турат. Болот Абировдун өзүнөн жооп алууга мүмкүн болбоду.

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев аталган тендер чатагы аягына чейин териштирилиши керек экенин белгиледи:

«​Жогорку Кеңеш ошондой айыптоолорду койгон соң, Башкы прокуратура ага эми укуктук баасын бериши керек. Анткени тергөө жүрүп, аны аныктоо тапшырмасы коюлуп жатат. Бул иш толугу менен иликтениши шарт. Себеби, ошол компания дагы деле тендерден утуп келаткан жагдайлар аныкталып, тергөө амалдары жүрүшү керек. Ошол компания атын өзгөртүп алып, тендерге катышып келе жатса, аны өткөрүү боюнча жогору жактан саясий басым көрсөтүп, мажбурлоо болгон болсо, ошонун бардыгы тергөө учурунда иликтениши зарыл».

Бишкек ЖЭБ кышкы сезонго 1 млн. тоннадай көмүр керектесе, анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келет. Калган 400 миң тонна Казакстандан импорттолот. Мурда 900 миң тоннадай көмүр Казакстандын Шабыркүл кенинен ташылып турган. Анын бир тоннасы 50-55 доллардан бааланып, жылына бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 50 млн. доллардан ашуун каражат бөлүнүп турган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG