Линктер

бейшемби, 17-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 21:45

Сот менен карызга чырмалган музей иши


Сапар Исаков жана оңдолгон Улуттук тарых музейи. «Азаттыктын» коллажы.

Улуттук тарых музейинин оңдолушуна байланыштуу соттук иш дагы эки апта артка жылды. Буга башкы айыпталуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ооруп жатканы себеп болду.

Төрт ай мурда башталган иш дээрлик ордунан жыла элек жана ал созулган сайын музейдин ачылышы да кечеңдеп жатат.

Соттук отурум кайра жылды

Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушу боюнча бириктирилген иштерди караган Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараяндын бул жолку отуруму көпкө созулган жок.

Жаңы бекитилген судья Марат Сыдыков дароо эле айыпталуучуларга, адвокаттарга, айыптоочуларга жана жабырлануучуларга кайрадан өздөрүн тааныштырууга буйрук берди.

Негизги айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков анкеталык суроолорго жооп берүү менен ден соолугу начар экенин белгилеп, сотту артка жылдырып турууну өтүндү.

Ал мойнуна таянчык тагынып турду жана тике турганда башы айланып жатканын, жатып же отуруп эс алышы керек экенин айтты.

Башкалардын катарында дагы бир айыпталуучу, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да сүйлөдү.

Айыпталуучу, адвокаттар жана судья Марат Сыдыков.
Айыпталуучу, адвокаттар жана судья Марат Сыдыков.

Сот бардыгы сүйлөгөндөн кийин кайра адвокатка сөз берди. Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов да ушул ойлорду ырастап, дарыгерлер консилиумунун чечимин, дарт баяндарын сотко тапшырды. Буга тараптар каршы эмес экенин тактагандан кийин судья Марат Сыдыков сотту жылдырууга макул болду.

«Бул процесстин катышуучуларынын пикирин угуп көрүп, айыпталуучунун жактоочуларынын оозеки өтүнүчүн канааттандырам. Ишти башка күнгө калтырам, тагыраагы 24-сентябрь, саат 14:00гө белгилейм», - деди судья.

Ошентип жараян жылып кеткенден кийин Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) өкүлдөрү залды бошотуп, андан кийин Сапар Исаковду алып чыгып кетишти. Адвокат Нурбек Токтакунов сот алмашканынын себебин мындайча түшүндүрдү:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Мурдагы судья Айбек Эрнис уулу бул ишти карагандан баш тартты. Эми жаңы судья ишти карай баштаганда айыпты кайрадан угузушу керек болот. Коюлуп жаткан айыбы бизге башынан эле түшүнүксүз болуп жатат. Муну айыпталуучу Сапар Исаков өзү да соттук отурумда белгилеп, күнөөсүн четке каккан. Анткени айыпталып жаткан башка адамдардын тергөө менен кызматташуу үчүн берген көрсөтмөсү менен гана айып коюлууда. Ал көрсөтмөлөр далил эмес, эч кандай документ жок. Негизи Мамлекеттик курулуш мекемесинин кызматкерлерин жоопко тартыш керек болчу. Бул жерде Сапар Исаковдун күнөөсү жок».

Буга чейин башка линиядагы соттук отурумдарда Сапар Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыкканы маалымдалган. Учурда ал Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камакта отурат.

Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Маалым болгондой, Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу соттук териштирүү 28-майда башталган. Баштапкы соттук угуу бүткөндөн кийин эки-үч жолу жылды. Ал отурумдарда Сапар Исаков музей боюнча иштердин артында азыркы президент турганын, Сооронбай Жээнбеков премьер-болуп турган кезинде бир топ токтомдор кабыл алынганын билдирген. Мурдагы жараянда Мира Карыбаева да өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулу буга чейин Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, тарых музейин оңдоо боюнча кылмышка шектүүлөрдүн арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты бар экенин билдирген.

«Сот жүрүп жатса да музейди ачыш керек»

Бул соттук ишке оро-пара Улуттук тарых музейи да ачылбай турат. Буга карата коомчулукта түрдүү пикирлер бар жана алардын көбү маданий жайды ачууга убакыт жеткенин айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы маданият министри Садык Шер-Нияз мындай деди:

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

«Мен музейдеги коррупциялык иштердин бардык деталдарын билбейм. Бирок укук коргоо органдары келтирип жаткан маалыматтарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көрүп жаткан фактыларды көрүп туруп ал жакта коррупция бар экенине бөркүмдөй ишенем. Коррупцияны ошол мезгилдеги бийлик башында тургандар билген жана жасашкан. Ал эми бүгүнкү күндө ошол коррупциянын негизинде тарых музейинин ачылбай турганы жакшы көрүнүш эмес. Менимче, андагы жумуштардын баары бүткөндөй болгон. Соттун бүтүшүн күтпөй эле музейди ачыш керек, ал маданияттын очогу катары иштеши зарыл. Адатта соттор көпкө созулат жана Кыргызстандын эли ал бүткүчө күтүп отура албайт. Эл да абдан чоң суммага сатылып алынган аттарды көрсүн».

Мурдараак «Азаттыктагы» маегинде маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Улуттук тарых музейин оңдогон немис компаниясына Кыргызстан 225 миң евро карыз экенин, ал төлөнбөсө музейдин ачылышы кыйын экенин билдирген. Ал бул каражат төлөнгөндөн кийин музейди автоматташтыруу системасы ишке кирип, андагы тиркемелердин ачкычы берилерин айткан. Министр ошондой эле карызды төлөп берүү боюнча жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

Бирок министр Азамат Жаманкулов сүйлөшүүлөр дагы эле бүтө элек экенин, музейдин ачылышы али белгисиз болуп жатканын дагы бир жолу ырастады:

Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

«Карызды төлөө быйылкы бюджетте каралган эмес. Ошондон улам музейдин тагдыры чечилбей турат. Буга эми саясий чечим керек, кандай саясий чечимге келерибиз азырынча белгисиз болуп турат. Бул түздөн-түз сотко байланыштуу эмес, карызды төлөсөк эле ача берсек болот».

Музей боюнча Сапар Исаковго айып койгон учурда Башкы прокуратура мекемени оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. Мурдагы премьер-министр бул маалыматтарды төгүндөп, музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин айтып келет.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Мира Карыбаева, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Исаков менен Карыбаевадан башкасы тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн алардын иштери бөлөк каралууда.

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.

Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда музейди оңдоону 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылгандан улам, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тартканы тергөөдө аныкталган. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (33)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG