Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

ЖЭБ ишине байланыштуу айыппул өндүрүү жараяны башталды


ЖЭБ боюнча айыпталуучулар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай). Булардын ар бири 680 млн сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирилген.
ЖЭБ боюнча айыпталуучулар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай). Булардын ар бири 680 млн сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталуучуларга чегерилген айыптарды өндүрүү жараяны башталды. Бул тууралуу аталган иштин алкагында айыпталып, соттолгон экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдирди:

«Сот аткаруучулар Сапар Исаковдун үй-бүлөсүнө барып, «акчаны өз эркиңер менен төлөп бергиле» деп эскертип кетишиптир. Үч жылдык соттун жүрүшүндө Исаковдун баасы тогуз миң долларлык машинесинен башка мүлкү табылган эмес. Машине да аялына катталган. Ал машинени саткан күндө да акчасы өкүмдөгү айыпка жетпейт».

22-июнда Жогорку сот ЖЭБ иши боюнча Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку соттун бүтүмүндө соттолуучулардан Финансы министрлигинин пайдасына беш млрд. 440 млн. сом материалдык зыянды иште айыпталган сегиз адам тең бөлүп төлөөгө милдеттендирилген. Ага ылайык, ар бир соттолуучу 680 млн. сомдон төлөп берүүгө тийиш.

23-мартта Бишкек шаардык соту ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу райондук соттун өкүмүн бир аз өзгөртүп, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин абак мөөнөтүн бир жылга кыскартып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлкүн камоодон чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Райондук сот чыгарган өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүлгөн эмес.

2019-жылдын декабрында Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жети жыл алты айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга түрмөгө кесилген. Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулган. Райондук судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да күнөөлүү деп таап, аларды эки жыл алты айлык түрмөгө кескен. Бирок тергөө абагында отурган убакытты эске алып, аларды сот залынан бошоткон. Осмонбек Артыкбаевге беш миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага үч миллион сом айып салынган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG