Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери насыялар тууралуу сүйлөштү


Ван И жана Чыңгыз Айдарбеков.
Ван И жана Чыңгыз Айдарбеков.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын тышкы саясат мекемесинин башчысы Ван И менен экономикалык бир катар маселелерди талкуулады. Бул тууралуу “Кабар” мамлекеттик агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, гранттык жана насыя макулдашуулары боюнча сүйлөшүү болгон.

"Мурда жетишилген макулдашуулар боюнча оң динамика бар экени белгиленди. Алсак, гранттык жана насыя макулдашуулары боюнча. Пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарга карабай бизде кытайлык адистер иштеп жатат. Бүгүнкү күнү ал документтер ишке ашырылууда", - деди Айдарбеков.

Ошондой эле Кытай Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү-куткаруучу бөлүмүнө чыңдоого 95 млн. юань (болжолдуу 13 млн. доллар) каражаттын техникасын грант катары берет.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга 13-сентябрда расмий сапар менен келген. Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугушат.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт», «Эркечтам» бажы бекеттери февраль айында убактылуу жабылган. «Эркечтам» бекети кыргыз тараптын өтүнүчү менен 15-апрелде ишин жарым-жартылай жанданткан.

ТИМдин маалыматы боюнча «Торугарт» бекети 8-сентябрдан тартып иштей баштады. Бирок коронавирус коркунучунан улам кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан эки бекетте тең чектөөлөр бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG