Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:28

Бишкек мэриясы: Кытай грантына салынган жолдор кайра оңдолуп жатат


Бишкектеги кайра оңдолуп жаткан жолдор.
Бишкектеги кайра оңдолуп жаткан жолдор.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаарда Кытайдан алынган гранттын эсебинен салынган автожолдор кайра оңдолуп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, 43 көчө оңдоп-түзөлүшү керек болчу. Анын ичинен 24 участокто түзөтүү иштери аяктады. Калган көчөлөрдө жумуш октябрь айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

Жалдануучу ишкана (подрядчик) негизинен жолдордун жээгиндеги бордюрларды, ирригациялык түйүндөрдү жана тротуарлардын таман таштарын (брусчатка) алмаштырат. Андан тышкары жолдун жаракаларын толтуруп, кудуктарды оңдоп, жол белгилерди түшүрөт.

Автожол оңдолгондон кийин шаардык инженердик-курулуш кызматтарынын, райондук акимиаттын, жалдануучу ишкананын өкүлдөрүнөн турган комиссия кемчиликтерди аныктап, анын негизинде кайра оңдоо иштери башталган.

Кытайдан алынган гранттын эсебинен узундугу 93 чакырымдан ашык 48 көчө салынып, оңдолгон. Ар бир көчө эки жылдык кепилдик менен жасалган. Кепилдик мөөнөтү ушул жылы күзүндө аяктаган. Келишимдин шарттарына ылайык, жол салган компания бардык кемчиликтерди өз эсебинен оңдошу керек. (BTo)

XS
SM
MD
LG