Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:01

Тихановская: Лукашенконун доору бүттү


 Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Тихановская беларус оппозициясын тынчтыкка үндөдү.

Лукашенконун авторитардык режимине каршы оппозициялык кыймылдын үнү менен жүзүнө айланган Светлана Тихановская Беларуста бийликтин куугунтугу күчөгөнүнө карабай нааразылык жүрүштөрүнө чыккандарды тынчтыкты сактоого чакырды.

«Каршылык акциялары тынч өтүшү керек. Зомбулук менен күрөшүүдө зомбулукка барууга болбойт», - деди Тихановская шаршембиде Варшава университетиндеги кайрылуусунда.

9-августта өткөн президенттик шайлоону өзү жеңгенин айтып жүргөн Тихановская 5-ноябрда Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү соңуна чыгарын белгилеп, муну менен анын доору бүткөнүн кыйытты.

«Мен бардык өлкөлөрдү ушул суроонун үстүнөн ойлонууга чакырам. Силер 5-ноябрдан кийин бул адамга кандай кайрыласыңар? Биз өзүбүз өлкөбүздө ал мындан ары биздин президент эмес экенин билебиз. Ошон үчүн мен бул суроону силерге жолдойм», - деди Тихановская.

Шаршембиде таң эрте Минскиде оппозиция түзгөн Координациялык кеңештин дагы бир мүчөсү – адвокат Максим Знакты беткапчан кишилер күчтөп кармап, белгисиз жакка алып кетишкени кабарланган.

Кийин «Весна» укук коргоо уюму Знакка каршы «Беларустун улуттук коопсуздугуна зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакта экенин маалымдаган. Тергөө комитетинин өкүлдөрү да муну тастыкташкан.

Беларуста кайрадан президенттик шайлоо өткөрүп, Лукашенконун бийликти тынчтык жолу менен тапшыруусун көздөгөн Координациялык кеңеш түзүлгөндөн бери анын мүчөлөрү саясий куугунтукка кабылып келет.

Башкы прокуратура «бийликти басып алуу» беренесине ылайык кылмыш ишин козгоп, ар бир мүчөсүн суракка алган.

Азыркы кезде Кеңештин бир эле мүчөсү - Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Светлана Алексиевич гана эркиндикте. Калгандары же кармалган, же чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Алексиевич 9-сентябрда эртең менен анын үйүнө беткапчан бирөөлөр кирүүгө аракеттенгенин айтып, журналисттер менен коомчулуктан аны коргоону суранган. Андан соң Европа өлкөлөрүнүн Минскидеги дипломаттары жазуучунун үйүнө чогулуп, кетпей турушат.

Светлана Алексиевич менен Европа өлкөлөрүнүн дипломаттары
Светлана Алексиевич менен Европа өлкөлөрүнүн дипломаттары

Шаршембиде президенттикке талапкер, абакта отурган Виктор Бабариконун штабын да белгисиз адамдар тинтип, бүлдүрүшкөн.

Эки күн мурда Бабариконун штабынын жетекчиси, Координациялык кеңештин мүчөсү Мария Колесникова өзүн күчтөп Украинага чыгарууга жол бербей, паспортун айрып салган. Азыр ал «бийликти басып алуу» кылмыш иши боюнча камакта.

Мындан тышкары Лукашенконун режимине каршы митингдердин катышуучуларын топ-тобу менен кармоолор, аёосуз күч колдонуулар токтобой келет.

Жалпысынан митингдерде кармалган жети миңдей адам камакта, Айрымдары ур-токмокко алынып, кыйноолорго кабылган. Минскидеги «Весна» укук коргоо уюму, Хельсинки комитети, Кыйноого каршы дүйнөлүк комитет менен Адам укуктары боюнча Эл аралык федерация 500дөй адам токмок жегенин, митингдердин катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн бир да кызматкерине каршы кылмыш иши козголбогонун баяндап, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноо боюнча атайын баяндамачысына кайрылышкан.

«Европадагы акыркы диктатор» аталган Лукашенко Беларуста бир айдан бери уланып жаткан элдик толкундоолорго карабай Координациялык кеңеш менен сүйлөшүүлөргө барбай, аны күч түзүмдөрү колдоп турганын, бийликтен жөн кетпей турганын айтып келет.

Лукашенко коңшу Польша менен Литваны Беларустун ички иштерине кийлигишүүгө айыптап, элдик жапырт жүрүштөргө Батышты күнөөлөп келет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG