Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Беларустар журналисттерге болушту


Журналисттерди бошотууну талап кылган акция. Минск, 3-сентябрь 2020-жыл
Журналисттерди бошотууну талап кылган акция. Минск, 3-сентябрь 2020-жыл

Бейшембиде Минскинин көчөлөрүнө чыккан митингчилер президент Александр Лукашенкону кызматтан кетүүгө, соңку жумаларда кармалган журналисттерди кое берүүгө чакырышты.

Беларус милициясы борбордогу, өлкөнүн башка шаарларындагы нааразылык акцияларын чагылдырып жаткан кабарчыларды кармап, уруп-сабаган, техникасын, документтерин алып койгон учурлар көп болууда.

Аккредитациясынан ажыратылган бери дегенде 17 журналисттин арасында "Эркин Европа/ Азаттык" радиосунун төрт кабарчысы бар.

Минскидеги райондук сот апта башында кармалган алты журналистти “мыйзамсыз жүрүштөргө катышкан” деп таап, аларды үч күнгө камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Бирок журналисттер сотко чейин убактылуу кармоочу жайда бир нече күн камакта кармалгандыктан 4-сентябрдын кечинде боштондукка чыгышты. Алар өздөрүнө коюлган айыпты четке кагышты.

Беларустагы эркин TUT.BY басылмасы менен «БелаПАН» жаңылыктар агенттигинин жана «Комсомольская правда в Беларуси» гезитинин кабарчылары 1-сентябрда студенттердин бийликке каршы жүрүштөрүн чагылдырып жүргөн маалда кармалган.

Минскидеги акция. 3-сентябрь 2020-жыл
Минскидеги акция. 3-сентябрь 2020-жыл

2-сентябрда "Журналисттерди коргоо эл аралык комитети" беларус бийлигин тынч митингдерди чагылдырган журналисттерди кармоону жана куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Эртеси Британия жана Канада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна жолдогон биргелешкен билдирүүсүндө Беларустагы эркин журналисттерге жасалган мамиле тынчсыздантарын белгилешти. Алардын айтымында, өлкөдө 70тен ашуун көз каранды эмес жаңылык сайттары блоктолгон.

Журналист Руслан Кулевич 11-августта Гродно шаарында митингдерди чагылдырып жүргөн жеринен кармалган.

Журналист Руслан Кулевич. Гродно шаары, 2-сентябрь 2020-жыл
Журналист Руслан Кулевич. Гродно шаары, 2-сентябрь 2020-жыл

«Мени асфальттан сүйрөштү. Бутум ооруп, баса албай калгам. "Бар, өзүң бас" деп айтышты. Мен эптеп көтөрүлүп, "балдар, Руслан Кулевич деген журналистмин, Гроднонун басылмаларына 2013-жылдан бери жазып жүрөм, шаар тарыхы боюнча китептерди чыгаргам, жардам бергиле" дедим. 30 чакты милиция кызматкеринин арасынан экөө келип көтөрүштү, калгандары мазактап, "кабарчы турбайсыңбы, колубузга түштүң, бүттү, эми жазбайсың, сүрөт тартпайсың" деп күлүп турушту».

9-августтагы президенттик шайлоодон кийин башталган каршылык акциялары учурунда мамлекеттик медиада иштеген бир катар журналисттер иш таштаган.

Шаршембиде Лукашенко Кремль колдогон орусиялык RТ (Russia Today) телеканалы Беларустун мамлекеттик маалымат каражаттарынын ишин үзгүлтүккө учуратпоого чоң жардам бергенин айтты.

Ошол эле күнү тышкы иштер министри Владимир Макей өкмөт бийликти айыптаган жана митингчилерди колдогон журналисттерге унчукпай карап отура бербейт, тиешелүү чара көрөт деп эскертти.

Мишустин менен Лукашенко. Минск, 3-сентябрь 2020-жыл
Мишустин менен Лукашенко. Минск, 3-сентябрь 2020-жыл

Ал арада 3-сентябрда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Минскиде Лукашенко менен сүйлөшүү өткөрдү.

Бул сапар эки өлкө президенттеринин жолугушуусуна даярдык катары сыпатталууда. Премьер эки өлкөнүн жакын мамилелерине токтолду.

«Меймандос Минскиде Орусия Беларустун суверенитетин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн толугу менен колдорун баса белгилейт элек. Беларус биздин бир тууганыбыз. Биз тарых, тил, дин жагынан гана жакын болбостон, миңдеген же миллиондогон жарандарыбыз иш жүзүндө бир эл».

Шайлоодон кийин массалык митинг, жүрүштөрдүн кучагында калган кошуна өлкөдөгү окуяларга Орусия жакындан байкоо салып келет. Москва көп жылдан бери Беларус менен тыгыз саясий жана экономикалык интеграцияны жактап, бул багытта бир топ аракет жасоодо.

Шайлоо бурмаланды деген нааразылык күчөп, митингдер аеосуз басылган, демонстранттар репрессияларга кабылган шартта Лукашенконун Батыш менен жакындашуу пландары үзгүлтүккө учурады. Ал байланыштар аркылуу беларус лидери чыгыштагы кубаттуу коңшусу менен мамилелерди тең салмактоону көздөчү.

БУУ жана башка эл аралык уюмдар беларус бийлигин митингдер маалында кармалгандарды кыйноону токтотууга, демонстранттарды уруп- сабаган, ыдык көргөзгөн милиция кызматкерлерин жоопко тартууга үндөшүүдө.

Расмий жыйынтыкка ылайык, шайлоону өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңген. Оппозиция жана көчөлөргө агылган демонстранттар добуштардын бурмаланганына нааразы болушууда.

Президент айыптоолорду четке кагып, кырдаалды сырткы күчтөр козгоп жатышат деп айтып келет. Батыштын айрым өлкөлөрү шайлонуун жыйынтыгын таанышкан эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG