Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Песков: Навальныйдын иши боюнча Минскинин маалыматы текшерилет


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ишине байланыштуу Беларус берген маалыматты териштирет.

Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал Орусиянын атайын кызматы Минск бөлүшкөн документтерди изилдеп чыккандан кийин президент Путинге маалымат бере турганын кошумчалады.

3-сентябрда беларустун президенти Александр Лукашенко Минскиде орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушуусунда “Польша менен Германия Навальныйдын ууландырылганы тууралуу маалыматтарды бурмалаган” деп айткан.

Ал Беларустун чалгын кызматы мындай мазмундагы телефондук сүйлөшүүнү жаздырып калганын, мындай аракет Путиндин Беларустагы окуяларга кийгилишүүсүнүн алдын алуу үчүн жасалганын белгилеген.

Германия «Навальныйдын ууландырылганы тууралуу маалыматтарды бурмалады» деген дооматтарды четке каккан. Ага чейин расмий Берлин орусиялык оппозиционер Алексей Навальный «Новичок» тобуна кирген, адамдын нерв системасын шал кылуучу химиялык зат менен ууландырылганын жарыялаган.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

XS
SM
MD
LG