Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Навальныйдын иши: Москвага жылган «кара булут»


Хабаровскиде Навальныйды колдогон акция, август айы 2020-жыл
Хабаровскиде Навальныйды колдогон акция, август айы 2020-жыл

Германия Москваны Навальныйдын ууланышын териштирүүгө чакырды. 

Дүйшөмбүдө Парижде Европа Биримдигинин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Германиянын өкүлү Хайко Маас Европанын Москва менен мамилесин «кара булут» каптап калганын белгиледи.

Хейко Маас
Хейко Маас

«Албетте, биз Навальныйдын ишин иликтеп, ачыктап берүүгө Орусиядан азыркыдан чоң салым күтөбүз», - деген Маас Навальныйдын ууланышына Орусиянын расмий органдарынын тиешеси бардыгы аныкталса, Германиянын бийлиги Москвага каршы дипломатиялык санкцияларды киргизерин эскертти.

Мурдараак Германиянын канцлери Ангела Меркел, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррел, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон орус бийлигине кайрылып, Навальныйга зыян кылгандардын жоопкерчилигин кароого чакырган.

Өткөн жумада Москвада АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушканда «эгерде оппозициячынын ууландырылганы ырасталса, анда Вашингтон чара көрө турганы, ал чара 2016-жылкы АКШ шайлоосуна Орусиянын кийлигишкенине каршы америкалыктардын реакциясын да басып кетерин» белгилеген.

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирип, «мындай айыптоо кемсинтүү» деген.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, эстен танып жыгылып, учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Берлиндеги «Шарите» клиникасы өткөн жумада саясатчы дем алдыруучу аппаратта жатканын, абалы турукташып калганы билдирген.

Германиялык догдурлар Навальный «холинэстераза ингибиторлору» деп аталган активдүү заттардын тобуна ууланганын айтып жатышат. Бул уулуу заттар айрым дары-дармектерде, пестициддерде жана нервди шал кылган заттардын курамында болот.

Навальныйдын тарапкерлери башынан «Кремлди сындап жүргөн оппозициячынын ууландырылганын» айтып, буга Москвадагы бийликти айыпташууда.

Ишембиде 9-июлда мурунку губернатору Сергей Фургал кармалып, Москвага алынып кеткенден бери элдик жүрүштөр токтобой жаткан Хабаровски шаарында миңдеген адамдар көчөгө «Путин, чай иччи», «Адамдарды уулаганды токтот» деп кыйкырып чыгышкан. Айрымдары Навальныйга ден соолук тилеп, «Алексей, жаша», «Лёша, дем ал» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыккан.

Навальныйды колдоп, Санкт-Петербургда өткөн жеке пикеттер
Навальныйды колдоп, Санкт-Петербургда өткөн жеке пикеттер

Бирок Омскидеги оорукананын дарыгерлери Навальныйдын ууланганы тууралуу маалыматты четке кагып, алардын биринчи текшерүүлөрүндө буга эч кандай далил табылбаганын кабарлашкан.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Навальныйга ыктымал кол салуу аракетине президент Путиндин тиешеси болушу мүмкүн деген күмөн саноолорду «куру кыйкырык» катары сыпаттаган.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин болсо, «Орусияда чыңалуу жаратуу максатында Навальный ууландырылган жана мында чет мамлекеттин колу болушу мүмкүн» деп Батышка буруп, иликтөөнү Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөш комитетине тапшырган.

Башкы прокуратура 28-августта Навальный туш болгон окуяда «кылмыштын белгилери жок» экенин маалымдады.

Орусиялык Коррупцияга каршы күрөш фондунун негиздөөчүсү, популярдуу блогер жана орус оппозициясынын лидерлеринин бири Алексей Навальный орус аткаминерлеринин эбегейсиз байлык-мүлктөрүн иликтеп, аларды ачык эле коррупцияга айыптап келет.

Июлдун соңунда Навальный тогуз жыл мурун түзүлгөн фонддун «күнү бүткөнүн» жарыялаган.

Навальный чечимин Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожин тиешелүү деген «Москвалык окуучу» компаниясынын доо-арызы менен негиздеген.

Былтыр октябрда Орусиянын Юстиция министрлиги бул фондду «чет өлкөлүк агенттердин» тизмесине кошуп, Тергөө комитети фондго «арам акчаны адалдаган» деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Фонддун аймактардагы кырктай кеңсеси тинтүүгө алынган.

Кийин сот Навальный менен анын өнөктөшү Любовь Соболдон Пригожинге тиешелүү делген компаниянын эсебине 88 миллион рубль өндүрүп берүү тууралуу чечим чыгарган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG