Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Мамдума Навальныйга кастык кылууда «чет элдин колу бар» деп шек саноодо


Вячеслав Володин.
Вячеслав Володин.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин оппозиционер Алексей Навальныйга байланыштуу окуянын чоо-жайын иликтөөнү Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөш комитетине тапшырды. Ал «Орусияда чыңалуу жаратуу максатында Навальный ууландырылган жана мында чет мамлекеттин колу болушу мүмкүн» деп күмөн санады.

Мамлекеттик Думанын басма сөз кызматы 25-августта билдиргендей, Володин европалык лидерлердин билдирүүлөрү чет элден чагым болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө деп эсептейт.

Мурдараак Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррел орус бийлигин Навальныйга жасалган кастыкты терең иликтөөгө чакырышкан.

Кремлдин саясатын сындап жүргөн 44 жаштагы Алексей Навальный 20-августта Томскиден Москвага баратып учакта эстен танган. Эки күн ооруканага жатып, 22-августта Германияга жеткирилген. Берлиндеги «Шарите» ооруканасынын дарыгерлери саясатчы ууланганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG