Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

Навальныйдын абалы, Батыштын эскертүүсү


Комада жаткан Навальный атайын автоунаа менен "Шарите" ооруканасына алып келинген учур.
Комада жаткан Навальный атайын автоунаа менен "Шарите" ооруканасына алып келинген учур.

Орусиялык Коррупцияга каршы күрөш фондунун негиздөөчүсү, популярдуу блогер жана орус оппозициясынын лидерлеринин бири Алексей Навальныйдын саламаттыгы дүйнөлүк саясаттагы кезектеги талашка айланды. Ушу тапта бул кимге пайдалуу деген суроо кабыргасынан коюлуп турат.

Германиядагы Шарите ооруканасы Алексей Навальный «холинэстераза ингибиторлору» деп аталган активдүү заттардын тобуна ууланган болушу мүмкүн экенин 24-августта билдирген.

Ошондон кийин эл аралык саясатта бул тема кызыды. Германиянын канцлери Ангела Меркел, Европа Биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон орус бийлигин Навальныйга жасалган кастыкты терең иликтөөгө чакырышкан.

Кремл Шарите ооруканасынын “уулуу зат табылды” деген билдирүүсүнө маани бере элек. Муну орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун сөзүнөн байкоого болот. ​

«Эгер зат табылса, ууландырылганы аныкталса, анда албетте бул иликтөөгө себеп болот. Дагы кайталайм, азырынча зат аныктала элек. Балким немистерде кандайдыр маалымат бардыр. Буга байланыштуу албетте биздин врачтар биринчи анализдердин үлгүсүн берүүгө даяр» , - деди Песков 25-августта журналисттерге комментарий берип жатып.

Владимир Путин жана Дмитрий Песков
Владимир Путин жана Дмитрий Песков

Песков Навальныйга ыктымал кол салуу аракетине президент Путиндин тиешеси болушу мүмкүн деген күмөн саноолорду “куру кыйкырык” катары эсептейт.

Шейшембиде Москвада АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушканда да бул маселе көтөрүлдү.

Анда АКШ тарап “эгерде оппозиционердин ууланганы тууралуу версия ырасталса, анда Вашингтон чара көрө турганы, ал чара 2016-жылкы АКШ шайлоосуна Орусиянын кийлигишкенине каршы америкалыктардын реакциясын да басып кетери” эскертилген. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирип, америкалыктарды курулай айыптоодон алыс болуп, “чындыкты жашырып коюуга” айыптоонун өзүн кемсинтүү катары баалайт.

Орус тышкы иштер мекемеси “Бул кимге пайдалуу?” деп суроо коюп, “Орусия жетекчилигине эмес экени ачык” деп жооп берет.

Ал эми Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин багытты Батышка бурду. Ал «Орусияда чыңалуу жаратуу максатында Навальный ууландырылган жана мында чет мамлекеттин колу болушу мүмкүн» деп күмөн санап, иликтөөнү Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөш комитетине тапшырды.

Ал эми Орусиядагы оппозициялык маанайдагы саясатчы Дмитрий Гудков атайын эле Навальныйдын көзүн тазалоону көздөшкөн деп эсептеп, аны бийликтен көрүүдө.

«Менимче, биздин бийликке Беларус таасир этти. Алар аз күн мурда эле өзүнө ишенимдүү, бекем бутуна турган диктатура көз көрүнө эле урап баратканын, президент Лукашенко блогер түгүл анын аялынан жеңилгенин көрүштү. Бизде да Путинге колдоо азаюуда, парламенттеги партиялардын рейтинги түшүп атат. Албетте бизде да саясий жана социалдык маселелер жуурулушкан олуттуу каршылык акциялары күтүлүүдө. Ошон үчүн каршылык акцияларын өткөрүүдө кубаттуу медиа жана уюштуруучу ресурска ээ оппозиция лидерин жоготуу керек болгон».

Хабаровскидеги нааразылык жүрүштөрүнүн бири. 15-август, 2020-жыл.
Хабаровскидеги нааразылык жүрүштөрүнүн бири. 15-август, 2020-жыл.

Путин баштаган орус аткаминерлери Алексей Навальныйдын аты-жөнүн атабай, “ошол адам”, “а киши” деп сүйлөшөт. Мамлекеттик телеканалдар таптакыр көрсөтпөй, көрсөтсө да оппозиция лидерлеринин эмес, катардагы блогер катары сыпатташат. Ошол эле маалда Навальный Интернетте популярдуу. Бир эле "YouTube" каналында 4 млн. катталуучусу бар болсо, анын иликтөөлөрүн он миллиондогон адам көргөн.

Навальный антиөкмөттүк жүрүштөрдүн биринде. 29-февраль, 2020-жыл.
Навальный антиөкмөттүк жүрүштөрдүн биринде. 29-февраль, 2020-жыл.

44 жаштагы Алексей Навальный орус аткаминерлеринин эбегейсиз байлык-мүлктөрүн иликтеп, аларды ачык эле коррупцияга айыптап келет. Ал ошондой эле өлкө аймагы боюнча он миңдеген адам катышкан митингдерди уюштурууга да катышып келген.

Навальный 20-августта Томскиден Москвага баратып учакта эстен танган. Комага түшкөн абалда Омск ооруканасында жатып, 22-августта Германияга жеткирилген. Ушул тапта анын абалы тууралуу расмий кабар чыга элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG