Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

Тихановская: Беларус ойгонду


Беларус оппозициясынын атынан президенттик шайлоого ат салышкан Светлана Тихановская. 21-август, 2020-жыл. Вилнюс.

Шайлоодон кийин Литвага чыгып кеткен, 9-августта өткөн шайлоодо оппозициянын атынан президенттикке ат салышкан Светлана Тихановская Беларустагы саясий кризисти тынч жөнгө салыш үчүн Минскидеги расмий бийликти диалогго чакырды.

25-августта Европарламенттин Тышкы иштер боюнча комитетинин жыйынына онлайн катышып жатып Тихановская Беларус бийлигинен «алардын саясий укуктарын сыйлоону» талап кылып, «бардык саясий туткундарды» эркиндикке чыгарууну жана «коркутуп-үркүтүүнү токтотууга» чакырды.

«Беларус ойгонду. Биз мындан ары оппозиция эмеспиз. Азыр биз көпчүлүкпүз», - деп билдирди Тихановская. Ал ошондой эле бардык мамлекеттерди беларус элинин «адилеттүү жана эркин шайлоо өткөрүү» мүдөөсүн колдоого, ошол эле учурда «Беларус элинин эгемендигин» жана «аймактык бүтүндүгүн» сыйлоого чакырды.

Тихановскаянын мындай билдирүүсү Беларуста оппозициянын тарапташтары кармалып жаткан маалга туш келди.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Куралдуу күчтөрдү толук даярдыкка келтирүүгө буйрук берди.

Беларустагы акциялар 9-августтан бери токтой элек.

Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундардын, митингдерде кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, акциянын катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аткаминерлердин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG