Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Минск: Түмөндөгөн эл жана курал көтөргөн Лукашенко


Минскинин Эгемендик аянтына чогулгандар. 23-август, 2020-жыл.
Минскинин Эгемендик аянтына чогулгандар. 23-август, 2020-жыл.

Оппозициянын акциясына болжол менен жүз миңден ашуун адам чыкты.

Ак-кызыл түскө боелгон Минск

23-августта баш калаа Минскинин көчөлөрү ак-кызыл түскө боелду. Эгемендик аянтын көздөй агылган миңдеген адам оппозициянын ак-кызыл желегин желбиретип баратты. Калың эл ошондой эле өкмөткө каршы ураан чакырып, президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылды.

«Наша нива» каналы Беларус баш калаасында жүз миңдеген адам чогулганын жазды. Ал эми оппозициячыл NEXTA телеграм-каналы чогулгандардын санын 100 миңге чейин деп кабарлады. Ушундай эле маалымат менен "Еврорадио" да бөлүштү.

«Ачык медиа» басылмасы Эгемендик аянтына эл жык-жыйма толгонун, ал жакка болжол менен 200-300 миң адам батарын жазды.

Бул өлкө тарыхындагы эң ири акция болуп калды. Митинг маалында Интернет да жакшы иштебей, үзгүлтүккө учурады.

А1 байланыш оператору мамлекеттик органдардын талабы менен Интернет байланышы шаардын айрым райондорунда солгундаганын билдирип, кечирим сурады.

Минскидеги митингге чыккандар кечки алтыдан кийин нөшөрлөгөн жаандан улам тарай башташты.

Жекшембиде демонстрациялар өлкөнүн бир катар шаарларында өттү.

Коргоо министрлигинин эскертүүсү

Митингдин алдында Коргоо министрлиги билдирүү таркатып, армия улуттук эстеликтерди кайтаруу жоопкерчилигин өзүнө аларын билдирген. Нааразылык акциясына чыккандарды «фашисттер» деп атаган министрликтин билдирүүсүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына коюлган эстеликтерди бүлүнтүүгө жол берилбестиги айтылат.

Ошондой эле мекеме башаламандык уюштургандарга полиция эмес, армия чара көрөрүн эскерткен.

Чындыгында эле митинг маалында Минскинин борборундагы Улуу Ата мекендик согуш музейин аскерлер кайтарышты. Музейдин тегерегинде металл тосмолор орнотулуп, аны жүздөгөн аскер кызматкери тосуп турду.

Эстеликтерди тосуп турган аскерлер. Минск. 23-август, 2020-жыл.
Эстеликтерди тосуп турган аскерлер. Минск. 23-август, 2020-жыл.

Оппозициянын лидерлери чогулгандарды ар кандай чагымга алдырбоого, аскерлер менен кагылышууга барбоого чакырып жатышты. Кармалгандар тууралуу маалымат болгон жок.

Курал көтөргөн Лукашенконун видеосу

Кечке жуук митингге чыккандар акырындан тарай баштаганда беларус президенти Александр Лукашенко Минскидеги резиденциясына келгени маалым болду. Ал тик учактан колуна Калашников автоматын кармап түшүп бараткан видеону алгач бийликчил «Пул первого» телеграм-каналы жарыялады.

«Азаттык» радиосунун беларус кызматы автомат ок-дарысыз экенин жазды. Президенттин жанында 15 жаштагы уулу Николай да колуна курал кармап баратканы кабарланды.

Ошол эле "Пул первого" телеграм-каналы жазгандай, Лукашенко резиденцияны кайтарып турган аскерлерге басып барып, «эрдик менен коргогону» үчүн ыраазычылык билдирди.

Митинг аяктагандан кийин Лукашенконун маалымат катчысы Наталья Эйсмонт «Минскидеги нааразылык акцияларынын катышуучулары Эгемендик сарайын (резиденцияны) басып алууга аракет кылышты, бирок алардын эрки жеткен жок. Алар артка бурулуп, качып кетишти»-деп маалымдады.

Чет мамлекеттерде өткөн акциялар

Минскидеги демонстранттарга тилектештик билдирген акциялар бир катар чет өлкөлөрдө өттү. Литвада уюштурулган «Эркиндик жолу» деген иш-чарага отуз миңдей адам катышты. Алар баш калаа Вильнюстан Беларустун чек арасына чейин чынжыр болуп тизилип турушту. Алардын катарына Литванын азыркы президенти Гитанас Науседа аялы менен жана өлкөнүн мурдагы лидерлери Валдас Адамкус, Витаутас Ландсбергис, Даля Грибаускайте да кошулушту.

Литвадагы акциянын катышуучулары. 23-август, 2020-жыл.
Литвадагы акциянын катышуучулары. 23-август, 2020-жыл.

Мындан 31 жыл мурун дал ушул күнү Советтер Союзунан боштондукту каалаган эки миллиондой адам Таллин, Рига жана Вилньюс ортосунда тизилип туруп, акция өткөрүшкөн.

Москвада акция беларус элчилигинин алдында өттү. Ал жакка чыккан 150дөй кишинин он бирин полиция кармап кеткенин митингдерге көз салган "ОВД-Инфо" сайты жазды.

Лондондо да ондогон адам беларус элине тилектештик билдирип, көчөгө чыкты.

Шайлоодон кийинки толкундоолор

Беларуста толкундоолордун башталганына 14 күн болду. 9-августта өткөн шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткандар митингге чыгып, аларды полиция күч менен таркаткан. Миңдеген киши камалып, үч адам кагылышууларда каза болду.

Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундардын, митингдер маалында кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, акциянын катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аткаминерлердин отставкасын талап кылышууда.

Ал шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, 26 жылдан бери бийликте отурган 65 жаштагы Лукашенко добуштардын 80% алып, жеңишке жеткен. Бирок жарандык коом бийлик добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалаганын билдирип, анда оппозициянын талапкери Светлана Тихановская жеңген деп эсептейт.

Добуш берүүнүн эртеси күнү Литвага чыгып кеткен Тихановская 22-августта бир катар эл аралык маалымат каражаттарына англис тилинде маек куруп, беларус эли бир жыл ичинде өзгөргөнүн жана алар "өз укуктары үчүн күрөштү улантышы абзел экенин" билдирди.

XS
SM
MD
LG