Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Үч аял Лукашенкого каршы шайлоого аттанды


Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановская (ортодо), Вероника Цепкало (оң жакта) жана Мария Колесникова. 17-июль, 2020-жыл.
Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановская (ортодо), Вероника Цепкало (оң жакта) жана Мария Колесникова. 17-июль, 2020-жыл.

Светлана Тихановская, Вероника Цепкало жана Мария Колесникова биригип, Беларусту 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенкого каршы чыгышты.

Үч аялдын бирөөсү - Светлана Тихановская гана расмий талапкер. Ал эми Вероника Цепкалонун күйөөсү, Беларустагы Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Валерий Цепкалону Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон өткөргөн эмес. Мария Колесникова катоодон өтпөй калган дагы бир оппозиционер, учурда камакта жаткан Виктор Бабариконун шайлоо штабынын координатору.

Шайлоого оппозициядан бир гана Светлана Тихановская барары белгилүү болгондон кийин үч штаб «байыртадан бери келаткан диктатордук режимди жеңүү үчүн» биригип, шайлоо өнөктүгүн баштады

"Беларус эли эркин мамлекетте жашоону каалайт"

19-июлда башкалаа Минскте жана Дзержинск шаарларында Тихановскаянын алгачкы үгүт акциялары өттү. Минсктеги митингге «Весна» укук коргоо уюмунун эсеби боюнча жети миңден ашуун киши катышты.

Тихановская өз сөзүндө бийлик коркконунан Бабарико менен Цепкалону шайлоого өткөрбөй койгонун айтты.

"Беларус бийлигине талапкерлер эмес, эл коркунуч жаратып жатат. Мындан ары басмырланып жашоону каалабаган беларус эли. Алар адамдарды ойлоп табылган себептер менен көчөдө кармап, автозактарга сүйрөп салып, түрмөгө камаган өлкөдө эмес, эркин мамлекетте жашоону каалашат".

Мыйзамга ылайык, талапкер күбөлүгүн алган Тихановская үгүт өнөктүгүн өткөрө алат. Ошол себептен бийлик ага тоскоолдук жарата алган жок. Ал эми күч түзүмдөрү кийлигишпей, жөн гана көз салып турушту.

Тихановскаяны колдоп чогулгандар. 19-июль, 2020-жыл. Минск.
Тихановскаяны колдоп чогулгандар. 19-июль, 2020-жыл. Минск.

Акция өтүп жаткан аймакта мобилдик байланыш жана Интернет үзгүлтүккө учурап, журналисттердин ишине тоскоолдук жаратты. «Азаттык» радиосунун беларус кызматы жана "TUT.BY" порталынын кабарчылары акцияны жеринен түз чагылдыра албай убара болушту.

Тихановская беларус шайлоочулары өз тандоосу үчүн күрөшүүгө даяр болушу керек экенин билдирди. Үч аял биргеликте жүргүзүп жаткан өнөктүктүн башкы талаптарынын бири - саясий жана экономикалык себептер менен камакта жаткандарды эркиндикке чыгаруу. Ошондой эле алар элди шайлоого катышып, өз добушун берүүгө, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого жол бербөөгө чакырып жатышат.

Тихановская, Цепкало жана Колесникова

37 жаштагы Светлана Тихановская майдын соңунан бери камакта жаткан блогер Сергей Тихановскийдин жубайы.

Жазында Тихановскийдин демилгелүү тобунун шайлоого катышуу боюнча жазган арызын Боршайком четке каккан. Мындан соң анын жубайы Светлана өз талапкерлигин коюуну чечкен. Ага кол топтоо акцияларынын биринде Сергей Тихановский кармалган. Блоггерди "коомдук тартипти бузган жана шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишкен" деп айыпташууда.

Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановская. 19-июль, 2020-жыл. Минск.
Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановская. 19-июль, 2020-жыл. Минск.

Вероника Цепкалонун жолдошу Валерий Цепкалону Боршайком «жетиштүү кол топтой албаганы үчүн» талапкер катары каттаган эмес.

Кесипкөй дипломат, юридика илимдеринин кандидаты, Беларустагы Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Валерий Цепкалонун штабы Тихановскаяны колдоп чыкты.

Вероника Цепкало шайлоодогу мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн атайын IT платформа негизделип жатканын билдирди. Анын айтымында, IT долбоорду түзүүгө ар кайсы мамлекеттерде, анын ичинде Беларус, Чехия, Германияда жашаган эки жүздөй беларус жарандары катышып жатат. Ал платформа добуштардын жыйынтыгын бурмалоону минималдаштырууга жардам бериши керек.

Мария Колесникова бул жолку шайлоодо президент Лукашенконун негизи атаандашы болушу мүмкүн деп жоромолдонгон мурдагы банкир Виктор Бабариконун шайлоо штабынын жетекчиси. Бабарико учурда камакта. Ал 18-июнда Минск шаарында кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Мамлекеттик органдар Бабарикону «чет жакка акча чыгарган, мыйзамга каршы ишмердикти башкарган» деп айыптап жатат. Мурдагы банкир бул дооматтарды четке кагып, саясий мүдөөсү бар экенин билдирип келет.

Эл аралык мунапыс уюму Бабарико жана аны менен чогуу камалган уулу Эдуардды "абийир туткуну" катары тааныган.

Саясат таануучу Артем Шрайбман үч аялдын биригишин символикалык кадам катары баалайт. Ал бул коалиция Лукашкенкого каршы маанайдагы электоратка кандайдыр бир дем берет деген ойдо. Ал эми политолог Валерий Карбалевич Александр Лукашенко "азырынча Тихановскаядан корккон жок" деген пикири менен бөлүштү.

Лукашенко: Армияда кызмат өтөгөн адам президент болушу керек

Бир ай мурда Беларус президенти Александр Лукашенко Конституция "аял президент үчүн ылайык эмес экенин" айткан.

Аялдар жетектеген үч штаб бириккенден кийин жасаган билдирүүсүндө президент "армияда кызмат өтөгөн гана адам президент боло алат" деген жобону Конституцияга киргизип коюуну сунуштады.

«Эгер аял шайлоого аттанса, биз аны алдын ала Витебсктеги бригадага кызмат өтөөгө жиберебиз. Ал БТРди танктан, БМПдан айырмалай билиши керек».

Лукашенко буга чейин каршылык акциялардын артында "тышкы күчтөр” турганын айткан.

Бул жолку шайлоо өнөктүгү абдан катаал болуп жатканын байкоочулар белгилеп жатышат. Жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын эсебинде, март айынан бери нааразылык акцияларында жети жүздөн ашуун адам кармалды. Алардын 120дан көбүнө административдик айып салынды. Саясий туткундардын саны жыйырма бешке жетти. 67 жаштагы Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG