Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Беларуста президенттикке беш талапкер аттанды


Минскиде БШКнын чечимине каршы топтолгондор, 15-июль, 2020-жыл.
Минскиде БШКнын чечимине каршы топтолгондор, 15-июль, 2020-жыл.

Беларуста Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине жүздөгөн адамдар каршы чыкты.

15-июлда беларустар Минск шаарындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына тизилип, бул органдын президенттикке көз карандысыз талапкерлерди каттоодон өткөрбөй койгон чечимине каршы арыз жазышты.

14-июлда БШК 15 талапкердин ичинен өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко менен башка төрт адамды гана каттоодон өткөргөн.

Лукашенконун башкы атаандаштары – банкир Виктор Бабарико менен Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Виктор Цепкалого президенттик шайлоого катышууга бөгөт коюлган.

“Белгазпромбанктын” мурдагы башчысы Бабарико коррупцияга айыпталып камакта жатат. Ал эми Цепкалону комиссия "100 миң кол топтой алган жок" деп каттоодон өткөрбөй койду.

БШКнын чечимине каршы бир катар шаарларда жүздөгөн беларустар каршылык акцияларына чыккан.

"Весна" укук коргоочу уюмунун маалыматы боюнча Минск, Брест, Гомел, Гродно, Пружана, Бобруйск, Солигорск, Столбцы шаарларында бери дегенде митинге чыккан 280дей адам камакка алынган.

Тергөө комитети аларга каршы коомдук тартипти бузган топторду уюштуруу жана мындай иш-чарага катышуу беренелери боюнча кылмыш иштерин козгогон.

Беларустагы укук коргоочулар шайлоо өнөктүгү башталгандан бери саясий куугунтукка кабылып, камакка алынгандардын саны кескин көбөйгөнүн айтып, эл аралык коомчулукту буга көңүл бурууга чакырып жатышат.

Минскидеги Хельсинки комитети менен "Весна" уюмунун маалыматы боюнча шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 700дөн ашуун адам кармалып, административдик камакка алынып, айып пул тагылган.

Социалдык-экономикалык жана саясий изилдөөлөр боюнча көз карандысыз институтунун башчысы Олег Манаев Беларуста демократиялык баалуулуктарды камсыздаган бир дагы институт иштебей калганын айтты:

"Беларуста эркин шайлоо деген жок. Азыр өткөрүлүп жаткан президенттик өнөктүк муну дагы бир жолу тастыктап жатат. Бир талапкер абакта, экинчисин каттоодон өткөрүшпөдү, аларды колдогондорду камап жатат. Экинчиден, Беларуста жыйырма жылдан бери аткаруу, сот, мыйзам чыгаруу органдарында, бийлик бутактарында саясий күч жок. Үчүнчүдөн, башка өлкөлөрдө адамдардын тынч жыйын өткөрүү же ага катышуу укугун сыйлашат, бизде ал да жок. Төртүнчүдөн, бул эркин маалымат каражаттары. Алар да Беларуста иштебей калды".

Ушу тапта президентикке талапкерлер арасында Лукашенконун башкы сынчысы, азыр абакта отурган блогер Сергей Тихановскийдин аялы Светлана Тихановская, социал-демократиялык партиянын жетекчиси Сергей Черечень, "беларус миллионери" Анатолий Трухановичтин кызы Анна Канопацкая, "Чындыкты айт" жарандык кыймылынын жетекчиси Андрей Дмитриев бар.

Андрей Дмитриев
Андрей Дмитриев

Президенттикке талапкерлердин бири - Европа гуманитардык университетинин бүтүрүүчүсү, "Чындыкты айт" жарандык кыймылынын жетекчиси 41 жаштагы Андрей Дмитриев беларустар шайлоого жигердүү катышып, өздөрүнүн добуштары менен гана абалды өзгөртө алат деп эсептейт.

"Бүгүнкү күндө Лукашенконун башкы атаандаштары – жаңы президентти самаган беларустардын өкүлдөрү. Мен Борбордук шайлоо комиссиясында да ушул сөзүмдү айттым. Мени президентикке шайлашса, биринчи кезекте президенттик жана парламенттик шайлоолорду таза өткөрүүгө жол ачам. Азыркы бийликтин башкы атаандашы- өлкөдө өзгөрүүлөрдү, жаңы президентти каалаган беларустар".

Кийинки талапкер - 43 жаштагы юрист Анна Канопацкаяны саясий серепчилер Лукашенконун "жасалма талапкери" катары сындап келишет. Ал 2016-жылы Улуттук жыйындын Өкүлдөр палатасынын депутаты болуп турганда экс-президентке кол тийбестик макамын берүү мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Канопацкая өзүн "Кремль менен байланышы жок жалгыз талапкер" катары мүнөздөп келет.

"Мен орусиялык куурчак башкаруучулар менен байланышы жок жалгыз талапкермин. Учурда бир гана өзүнүн ресурстарын колдонгон, анын ичинде финансылык көз карандысыз жалгыз талапкермин. Мисалы, Беларус элдик фронту менен Бирдиктүү жарандык партиянын демократ өкүлдөрү сыяктуу ар башка күчтөрдү бириктирген жалгыз талапкермин", - деген Канопацкая "Настоящее время" телеканалына курган маегинде.

Соңку жылдары инвестиция жана консалтинг багытында кризис менежмент боюнча консультант болуп иштеген 35 жаштагы Сергей Черчень башынан президенттик шайлоого "тажрыйба топтоо үчүн" катышып жатканын айтып келген.

Ал эми 38 жаштагы үй кожойкеси, эки баланын энеси Светлана Тихановская Лукашенконун башкы сынчысы атыккан күйөөсү Сергей Тихановский "коомдук тартипти бузду", "шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишти" деп айыпталып, май айында камакка алынгандан кийин президенттик шайлоого катышарын билдирген.

Беларус шаарларында июндан бери адамдар оппозициялык талапкерлерге кол топтоп, бийликке нааразылык акциялары өтүп, социологиялык сурамжылоолор рейтинги кескин түшүп кеткенин көрсөтүп жатканына карабай президент Александр Лукашенко өлкөдө "Майдан уюштуруу аракети жасалып" жатканын, Беларусту эч кимге бербестигин айтып келет.

"Биз тартип, туруктуулук өлкөдөгү өнүгүүнүн өзөгүн түзөрүн унутпашыбыз керек. Майдандар, революциялар бизге жардам бербейт. Биз өлкөбүздү эч кимге бербейбиз", - деген ал 14-июлда бир катар шаарларда өткөн каршылык акцияларынан кийин.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өтөт. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарган 65 жаштагы Лукашенконун маалындагы шайлоолор бир да жолу эркин жана таза өттү деп таанылган эмес. Эл аралык байкоочулар Беларуста шайлоо административдик ресурсту колдонуу, оппозицияны куугунтуктоо менен өтөрүн белгилеп жүрүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG