Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Беларус тумоону жеңбей туруп шайлоо өткөрөт


Мински, 26-май 2020-жыл
Мински, 26-май 2020-жыл

Беларуста пандемия маалында президенттик шайлоо өнөктүгү башталды. 

Беларуста 9-августта өтө турган шайлоого учурдагы президент Александр Лукашенко алтынчы ирээт катышат.

Ал президенттик кызматты 1994-жылдан бери ээлеп келет.

Эл аралык байкоочулар Беларуста шайлоо административдик ресурсту колдонуу, оппозицияны куугунтуктоо менен өтөрүн белгилеп жүрүшөт. Лукашенко «Европадагы акыркы диктатор» деген атка конгон.

Лукашенко өзү шайлоону «татыктуу» өткөрүп берүүгө бел байлап турат. 25-майда ал президенттик шайлоого чейин өкмөттү жаңыртарын айтты.

«Азыр кандай болуп жатат?! Шайлоо өтөт, адамдар сага добуш берет. Андан кийин сен же тууган-туушканыңды, же көңүлгө жаккан адамдарыңды өкмөткө тарта баштайсың. Эл сенин кимдер менен иштей турганыңды алдын-ала көрүшү керек», - дейт Лукашенко.

Александр Лукашенко, 1994-жыл
Александр Лукашенко, 1994-жыл

Өткөн дем алышта Минскидеги борбордук аянтка жүздөгөн адамдар топтолуп, учурдагы бийликке каршылаш талапкерлерге кол топтоп беришкен. Колкап, беткап кийген адамдар социалдык аралыкты сактап тургандыктан, узун кезек бир нече көчөгө созулуп кеткен.

Чогулгандардын көбү Лукашенконун бийликтен кетүүгө убакты-cааты жеткенин айтышкан:

«26 жылдан бери бул адам кайда баратканыбызды, эмне кыларыбызды көрсөтө албады. Кайсы тарапка чуркашты өзү билбейт. Айланасына бир адамдарды топтоп алып, алар такыр башка дүйнөдө жашап жатышат. Элди көрбөй калышты. 500 доллар эмес, 300 рубль айлыкка жашаган адамдарды көрбөй калышты», - деген пикетке катышкан шаар тургуну.

«Биз жакшы жашоону каалап турабыз. Бийлик алмашып кетсе, өзгөрүүлөр болорун түшүнүп турам. Лукашенко чекеге чыккан чыйкандай болуп калпы, популизми менен элди тажатты. Ал элдин азыркы талабына туура келбей калды. Ал биз ансыз эле жашагыбыз келип жатканын түшүнсө жакшы болмок. Оор болот, бирок, биз ансыз эле бир нерсе куруп алабыз», - деди Беларустун дагы бир жашоочусу.

Минскидеги Европа радиосунун саясий серепчиси Максим Горюнов 90-жылдардын башында Лукашенко 81 пайыз добуш менен президенттикке келгенин, анда ал «чынында эл күткөн ажо болгонун» эскерип, андан бери далай суулар акканын белгиледи:

"Беларус, белорусиялык шайлоочу эки жакты көрүп, өзгөрүп, алдыга кетти. Беларус Европа Биримдигиндеги үч өлкө менен чектеш. Мисалы, Минскиден Вильнюска 10 евро төлөп, эки саатта жетип барасың. Беларустардын колунда виза бар. Эми ошол Европадагы жашоо менен таанышып, даамын татып калган беларус өлкөнү ким башкарышы керектигин, талапкерлер ким экенин жакшы түшүнүп калды".

Бул кезде өлкө башчылыгына 15 адамдын талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Алар расмий каттоодон өтүү үчүн 19-июнга чейин 100 миң кол топтошу керек.

Президенттикке талапкерлер - Либерал-демократиялык партиянын лидери Олег Гайдукевич, Гомель облусунда «Суу үстүндө» айыл чарбасын башкарган Юрий Ганцевич, мурдагы милиция кызматкери, азыркы саясий активист Владимир Непомнящих, ишкер айым Наталья Кисель, Социал-демократиялык партиянын жетекчиси Сергей Черечень, Эл өкүлдөр палатасынын мурдагы депутаты Анна Канопацкая, «Чындыкты айт» кыймылынын башчысы Андрей Дмитриев, белгилүү блогер Сергей Тихановскийдин аялы Светлана Тихановская, музыкант жана тату-мастер Алесь Таболич, «Бирдиктүү жарандык партиясынын» өкүлү, мурунку милиция кызматкери Николай Козлов, «Беларус христандарынын демократиясы» партиясынын негиздөөчүлөрдүн бири Ольга Ковалькова, банкир жана меценат Виктор Бабарико менен Лукашенконун мурдагы кеңешчиси, Беларустагы Жогорку технологиялар паркын негиздеген Валерий Цепкало.

Виктор Бабарико
Виктор Бабарико


Бир топ жыл Лукашенконун чет жагында жүрүп, президенттик сыйлыктарга ээ болгон акыркы эки талапкердин аттары бул күндөрү көбүрөөк жаңырып, кызыгуу жаратып жатат.

«Белгазпромбанктын» мурдагы башчысы Виктор Бабарико банк системасына кошкон салымы үчүн Лукашенкодон сыйлык алып, ал эми Валерий Цепкало убагында Лукашенконун шайлоо штабын башкарып жүргөн.

Талапкерлердин арасында өздөрүн «протесттик талапкерлер» деп атап, тагыраак айтканда, Лукашенконун дагы бир жолу «жасалма шайлоо» өткөрүшүнө каршы чыгып жатышканын, добуш берүүдө элдин жарандык активдүүлүгү менен жоопкерчилигин күчөтүү керектигин айткандар бар.

Алардын бири күйөөсү - белгилүү видеоблогер Сергей Тихановский Беларусту кыдырып, эл менен жолугуп жүргөндө «уруксат берилбеген акцияга катышты» деп айыпталып, 15 күнгө камакка алынган Светлана Тихановская.

Буга чейин оппозициячыл партиялар - «Беларус элдик фронту» менен солчул маанайдагы «Адилеттүү дүйнө» партиялары президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

«Илдетке чалдыккандардын саны кыйла аз катталган Европа өлкөлөрү шайлоо өңдүү массалык иш-чараларды жылдырып жаткан чакта шайлоо өткөрүү өтө кооптуу», - деген билдирүү таркаткан «Беларус элдик фронту».

Учурда Беларуста коронавирус 38 миң адамга жугуп, 208 адам каза тапты.

Расмий Минск пандемия маалында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус илдетине кабылгандар көбөйүшү мүмкүн деп эскерткенине карабай, 9-майда Жеңиш күнүнүн урматына аскердик парад өткөргөн. 11 миң кишини батырган трибуна жык толуп, Минскидеги борбордук мемориалга кеткен жолдун боюна эл топтолгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG