Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Минск-Москва: пандемия маалындагы дымак


Минскиде өткөң парад. 9-май, 2020-жыл.
Минскиде өткөң парад. 9-май, 2020-жыл.

Беларус пандемия маалында Жеңиш күнүнүн урматына аскердик парад өткөрдү. Ал эми Москва бул майрамды кийин белгилемей болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус илдетине кабылгандар көбөйүшү мүмкүн деп эскертип жатканына карабай, Беларус бийлиги 9-майды өзгөчө шаң менен белгиледи.

9-майда Минскиде өткөн парадга куралдуу күчтөрдүн 4 миңдей жоокери, 170тен көп аскердик техника, учактар менен тик учактар катышты.

“Бул маанилүү датаны Беларус оңой эмес кезде белгилеп жатат. Бирок азыркы кыйынчылыктарды фашизмден куткарган эр жүрөк муун туш болгон түйшүк, жоготуулар менен салыштырып болбойт”, - деди президент Александр Лукашенко.

Парадды мамлекеттик телеканал түз көрсөттү. 11 миң кишини батырган трибуна жык толуп, Минскидеги борбордук мемориалга кеткен жолдун боюна эл топтолуп турду. Лукашенко баш болгон жетекчилер жана ардагерлер беткап тагынган жок.

Беларус пандемияга карабай парад өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

9-майга карата өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 21 миңден ашты, 121 киши оорудан өлдү.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун Беларустагы өкүлү Батыр Бердыклычев “Настоящее время” телеканалына берген интервьюда марттын аягынан бери илдеттин өсүү статистикасы Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң жогору болуп келатканын, бул көрүнүш дагы сакталат деп болжолдоого болорун айтты:

ДССУнун Беларустагы өкүлү Батыр Бердыклычев
ДССУнун Беларустагы өкүлү Батыр Бердыклычев

«Элдин көп топтолушу вирустун бир кишиден экинчисине жугуу, эпидемиянын жайылуу коркунучун жогорулатат. Мындай массалык иш-чараларда адамдар ортосунда зарыл болгон бир жарым же эки метр аралыкты сактоону камсыздоо мүмкүн эмес. Оорунун симптомдору байкалгыча инкубациялык мөөнөт эки жумадай болот. Теориялык жактан алганда эки-үч жумадан кийин иш-чаранын кесепети сезиле баштап, бейтаптардын саны көбөйүшү ыктымал».

Президент парадга эч кимди күчтөп алып келбесин буга чейин билдиргени менен, студенттердин арасынан жетекчилик иш-чарага катышса, акча же окуудан жардам берилерин убада кылышканын айтып чыккандар болгон.

Саясат таануучу Александр Класковский беларус президенти бул учурдан пайдаланып орус президентинен ашып өтүүнү көздөйт деген пикирде.

«Лукашенко "Москвадагы айрым кишилер улуу жеңишти менчиктеп алгылары бар" деп бир нече жолу сындаган. Эми элестетсеңер, Путин парадды өткөрбөө чечимин кабыл алууга мажбур болгон маалда Лукашенко пиар жагынан андан озуп чыкты».

Минскидеги парад. 9-май, 2020-жыл.
Минскидеги парад. 9-май, 2020-жыл.

Анткен менен Минскинин бардык эле тургундары парад уюштурууну жактырган жок. Кээ бирлери пандемия маалында мындай иш-чараны жанкечти гана уюштурат дешет.

«Биздин президент жанкечти, анын аскерлери да жанкечтилер. Өздөрү үчүн өткөрө беришсин. Мээси ордунда болгон адамдарга анын кереги жок», - дегендер да болду.

Анын үстүнө парад бир топ эле чыгашалуу иш-чара. Аскердик эксперт Александр Алесин «Азаттыктын» беларус редакциясы менен маегинде эң көп каражат борбор шаардын үстүнөн учкан учактардын майына кетерин айтты.

«Парадга даярданууну да кошуп эсептегенде авиация ар бир учакка керектеген бир нече тонна отундун баасы миңдеген долларга жетет», - деди эксперт.

Анын айтымында, ошончо акчаны ыктыярчылар Гомелдеги облустук оорукана менен Минскидеги онкологиялык диспансерде иштеген дарыгерлерге сапаттуу респираторлор жана башка коргонуучу каражаттарды сатып алууга жумшашкан.

Ошол эле маалда Минск шаарынын аткаруу кеңеши инфекцияларды, анын ичинде COVID-19 илдетин алдын-алуу максатында деп, коомдук уюмдарга «Өлбөс полктун» жүрүшүн уюштурууга тыюу салды.

Ал ортодо 8-майда беларус парламентинин өкүлдөр палатасы президенттик шайлоону 9-августка белгиледи.

Путин аскердик кубатты күчөтүүгө убада берди

Жыл сайын 9-майдагы парадга 500 миллион рублдай сарптаган Москва быйыл пандемияга байланыштуу Жеңиштин 75 жылдыгына пландалган бир топ иш-чараларды токтотту.

Орусиянын кээ бир шаарларында аскердик авиациянын параддары менен майрамдык салюттар гана уюштурулду.

Таң эрте Александр багындагы Белгисиз аскердин эстелигине гүлчамбар койгондон кийин президент Владимир Путин аскер кызматкерлери менен ардагерлерди куттуктап, аскердик кубаттуулукту мындан да күчөтүүгө убада берди:

«Согуштун сабактары биздин эсте. Флот менен армияны өнүктүрүү боюнча бардык пландар ишке ашырылат. Мындан эч ким күмөн санабашы керек. Биздин аскердик күчтөр заманбап техника менен камсыз болуп келген жана камсыздала берет. Биз билебиз, башкы курал - ишенимдүү колдо».

Орусия коргоо тармагына көп акча короткон беш өлкөнүн катарында. Стокгольмдогу Тынчтыкты иликтөө эл аралык институтунун (SIPRI) жаңы баяндамасына ылайык, былтыр Москванын аскердик чыгымдары 65 миллиард доллардан ашкан жана бул мурдагы жылга караганда 4,5% көп. Орусия мурдагы жылкы көрсөткүчтөрү менен былтыр бул тизмеде алтынчы орунда турган, быйыл АКШ, Кытай, Индиядан кийин төртүнчү орунга көтөрүлгөн.

Путин коронавирус пандемиясынын коркунучу аяктагандан кийин Жеңиштин 75 жылдыгын татыктуу белгилөөгө сөз берди. Жүздөй аскер катышкан чакан парад оркестрдин коштоосунда өттү.

Москванын мэри Сергей Собянин Москва бул датаны кийин өзгөчө салтанат менен белгилей турганын айтты.

Ал эми «Өлбөс полк» маршы бул ирээт онлайн өтүп, орусиялыктар согушка катышкан жакындарынын сүрөтүн соцтармактарга бөлүшүү менен чектелишти.

Белгилүү орусиялык режиссер Александр Сокуров "Азаттыктын" орус кызматына курган маегинде Жеңиш күнүн аскердик кубаттуулукту жар салган парадсыз эле белгилөө керек экенин айтты:

«Мен кээ бир көп каражат сарпталган мамлекеттик салтанаттардын маанисин түшүнбөйм. Эскерүүнүн жаңы жолун табууга мезгил жетти. Бул Жеңиш үчүн кандай курмандыктар болгонун эстен чыгарбашыбыз керек. Мен муну чоң утуш эмес, курмандык катары кабыл алам. Согуштун кесепетин биз дагы деле сезип турабыз, курмандыкка чалынган өмүрлөрдү эске алсак, Жеңишке "улуу" деп баа берүүгө болбойт. Бул аябай кылдат ой жүгүртүп, кабылдоону талап кылат. Бирок өлкөдөгү бүгүнкү саясий кырдаал бул согуштагы жеңиштин баасын аңдап, анык баа берүүгө тоскоолдук кылат».

Ал эми Санкт-Петербургдагы Европа университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Альберт Байбурин 9-май - Жеңиш күнүн кабылдоонун, белгилөөнүн мааниси акыркы кезде такыр өзгөрүп кеткенин белгиледи:

«Ар бир майрамдын расмий же мамлекеттик жана элдик маанилүүлүгү болот. Согуш бүткөн жылдары совет жарандары бул майрамды биринчи кезекте трагедияны эскерүү катары кабыл алышчу. Милитаризмдин белгиси болгон аскердик параддар кийин эле пайда болгон. Эң биринчи парад 1945-жылы 9-майда өтсө, кийинкиси 20 жылдан кийин 1965-жылы гана өткөрүлгөн. 1947-жылга чейин 9-май эс алуу күнү катары белгиленсе, 1965-жылга чейин жумуш күнү болуп, эч кандай аскердик парад өткөрүлгөн эмес», - деген Байбурин «Настоящее время» телеканалына курган маегинде.

Орусияда 75 миңдей согуш ардагери бар. Бул күндөрү Санкт-Петербургда жашаган 97 жаштагы ардагер Зинаида Корнева ​согуш жылдарындагы эскерүүлөрүн видеого тартып Интернетке чыгарып, азыркы кезде адам өмүрү үчүн күрөшүп жаткан догдурларга каражат топтоодо.

Быйыл Орусияда согуш ардагерлерине 75 миң рублдан көмөк көрсөтүлгөн. Владимир Путин Абхазия, Түштүк Осетия жана Приднестровьеде жашаган, колдорунда орус паспорту бар Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине да 75 миң рублдан бөлүүнү буйруган.

Кремлге ыктаган Приднестровье 1992-жылы Молдовадан, ал эми Абхазия менен Түштүк Осетия 2008-жылы Грузиядан бөлүнүп, өздөрүнүн эгемендигин жарыялашкан. Бирок булардын көз карандысыздыгын БУУ жана эл аралык коомчулук тааныган эмес.

Ушу тапта Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 200 миңге чамалады. 32 миң адам оорудан айыгып, 1827 өлүм катталды. Москвада ооругандардын саны 123 миңден ашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG