Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Москва эпидемиянын очогуна айланды


Москванын мэри Сергей Собянин. 7-май, 2020-жыл.
Москванын мэри Сергей Собянин. 7-май, 2020-жыл.

Орус башкалаасынын мэри Сергей Собянин бейшембиде “Россия 24” телеканалына берген интервьюда шаар тургундарынын 2-2,5 проценти же 300 миңдей киши коронавирусту жугузуп алганын билдирди.

15 миллион калкы бар борбор шаар Орусиядагы эпидемиянын очогуна айланган. Өлкөдө оору жугузганы аныкталган бейтаптардын жана өлгөндөрдүн жарымынан көбү Москвага туура келет.

COVID-19га каршы оперативдүү штабдын маалыматына ылайык, башкалаада инфекцияны алып жүргөн 92 миң 676 киши катталган. Москва облусунда илдетке кабылгандардын саны 17 миңден ашты. Ошентип, Собянин атаган сан расмий айтылгандан үч эсе көп.

Мэр ооруп калгандардын көп табылып жатышын кемчилик эмес, тескерисинче оң көрүнүш катары баалады жана муну анализдерди текшерүү көбөйгөнү менен түшүндүрдү.

Орусияда, 7-майдагы маалыматка караганда бардыгы болуп 4,8 миллиондон көп тест жасалган.

Бир суткада инфекция жуктурган 11 миң 231 киши аныкталып, жалпы сан 177 миңден ашты. Өлкө COVID-19 боюнча Германия жана Франциядан озуп чыгып, дүйнөдө бешинчи орунга көтөрүлдү.

Буга чейин дээрлик бир апта бою вирусту жугузуп алгандардын саны күнүнө 10 миң кишиден түшпөй келаткан. Ошол эле маалда коронавирус козгогон илдеттен 1 миң 625 киши каза болду. Салыштыра кетсек, Францияда болжол менен ошончолук эле кишиде вирус аныкталганы менен өлгөндөрдүн саны 26 миңге чукулдады.

Кээ бир эксперттер орус бийлиги эпидемиянын чыныгы кесепеттерин жаап-жашырганын, COVID-19дан каза тапкандарды аныктоо туура эмес жүрүп жатканын сындашат.

Өлкөнүн расмий өкүлдөрү дооматтарды четке кагып, пандемиянын толкуну Орусияны дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө караганда кечирээк каптаганын, даярданууга көбүрөөк убакыт керектигин айтышууда.

Москванын мэри белгилегендей, шаарда акыркы эки жумада ооруканаларга жаткырылган адамдардын саны өскөн жок. Калаа башчы 12-майдан тарта өнөр жай жана курулуш ишканалары иштей баштарын айтып, миллиондогон кишинин жумушсуз, демек акчасыз отурганы эпидемиядан кем калбаган кыйын кырдаал жаратарына басым жасады.

Ошол күндөн баштап шаар тургундары коомдук транспортто беткап тагынып, мээлей кийип жүрүүгө милдеттүү болот.

Бул эрежени сактабагандар административдик беренеге ылайык, 4 миң рубль (45 доллардай ) айып пулга жыгылат. Электрондук пропуск өңдүү чаралар да өзгөрүүсүз кала бермекчи.

Буга чейин Орусиянын 59 аймагында беткапты милдеттүү түрдө тагынуу эрежеси киргизилген. Айрым жерлерде аралыкты сактоо, беткап, иш орундарды дезинфекциялоо өңдүү талаптардын аткарылышы видеокамералар аркылуу көзөмөлдөнүп турмакчы.

Кээ бир маалымат каражаттары бир катар өлкөлөрдүн тургундары беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирилгени менен бир да жерде видеоаналитика колдонулбаганын белгилешет.

Москва шаарынын тургундарына үйдө отуруу көсрөтмөсү бергилгенине алты жума болду. Сыртка азык-түлүк же дары-дармек сатып алуу үчүн гана чыгууга уруксат берилет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG