Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Орус үй-бүлөлөрүндө зомбулук күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда 10-апрелден бери үй-бүлөлүк зомбулукка даттангандар эки жарым эсе көбөйгөнүн омбудсмен Татьяна Москалькова шейшембиде билдирди. Айрым укук коргоочулар өлкөдө бул маселеге жетиштүү көңүл бурулбай жатат деп эсептешет.

РИА «Новости» агенттигине берген интервьюсунда Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова март айында үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан 6 054 учур катталса, апрелде 13 миңден көп маалымат түшкөнүн айтты.

Ал маалыматтар журналисттерден жана коммерциялык эмес уюмдардан алынат. Омбудсмендин аппараты ошондой эле маалымат каражаттарында жарык көргөн материалдарга көз салып турат. Москалькованын айтымында, алардан абал чындап эле өкүнүчтүү деген тыянак чыгарса болот.

Карантин маалында кырдаал ого бетер кыйындады. Зомбулукка туш болгондор кадимкидей коркушат.

Буга чейин РИА «Новости» агенттиги аялдардын кризистик борборлорунда сурамжылоо өткөргөндө карантин шартында чоң муштум күйөөлөрүнөн запкы чеккендер, жардам сурап кайрылгандар көбөйгөнү байкалган.

Орусиялык адвокат жана укук коргоочу Алена Попова «Associated Press» агенттигине айтып бергендей, «карантин маалында кырдаал ого бетер кыйындады. Зомбулукка туш болгондор кадимкидей коркушат. Алар өздөрү, балдары көп учурда агрессор менен бир үйдө турушат. Ал батирлер адатта чакан болот. Обочолонуу мүмкүн эмес. Жада калса Москвада полицияга телефон чалып жардам сурашканда «генерал чыкпоого буйрук берген» дешет же «карантин болгон үчүн барбайбыз» деп жооп беришет».

Алена Попова.
Алена Попова.

«Орусияда бул мүшкүлгө кайдыгер мамиле кылышат. «Бизде салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктар бар, андан аркысын өзүңөр чечкиле» дешет. «Полиция кызматкерлери да адамдар, алар вирусту жугузуп алышы мүмкүн» деген жооптор болот. Алар иттерин көчөгө чыгарган адамдарды гана кармашат. Ал эми үйдөгү зомбулуктан жапа чеккендер чалса, барбай коюшат. Орус бийлиги коронавирус жайылып жатса, андай маселе анда маанилүү эмес деп көз жаздымда калтырып коёт», - деп сөзүн улантты Алена Попова.

Бир нече апта мурун Мамлекетик Думанын үч депутаты, үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы мыйзам долбоорунун авторлору вице-премьер-министр Татьяна Голикованы пандемия маалында үйдөгү чатактардан запкы көргөндөрдү коргоо боюнча шашылыш чара көрүүгө чакырышкан.

Тилекке каршы карантин башталып, адамдардын көбү иштебей, сыртка чыкпоого аргасыз болгон кезде үй-бүлөлүк зомбулук дүйнөнүн ар тарабында күч алган.

Алар иттерин көчөгө чыгарган адамдарды гана кармашат. Ал эми үйдөгү зомбулуктан жапа чеккендер чалса, барбай коюшат.

Бул тууралуу өткөн айдын башында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да видео кайрылуусунда билдирген. Анын айтымында, кээ бир өлкөлөрдө социалдык кызматтарга кайрылып колдоо сураган аялдар эки эсе көбөйдү. Ал эми тартип коргоочулар менен медициналык мекемелер ушу тапта коронавирус пандемиясы менен алек болуп жатышат. Түрдүү кризистик борборлор менен башка өкмөттүк эмес уюмдардын чамасы чектелүү. Ошентип зомбулуктун курмандыктары өзү менен өзү калышат.

Чындап эле бир топ өлкөлөрдө абал аянычтуу. Алсак, укук коргоо уюмдарынын маалыматтары боюнча Украинада апрель айында жакындарынын зөөкүрлүгүнөн жапа чегип жардам сурагандар эки эсе көп болду. Бирок Ички иштер министрлигинин статистикасы алардыкынан айырмаланат. Психологдор аялдар көпчүлүк учурларда тартип коргоочуларга кайрылышпасын, айланадагылар билбесин деп таяк жегенин жаап-жашырууга аракет кылышарын айтышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG