Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-май, 2020 жума, Бишкек убактысы 05:57

«Карантинде күйөөмдүн урганы күчөп кетти...»


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөдө зордук-зомбулук күч алды. Кыргызстанда да укук коргоочулар күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын саны өскөнүн айтышууда.

Өткөн жумада Кыргызстандагы маалымат каражаттары мурда президенттик аппаратта иштеп кеткен адам аялын катуу сабаганын жазышты. Анын бул жоругу жабырлануучу ооруканага түшкөндөн кийин гана белгилүү болгон. Адистер карантин маалында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдар жана балдар көбөйгөнүн белгилешүүдө.

"Кайын-журтум да кол көтөрө баштады"

Ысык-Көл облусунун тургуну Айжамалдын турмушка чыкканына беш жыл болгон. Келин турмуш курган күндөн тарта жонунан таяк кетпегенин айтып берди:

"Күйөөм милиция кызматкери. Жини келсе эч кимди аябайт. Бир жолу бирөөнү катуу сабап салган экен. Турмушка чыккан күндөн бери эле мени төпөштөп келет. Бирок балдарымды аяп кете алган эмесмин. Өткөндө урганда ичим түйүлүп калды. Кусуп, кыйналдым, көрсө мээм чайкалыптыр".

Айжамал азыр эки жана үч жаштагы балдарын карап иштебейт. Карантин учурунда кайната, кайненеси баш болуп үй-бүлө мүчөлөрүнүн дээрлик баары үйдө отурат. Мындан улам чыр-чатак мурдагыдан да күчөгөнүн белгиледи:

"Мурда күйөөм менен эле урушсам, азыр ага кайын-журтум кошулуп, кээде кол көтөргөнгө өтүштү. Кайненем чаап жиберди баягыда. Кайынсиңдим баскан-турганымды аңдып турат. Кечээ уруша кеттик эле, көчөгө чыгарып салышты. Милицияга арыз жазсам, карантин бүткөндө каралат дешти".

Дагы бир биздин каарманыбыз Бишкек шаарынын тургуну Айсулуу баштан кечирген кордугун купуя катка жазып жөнөткөн экен.

"Үйдө кайын-журтум, жолдошум баары бар. Күйөөм курулуш тармагында иштейт. Азыр иши токтоп, үйдө. Мен бала менен иштебейм. Кайненем, кайынсиңдим да үйдө. Алар үйдө отургандан бери урушубуз күчөп кетти. Башында жолдошумду аяп, "иши жок зерикти, акча, тамак-аш түгөнүп жатса жинденет да" деп өзүмдү сооротком. Бирок чатак күндөн күнгө ырбай берди. Ага кайынсиңдим кошулду. Ал менден бир жаш улуу. Жол жабык болгондуктан төркүнүмө да кете албайм. Мурда курбуларыма чалып, арыз-муңумду айтып, сооронуп алчу элем. Азыр эми баары үйдө. Эки бөлмөлүү батирде турабыз, кыбыр эткендин баары угулат".

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекованын айтымында, карантин учурунда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күчөп, аларга кайрылгандардын саны өскөн:

Дарика Асилбекова.
Дарика Асилбекова.

"Бизге тынбай чалып жатышат. Ушу тапта зордук-зомбулукка, чыр-чатактарга себеп болгон башкы нерсе - күнүмдүк иштер токтоп, элдин азык-түлүктөн мукурап отурганы. Мунун айынан аялдар күйөөсү менен урушуп жатканын айтып, чалышат. Үйдө тамак жоктугу үчүн аялын күнөөлөп, урушкан эркектер да бар. Бизде аялдардын көбү күнүмдүк жумушта иштей турганын ушул карантин маалында билип отурабыз. Азыр алар ишсиз, балдары менен кыйналып жатат".

Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда карантинден улам үйүнөн чыга албай калган аялдар зөөкүр күйөөлөрүнүн ур-токмогуна, психологиялык басымына кабылып жатат.

Укук коргоочу Авазкан Ормонова азыркы кырдаал кризистик борборлор өлкөдө жетишсиз экенин көрсөттү деген ойдо:

"Мына жөнөкөй эле мисал, Ош облусу боюнча бир канча кризистик борборлор ачылган, бирок алардын бирөөндө гана баш калкалоочу жай бар. Ушу тапта жабырлануучу аялдар зөөкүр күйөөсү менен керелден-кечке бир үйдө. Эч жакка кете албайт, жардам сурап, чала да албайт. Транпорт, блок-посттордон өтүү маселеси да бар. Ошол эле учурда кризистик борборлор дезинфекция болгонбу, кызматкерлеринде коргоочу каражаттар жетиштүүбү деген маселе да бар".

Авазкан Ормонова жагдайга байланыштуу онлайн колдоо көрсөтүүнү колго алуу керектигин кошумчалады.

Гүлшат Асылбаева.
Гүлшат Асылбаева.

Ал ортодо Кыргызстанда күйөөсүнөн кордук көргөн аялды коргоонун жаңы механизми сунуш кылынууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева Жоруктар жөнүндө кодекске кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Депутат аялына зомбулук көрсөткөн кишини 15 суткага чейин камакка алуу керек деп эсептейт. Азыркы мыйзамдар боюнча милиция үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү дароо камай албайт.

Коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткан аялдардын абалы 1-апрелде Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Анда Гүлшат Асылбаева аялдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулса, үйүнөн чыгышына уруксат берүүчү норма каралабы деп суроо салган.

«Милдеттүү түрдө изоляцияда болуу үй-бүлөлүк зомбулук проблемасын күчөттү. Агрессивдүү түгөйлөрү менен камалып отурган аялдарга оор сыноо болууда», - деген депутат Гүлшат Асылбаева.

Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов буга үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иштер жер-жерлерде жүрүп жатканын айтып жооп берген.

Коронавирус маалындагы зомбулук

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөдө зордук-зомбулук күч алды. Адистердин айтымында, адамдар көнүп калган шартынан оолак, үйүндө чыкпай отурууга аргасыз болгон шартта эмоцияларын жакындары менен балдарынан чыгара баштаган.

Коронавируска байланыштуу кырдаал аялдарга карата зомбулук бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө да курчуган. Бул маселени БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш ушул айдын башында айтып чыгып, «кыздар жана аялдар үчүн эң коопсуз деп саналган өз үйлөрү эң коркунучтуу жерге айланды» деп белгиледи.

Антониу Гуттериш.
Антониу Гуттериш.

«Мен бардык өкмөттөрдү СOVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча улуттук пландарына аялдарга каршы жасалган зордуктун алдын-алууну жана бул багытта чара көрүүнү негизги бөлүк катары киргизүүгө чакырам. Бул онлайн кызматтарга жана жарандык коом менен иштешкен уюмдарга инвестиция бөлүү дегенди билдирет. Ошондой эле кылмышкерлер сот системасы аркылуу жазаланууга тийиш».

«Америка добушу» радиосунун маалыматына караганда аялдар өзгөчө Францияда жана Түштүк Африкада үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жатканы байкалган.

Түштүк Африкада бийликтин маалыматына караганда, карантиндин алгачкы бир аптасында эле 90 миң кайрылуу түшкөн. Пандемия башталгандан бери Ливанда жана Малайзияда жардам сурап кайрылган аялдар эки эсе көбөйгөн. Ал эми коронавирус алгач жайылган Кытайда мындай маселенин айынан телефон чалгандар үч эсеге өскөн.

Кыргызстанда болсо 2020-жылдын башынан бери бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып, өрт койгон эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберди. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөнү тууралуу маалымат тараган.

Адистер Кыргызстанда көп учурда жабыркаган аялдар арыз жазбаганы үчүн айрым фактылар ачыкка чыкпай калып жатканын айтышууда.

Расмий эсепке ылайык, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталып, 5 миңден ашуун коргоо ордери берилген. 580 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Мурда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы административдик чара көрүлүп келген. 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген кодекстерде кылмыш жоопкерчилиги каралып, Жоруктар кодексинде онго жакын берене жазылган.

“Сорос” фондунун медиа консультанты Алия Суранова эл аралык тажрыйбаларды эске алып, зомбулуктан жабыр тарткан кыз-келиндер үчүн жардам суроого жаңы ыкмаларды киргизүү керек деп эсептейт:

Алия Суранова
Алия Суранова

"Бул маселе ушу тапта Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзү боюнча курч болууда. Ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай сунуштар киргизилди. Мисалы, вотсап, мессенжер аркылуу зомбулукка кабылган учурда аял өзүн кантип алып жүрүшү керек деген кеңеш-колдонмолорду иштеп чыгып, таратыш керек. Ошондой эле аялдар үчүн жашыруун код иштеп чыгуу зарыл. Аны аял дарыкана же азык-түлүк дукөнүндө айтып, жардам сурай алат. Мына ушундай ыкманы азыр көп өлкөлөр колдонууда".

Быйыл 8-мартта Бишкекте үй-бүлө зомбулугуна каршы «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок калпак жана беткап кийген эркектер тобу келип, уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Бул окуядан кийин жүрүштүн уюштуруучуларына тилектештик көрсөткөндөр экинчи жолу акцияга чыгышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG