Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Баткенде күйөөсү аялын сабап өлтүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде 26 жаштагы үч балалуу келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду.

Кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 31 жаштагы тургуну кармалып, эки айга камалды. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө алты жылдан бери чогуу жашаган аялы менен кер-мур айтышып сабап койгонун айткан. Келиндин жакындары болсо анын көп жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун азабын тартып жүргөнүн айтышууда.

Баткендеги үрөй учурган окуя ушул жылдын 3-январь күнү болгон. Күйөөсүнөн токмок жеп эсинен танган аялды «Тез жардам» Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жеткирген.

Бейтапкананын башкы дарыгери Азизбек Жунусов маркум келин дарыгерлердин колуна жетпей жолдо каза болгонун билдирди. Азизбек Жунусов дарыгерлер маркумдун денесин сыртынан изилдеген учурда көк ала тактар жана бутунда күйүктүн тагы аныкталганын кошумчалады:

- Келинди биздин ооруканага 4-январда түнкү саат 2:00 чамасында алып келишкен. Дарыгерлер дароо эле жүрөгүнүн согушун, кан тамырларын текшергенде каза болгону аныкталган. Денесинде көгала тактар, кандын тактары, шишиктер бар эле. Сырткы изилдөөдөн кийин дарыгерлер келиндин сөөгүн соттук-медициналык экспертизага өткөрүп беришкен.

Милиция кылмышка шектүү катары келиндин күйөөсүн 4-январга караган түнү кармады. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталып, иликтөө иштери башталганын билдирди:

- Бул окуя Баткен шаардык ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми келиндин өлүмүнө шектүү катары анын күйөөсү 4-январга караган түнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Акыркы бир жылда Баткен облусунда күйөөсүнүн таягынан каза болгон аялдар фактысы катталган эмес.

Каза болгон келиндин тууганы Калдарбек Шамшиев анын көп жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, бул окуяга чейин да бир канча жолу күйөөсүнөн токмок жеп ата-энесинин үйүнө келген. Келин жакындарына кайнатасынан да зомбулук көргөнүн айткан экен.

Негизги жараат башында экен. Башын эзип салыптыр.

- Кызыбыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып калды, - деди ал. - Келиндин жашоосуна кайната, кайнененин да кийлигишүүсү бардай сезилет мага. Себеби, биздин кызыбыз Нурсулуу быйыл жаз айларында келгенде «кайнатам дайыма мени сөгөт» деп ыйлаган эле. Таарынып качып келген экен, үйгө кийген кепичи менен. Окуядан кийин мейитканадан маркум кызды өзүм алып чыктым. Таяк жеген жерлерин көрдүм. Негизги жараат башында экен. Башын эзип салыптыр. Ошону менен чектелип калбастан кылмышты жашырыш үчүн келиндин денесине кайнак суу куюп жибериптир. Өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Ал эми кайнатасы Асат Сейдакматов учурда ооруп жатканын айтып, окуя тууралуу айтуудан баш тартты:

- Мен бул окуя боюнча эч нерсе айта албайм. Өзүм азыр ооруп турам.

Баткенде күйөөсүнүн таягынан көз жумган келиндин окуясына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова пикирин айтып, аялдардын укуктарын коргогон мыйзамдар болгон менен натыйжасы көрүнбөй жатканын белгиледи. Эл өкүлү зордук-зомбулукка каршы мамлекеттик программалар иштебей жатканын кошумчалады:

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

- Аялдардын укуктарын коргоо, гендер маселеси боюнча чындыгында бизде мамлекеттик бир да программа иштебейт. Биз «Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп кирдик, анын конвенциясы аткарылууда» деген менен баары кагаз жүзүндө эле калып жатат. Зордук-зомбулук көргөн аялдар, токмок жеген келиндер тууралуу фактылар азайган жок. Аялдардын укуктарын коргогон мыйзамдар чыгып иштеп жатат, бирок натыйжа жок. Мен дайыма «аялдардын укуктарын коргоочу орган түзүш керек» деген сунушумду айтып келем.

Учурда келиндин өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Маркум келиндин сөөгү өзү туулуп-өскөн Араван районунун Акшар айылына коюлду. Анын эки уулу Баткенде, бир кызы Араванда ата-энесинин колунда калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG