Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 15:00

Чоң-Алайда кудалар эрте нике үчүн соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.

Чоң-Алай райондук соту 16 жаштагы кызын турмушка берген ата-энени, күйөөсүн жана анын ата-энесин диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн эки жыл алты айга эркинен ажыратты.

Сот дагы бир чечим менен жаза чектелген жарандардын ар бирине бир жылдан сынак мөөнөтүн берди. Бул көрүнүш коомчулукта эрте нике тууралуу ар кандай пикирлерди козгоду.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда Чоң-Алай райондук соту 27-январда өткөн акыркы отурумунда дагы бир чечим менен жаза чектелген жарандардын ар бирине бир жылдан сынак мөөнөтүн берди. Ал мындай чечимге кыз күйөөгө өз эрки менен чыкканы, ортодо баласы бар экендиги тууралуу анын көрсөтмөсү негиз болгонун айтты.

«Бул иш боюнча 2020-жылдын 27-январь күнү Чоң-Алай райондук сотунун өкүмү менен айыпталуучулар бардык коюлган күнөөлөр менен айыптуу деп табылып, ал боюнча эки жыл алты айга эркинен ажыратууга чечим чыккан. Жазык кодексинин талаптарына ылайык, соттолуучуларга бир жылга чейин пробациялык көзөмөл дайындалып, алар жазык жоопкерчилигинен бошотулган. Сот отурумунда жабырлануучу өз эрки менен турмушка чыкканын, аны эч ким зордобогонун, учурда бир баласы бар экенин айтып көрсөтмө берген».

16 жаштагы кыз күйөөсү менен никеге 2018-жылы турган. Кылмыш ишин Москва райондук ички иштер бөлүмү ооруканага түшкөн маалыматтын негизинде 2019-жылдын апрелинде козгогон.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Жашы жете электерге диний негизде нике кыюуга жол берген тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Кылмыш-жаза кодексине киргизилген мындай жобо 2016-жылы кабыл алынган. Бирок эки жаш баш кошкон учурда мындай жобо тууралуу маалыматы болбогонун билдиришти.

«Биз 2016-жылы таанышканбыз. Экөөбүз айылдашпыз. Ата-энебиз да биздин сүйлөшүп жүргөнүбүздү билет эле. Эки жактын макулдугу менен баш коштук. Аялымдын жашы жете электе үйлөнгөнбүз. Мен буга чейин мыйзам бузганымды билген эмесмин. Качан гана сот иштери башталганда түшүндүм. Азыр жашообуз жакшы, ортобузда бир кызыбыз бар», - деди күйөөсү.

Оштогу «Ак-Жүрөк» кризистик борборунун юристи Махира Гайнанова жаштар баш кошордо Үй-бүлө кодекси менен таанышып чыгышы зарыл деп эсептейт. Ал эрте үй-бүлө куруунун оң жана терс жактары тууралуу ой бөлүштү:

«Азыркы жаштар Үй-бүлө кодекси жөнүндө такыр билишпейт. Айрыкча айыл жеринде жашагандар. Себеби, аларга мектепте же башка окуу жайларында Үй-бүлө кодекси тууралуу айтылбайт. Биздин кризистик борбор буга чейин Ош шаарындагы мектептерде жана жогорку окуу жайларынын студенттерине Үй-бүлө кодекси тууралуу маалымат берип турчу. Негизи баш кошууну каалаган жаштар Үй-бүлө кодекси тууралуу билиши зарыл. Нике күбөлүгүн албай туруп, имамга нике кыйдырып жашап жаткандар көп. Алар качан гана баласына документ керек болгондо расмий никеге турушат. Же турмушу болбой ажырашып кетишкенде Үй-бүлө кодексин окушат».

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүм башчысы Роза Бекматова Кыргызстанда өткөн жылдарга салыштырмалуу эрте никеге туруу 5 пайызга кыскарганын билдирди. Роза Бекматова жону жука үй-бүлөдөгү кыздар эрте турмушка чыгарын кошумчалады.

"Кыздардын эрте турмушка чыккан учуру бизде жок эмес, бар. Алар социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыздары болуп жатат. Айыл жеринде 14%, шаарда 9% эрте турмуш куруу аныкталган. Буга чейинки иликтөө эрте нике Талас облусунда көп катталганын көрсөткөн. Бирок бул көрүнүш өткөн жылдарга салыштырмалуу азыр 5 пайызга кыскарды. Эрте никеге бөгөт койгон мыйзам чыкты, аны элге түшүндүрүү иштери да жүрдү".

Психолог Гүлнара Онкошованын айтымында, эрте турмушка чыккан кыздар үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондо гана кайрылышат. Алар турмуш курууга али даяр эмес экенин кийин билишет. Гүлнара Онкошовага бир айда 20га жакын кыз-келин психологиялык жардам сурап кайрылат.

«Кайрылгандардын көпчүлүгү жаш кыз-келиндер, - дейт адис. - Алар «мен эрте турмушка чыгып алдым» деп турмушка чыккандан кийин эле кайрылышпайт. Качан гана үй-бүлөлүк зомбулук көргөндө, үч-төрт балалуу болуп калганда кайрылышат. Алар турмушка психологиялык, физиологиялык жактан даяр эмес экенин билбей жатышат. Жаш кыздар турмуш кургандан кийин күйөөсүн күткөнгө, үй-тиричилигине, мамилеге даяр эмес да. Жаш кыздарды турмушка узатып жаткан ата-энеде чоң күнөө бар. Ата-эне кызынын келечегин ойлобой туруп турмушка узатып жатат».

Оштогу укук коргоочу Нурлан Капаров кыздарды эрте турмушка узатууну жапайычылык катары сыпаттады. Ал ушу тапта Ошто жыныстык зомбулук көргөн 16 жаштагы кыздын иши боюнча сот отурумуна катышып жатканын билдирди:

«Бизде эскичил заман жоголгон. Илгеркидей болуп азыр жаш кызды турмушка берүү - бул жапайычылык. Бул Кыргызстан үчүн жат нерсе. Мен азыр катышып жаткан сот отурумунда кыздын укугу толук корголуп жатат. Бул соттук отурумдун жыйынтыгы чыга элек. Иштин аягына чейин көзөмөлдөп турабыз. Жаш кыздын укугу корголот деп ишенем, эгерде мүчүлүштүк болсо Жогорку сотко кайрылабыз».

Чоң-Алайда турмуш курууга жаш курагы жете элек кыз менен анын күйөөсүнө нике кыйган имам каза болгон. Ош облусунун казысы Самидин Атабаев буга чейин облус аймагында имамдар эрте нике кыйган учурлар болгонун айтты. 2019-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстанда имамдар баш кошкон жарандарды нике журналына каттай баштаган. Ошондой эле имамдарга шарияттык никени катташ үчүн дин кызматкерлери үйлөнүп жаткандардын паспортун талап кылып, 18 жашка толгондорго гана нике кыя алары эскертилген. Ош облусунун казысы Самидин Атабаев жаштар никеге турардан мурда «нике тууралуу түшүнүк» алышы зарыл деп эсептейт.

«"Кимде-ким жашы жете электерге эрте нике кыйып койсо мыйзам алдында жооп берет" деп бардык имамдарга айтканбыз, - деди казы. - Бирдиктүү нике журналын муфтият иштеп берген. Анда бардык талаптар бар. Нике журналы Оштогу бардык имамдардын колуна жеткен. Нике журналы чыга элек кезде имамдарыбыз жашы жете электерге нике кыйып койгон учурлар болгон. Анда имамдар жөн гана сурап коёт эле «жашы канчада» деп. Азыр дээрлик эрте нике кыйган учурлар токтоду. Бирок жаштарыбыз үйлөнөрдөн мурда нике, чогуу жашоо тууралуу кенен түшүнүк алышы керек. Ошондо ажырашуу азаят».

Эрте үй-бүлө курган жаштар ушу тапта Чоң-Алай районунда турушат. Алардын бир наристеси бар. Күйөөсүнүн айтымында, алар сүйлөшүп жүрүп, ата-энелердин макулдугу менен баш кошушкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG