Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:54

Кыздардын тагдырын чечкен чечен салттары


Грозный шаарында турмушка чыгып жаткан кыздар.

Чеченстанда ата-энеси Москвадагы кризистик борбордон күйөөгө бериш үчүн алып кеткен кыздын окуясын талкуулоо дагы эле уланып жатат.

Укук коргоочулар 20 жаштагы Заира Сугаипованын мисалы бул өлкөдөгү аялдардын укуктарынын абалын жана мажбурлап күйөөгө берүү мүшкүлүн айкын көрсөттү деп эсептешет.

Мындан бир ай мурда 20 жаштагы чечен кыз Заира Сугаипованын окуясы коомчулукту дүрбөлөңгө салган. Аны Москвадагы кризистик борбордо дарыланып жаткан жаткан жеринен ата-энеси күйөөгө бериш үчүн алдап алып кеткен. Бул тууралуу «Укуктук демилге» уюму кабарлап, укук коргоочулар полицияга арыз жазышкан. «Азаттыктын» чечен кызматы окуядан бир нече күн өткөндөн кийин Заиранын мамлекеттик «Грозный» телеканалынан коомчулукка кайрылуусу менен аяктаганын жазды.

Заира Сугаипова.
Заира Сугаипова.

Сугаипова анда абалы жакшы экенин айтып, «мажбурлады» деген кепти төгүндөгөн. Андан көп өтпөй каналдын жетекчиси кызды ишке алганын билдирген. Анын азыркы жашоосу тууралуу маалымат жок.

Адистер бул окуя Чеченстанда кызды мажбурлап турмушка эрте узатуу маселесин кайрадан козгоп, күн тартибине чыгарганын айтышууда. Ошол эле учурда Заиранын окуясы дагы бир ушундай мажбурлоонун курмандыгына айланган 17 жаштагы Хеда Гойлабиеванын окуясын эске салууда.

2017-жылы Хеда Чеченстандын аймактык милициясынын 57 жаштагы башчысына турмушка чыккан. Анда да социалдык тармактар «WatsApp» аркылуу ата-энеси кыздын каалоосу жок эле күйөөгө берип жатышканын жарыялашкан. Ал эми телеканал аркылуу ушул сыяктуу окуяларды төгүндөп же бийликтен кечирим суроо Чеченстанда кадыресе көрүнүш.

Чеченстанда үй-бүлө институтун өкмөт өз көзөмөлүнө алып, кийлигишип турат. Маселен, 2017-жылы президент Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен ажырашкан жубайларды жараштыруу иштери башталган. Диний ишмерлердин, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин сүйлөшүүсүнөн кийин эки миңден ашык жубайлар жарашканы тууралуу маалымат тараган.

«Азаттыктын» Кавказ кызматы карапайым элге кайрылып, эрте никеге байлоо жана кызды мажбурлап күйөөгө берүү тууралуу жергиликтүү тургундардын ой-пикирлерин угуп көрдү. Сурамжылоого катышкандардын көбү мындай эскичил көз караштан улам кыздын каалоосу, тандоосу эске алынбай турганын белгилешкен. 28 жаштагы Иман анын тагдырын ата- энеси, өзгөчө атасы чечерин айтат:

«Биздин коомдо негедир кыздардын үнү угулбайт. Алар такыр добушка ээ эмес. Менин Фатима деген курбу кызымды мектепти бүтөр замат күйөөгө беришкен. Аны атасы менен туугандары эбак эле кудалап коюшкан экен. Фатима дарыгер болуууну кыялданчу. Атасынын айтканына каршы чыкпай, жогорку окуу жайына тапшырган эмес. Аны менен байланыш такыр үзүлдү. Кантип жашап жатат болду экен деп көп ойлойм».

Чечен Республикасындагы үйлөнүү тоюнда тартылган сүрөт.
Чечен Республикасындагы үйлөнүү тоюнда тартылган сүрөт.

Иман күйөөсүнүн аялына кол көтөргөнүн жана эркектин көп аял алышын шарыятка туура келсе эле жол берилет деп ойлойт.

Ал эми 29 жаштагы Идистин көз карашында кызга күйөө издөө анын жакындарына жүктөлгөн. Ал кыздын тандоосу эмес, жуучунун кыйындыгына ишенерин айтты:

«Эгер бардар жерден куда түшүп келишсе, эмне үчүн болбосун? Мындай шартта кыздын оюн билүүнүн кажети деле жок. Күйөөгө эрте эле чыгыш керек. Биздин элдин көбүндө ушундай түшүнүк жашайт».

Чеченстанда жашы жете электер арасында катталган нике тууралуу так маалымат жок. Укук коргоочулар адатта ата-энелер кызы мектепти аяктагандан кийин эле аны күйөөгө берип, бул тууралуу коомчулукка ачык айтпай турганын белгилешет. Чечен эли сурамжылоолордо мындай мисалдарды көбүнчө эзелтен келе жаткан салт-санаа катары түшүндүрүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG