Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Имамдар никени китепчеге каттай баштады


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда молдолор нике кыюуну атайын китепчеге каттоо чечимин ишке киргизишти. Муфтияттан сунуш кылынган бул демилге жаш үй-бүлөлөрдүн араздашуусун алдын алуу жана кыздардын эрте турмуш куруусун болтурбоо максатында ишке ашууда. Нике кыюу акысын молдолор 1000 сом деп бекитишкен.

Бакыт Тойчубеков Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Бирлешкен айылынын молдосу. Айылдагы мечиттин имамы ушул жылдын август айынан тарта нике кыюуну атайын китепчеге каттай баштады.

Тойчубеков милдеттүү түрдөгү диний никени каттоо муфтияттын чечими экенин айтты.

Бакыт Тойчубеков.
Бакыт Тойчубеков.

- Ушул жылдын август айынан баштап бизге муфтияттан нике каттоо журналдары келген. Алар аттестациядан өткөн гана молдолорго берилген. Мында никеден өтүп жаткан жаш жубайларга үй-бүлөнү бекем сактоонун жолдору, бактылуу турмуш куруунун багыттары баяндалат. Аны каттоодо нике окула турган жубайлардын өздүк документтери талап кылынат. Мындан сырткары никеге катышып жаткан ата-энесинин, күбөлөрдүн да маалыматтары журналга жазылат.

Имамдын айтымында, мурда айылга белгилүү эмес дин өкүлдөрү нике кыйып, башаламандык жаралчу. Жаңы демилге диний нике кыюу жагдайын иретке келтирет.

Кыргызстанда мечиттер өз ишин битир-садаганын эсебинен жүргүзүп, имамдар нике кыюу, жаназа окуу сыяктуу жөрөлгөлөрдөн киреше табат. Журналдын негизинде квартал сайын муфтиятка катталган нике тууралуу отчет берилип турат.

Алты ай аялын кийим-кече, тамак-аш жана үй менен камсыздабаса, байың талак түшүп, келиндин ал эркек менен никеси бузулат.
Бакыт Тойчубеков.


- Муфтият бул китепче аркылуу нике кыюуну бир калыпка салууну көздөйт. Ага каттоонун дагы бир өзгөчөлүгү - мусулман кыздарынын бийиктигин даңазалоо менен аны урматтоого үндөө болуп саналат. Нике учурунда эркек жубайын кантип багып, урматташы керек экенин айтып беребиз. Азыр жаштар арасында ажырашуу, никеде туруп аялын карабай, чет жакта башкага үйлөнүп алган учурлар көп кездешет. Китепчеде эгерде алты ай аялын кийим-кече, тамак-аш жана үй менен камсыздабаса, байың талак түшүп, келиндин ал эркек менен никеси бузулат. Мындайча айтканда, кыздардын башка бактылуу жашоосуна мүмкүнчүлүк берилген.

Нике кыюу акысын молдолор өз ара кеңешип, 1000 сом деп бекитишкен. Ал муфтияттын сунушу же чечими эмес. Болгону чогулган каражатты алар жыйналыштарга барып келүүгө, мечиттин электр энергиясын төлөөгө жана китептерди сатып алууга жумшоодо. Анткени имамдарга маяна 2015-жылы төлөнө баштап, эки жылдан кийин токтоп калган.

Жалал-Абад облусундагы 600гө жакын имамдын 400дөйү атайын окуудан өткөрүлүп, нике окуу боюнча күбөлүк жана китепчелерди алышкан. Облустук мусулмандар казысынын орун басары Бакыт Түнкатаров буларга токтолду.

Бакыт Түнкатаров.
Бакыт Түнкатаров.

- Эки жашка нике кыюуда китепчеге каттоо алардын каалоосуна жараша ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Анын негизги максаты - мыйзамга ылайык 18 жашка толгон гана адамдарды никеге каттоо жана нике окуу. Нике алдында кагазга жазуу да жаштарды жоопкерчиликке чакырат экен. Ошондуктан нике - бул убактылуу эмес, түбөлүктүү экенин алар түшүнүшү кажет. Эркек күбөлөрдүн көзүнчө аялды түбөлүккө бактылуу кылам деп өзүнө алып жаткан соң, айткан сөзүнө дагы жоопкер болушу керек. Нике кыюу акысын муфтият бекиткен эмес. Ал адамдардын өз ыраазычылыгы үчүн молдого берген акысы.

Статистика боюнча, өлкөдө баш кошкондордун теңинен көбү мамлекеттик каттоого убагында турбайт жана мындан улам жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, ажырашуу, ажырашкандан кийин жаралган көйгөйлөр арбын. Кыргызстандагы мыйзамдар боюнча жубайлар мамлекеттик никеден өтсө гана укуктук мамилелер жаралышы мүмкүн.

Гүлмайрам Аттокурова.
Гүлмайрам Аттокурова.

“Ариет” аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова буларды айтты.

- Муфтияттын жана Билим берүү министрлигинин бүтүмүнө ылайык жубайлардын кайсы бири 18 жашка толук чыга элек болсо, нике окууда молдолорго мамлекеттик каттоо кызматынан алган нике күбөлүгүн көрсөтүшү керек. Андай болбогон шартта диний нике окулбайт деп көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда жашы жеткен жубайларга нике кыюуда алардын каттоодон өткөн күбөлүгү талап кылынбайт. Сузак районунун тоолуу аймактарында жашаган тургундар кыздардын эрте турмушка чыгуусу токтогон жок деген маселени айтышты. Анткени нике окуп жатканда молдо келиндин жүзүн көрбөйт. Ал эжесинин паспортун берип коюп, нике окулган учурлар катталып жатыптыр.

2016-жылы расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүү киргизилген. Ошондой эле нике күбөлүгү жок түгөйгө нике кыйган молдолорду жоопкерчиликке тартуу жагы каралган болчу.

Аялдардын укугун коргогон «Аймира» коомдук фондунун координатору​ Нургүл Жолоева расмий каттоосуз нике кыюуну азайтуу керек деди.

Нургүл Жолоева.
Нургүл Жолоева.

- Светтик мамлекетте жашагандан кийин биринчи кезекте мамлекеттик каттоодон никеден өтүп, андан соң гана нике кыйдыруу керек. Бирок азыр жаштар арасында диний көз караштан улам никесин расмий каттатпай жүргөндөр толтура. Эркектер эки-үчтөн аялга нике кыйдырган учурлар да бар. Мындай шартта аялдардын мүлккө болгон укугу чектелип, эч нерсеге ээлик кылбай калат. Анткен менен азыркы мыйзамдарда расмий каттоосу бар аялдар да үй-жайга ээ боло албай жатат. Анткени келин болуп барган үй кайнатасына же башка тууганына катталган болот. Мындан сырткары балдарын каттоодо да маселе жаралат. Жакында эле бир бейтааныш адам 17 жаштагы келин алганын айтып берди. “Кантип каттоодон өттүңөр?” деп сурасак, “18 жашка чыкканга чейин күбөлүк албай турабыз” дейт. Андай учурда молдолор ата-энелеринен уруксат берген тил кат жаздырып алышат экен. Расмий каттоосуз нике кыюуну токтотмоюнча, бул учурлар да тыйылбайт.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. Диний жөрөлгө менен 18 жашка толо электерге нике кыюуга жол берген тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG