Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 23-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:09

«Мен өзүм аялдарды жаман көрөм»


Иллюстрациялык сүрөт. Макаланын каарманына тиешеси жок.

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13% түзөт. Элет жеринде өспүрүм курактагы никелер да шаарга караганда 2,5 эсе көп катталат. Төмөндө Жамиланын (аты өзгөртүлгөн) окуясын сунуш кылабыз.

«Мени биринчи жолу сурап келишкенде коркуп кеттим. Себеби 9-класста окуп жатсам, ал жашта күйөөгө чыгуу эч кимдин оюнда жок го», - деп сөзүн баштады 15 жаштагы Жамила. Өспүрүм кыз Баткен облусунун Лейлек районунан болот. Ал жашаган айылда кыздарды эрте турмушка узатуу адаттагы көрүнүш.

- Андарак айылында кыздарга 9-10-классында сөйкө салып коет, 11-классты бүтүргөндөн кийин турмушка берет. Менин үй-бүлөм дагы ошондой болуп калган. Бир-эки жолу «кызыңызды бересизби?» деп сурап келишти. Мен атама «окуйм, мени күйөөгө бербеңиз» деп айтып койгом, атам түшүнүп, «кызыбызды окутабыз» деп токтотуп койгон. Үйдө эки эжем бар, экөөнөн тең атам «жигитиң барбы же жокпу, ошол балага беришимди каалайсыңбы же жокпу» деп сураган. Ушундай маселелерди биздин үйдө атам түшүнөт. Эки эжем тең айта алган эмес, атасына кантип айтат, уялат го? Ошентип экөөнү тең өзүнүн ыраазычылыгы менен 11-классты бүтүргөндө турмушка берген. Ошондуктан мен алдын алып, Айнура эже менен сүйлөшүп, жардам сурагам.

Жамила тагдыры эжелериникине окшобой калганына сүйүнөт. Ал учурда Бишкектеги «Авиценна» медициналык коллежинде окуп жатат. Кызга жоопкерчилик алып шаарга алып келген, билим алуусуна себепчи болгон адам - «Наш голос» коомдук фондунун директору Айнура Ормонова.

Айнура Ормонова.
Айнура Ормонова.

Баткенде өткөн жылдын жайында окуучулар үчүн лагерь уюштурулуп, ага 9-классты жаңы аяктаган Жамила да катышып калат. Ал Айнура Ормоновага айылындагы көрүнүштү айтып берип, аны кантип чечүүнүн жолун сурайт.

Ормонова өспүрүм кыз менен жакындан таанышып, анын зиректигине баа берип, сөзсүз билим алып ал көйгөйдү өзү жоюшу керек экенин айтат. Үй-бүлөсүндө шарты жок экенин билген соң ата-энесин көндүрүп, кызга жоопкерчилик алып, шаарга алып келет. Ошентип Жамила азыр Айнура Ормонова жетектеген социалдык үйдө балдар үйүнөн чыккан кыздар менен чогуу жашайт.

- Бир эле атам колдогон. Апам, эжелерим - баары каршы чыккан. Апам: «Сенин байкең да жок, Бишкекте туугандарыбыз да жок, кантип окуйсуң, кыз бала болсоң?» - деп жок деген. Бирок атам: «Кыз бала болсо эмне экен, кыз балабы, эркек балабы - баарынын укугу тең, кыздар да окушу керек», - деп макул болгон.

- Сен азыр бул жакка келбей, Андаракта эле калсаң эмне болмок?

- Мени дагы Андарактын кыздарына окшотуп күйөөгө берип жиберет, болду (күлүп).

«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова эрте турмушка чыгуунун кесепети жаман экенине көп жолу күбө болгон. Бул мүшкүл өзгөчө айыл жергесинде болуп жатканын ал ата-энелердин сабатсыздыгы менен байланыштырды:

- Түштүк жергесинде эрте никеге туруу бүгүнкү күндө негизги маселелердин бири болуп турганы жашыруун эмес. Бизге бул көйгөйдүн кесепетин көрүшкөндө келип жатышат. Биз алардын алимент, ажырашуу, мүлктү, баланы бөлүштүрүү маселелерин чечүүдө катышып калып жатабыз. Анан аныктап, тактап келгенде эрте никеге турган кыз-келиндер болуп чыгат. Эрте никеге туруунун бир канча себептери бар: айыл жергесинде ата-энелер билимсиздиктин айынан «кызым турмушка чыкпай калат» деп коркушат, андан кийин «бузулуп кетет» деген маселе бар, сыртка чыгаруудан да коркушат, «кыз чоңоюп кетет» деп орто билим берүүдөн да баш тартышат. Көпчүлүк учурда бул ата-энелердин гана көздөгөн максаты, бул адамдардын бири-бирине тийгизген таасири. «Ал кызын берди, мен да беришим керек, мен андан начар болуп каламбы же кызымдын акыбалы начар болуп калабы» дегендей атаандашуу да бар. Ошол себептен кыздарды эрте эле, турмушка даяр эмес учурда берип коюп, аягы өкүнүчтүү бүтүп жатканын биз көрүп жатабыз.

Жамиланын атасы жогорку билимдүү, апасы орто билимдүү. Кыздын билим алышына апасынын башында каршы болгонун ал айылда калыптанган стереотиптерден көрө турганын айтты:

- Негизи апам деле турмушка чыгышымды каалабайт. Бирок үйгө сурап келсе, кызын бербей койсо, «булар бербейт экен» деп ойлоп калышат. Апам «ошондой сөз чыкса, менин кызымды эч ким келин кылбай коёт» деп ойлогон.

Жамила - тажик кызы. Ал тажик мектебинде тогуз классты эң мыкты бааларга аяктаган. Кыргыз тилин да өз эне тилиндей билет. Ушундан улам болсо керек, атасы кызын дайыма жогорку окуу жайында окутууну максат кылып келген.

- Себеби атам «мен мектепте 20 катар ыр жаттаган жокмун» деп айтат. Мен 9-классымда 500 сапка жакын ыр жаттагам. Мектепте «Маснави маънави» деген көркөм окуу сынагы болуп калды. Ошонун биринчи турунан алтынчысына чейин жеткем. Анда жумасына 90 катар ыр жатташ керек эле.

Жамиланын классташтары азыр 10-класста окуйт. Бирок алардын айрымдарынын келечеги эбак эле чечилип калганы аны өкүндүрөт.

- Бизде 9-класста эки кызга сөйкө салып койгон. Бир балага кызды макулдашып койгон. Анан быйыл дагы үч кыз кетти. Демек биздин класстан беш кыз жок десек да болот.

Андан да өкүнүчтүүсү - ошол ата-энелери «турмушка беребиз» деп макулдашып койгон кыздар убагында мыкты окуган окуучулар эле.

- Кээ бир кыздар «окубай эле коёюнчу , 11-классты бүтүргөндөн кийин ата-энем баары бир күйөөгө берип жиберет» деп ойлойт. Мисалы 9-10-класска чейин максат коюп келишет. Бирок кызды үй-бүлөсү өзүнүн ыраазычылыгы менен же ыраазычылыгы жок сүйлөшүп койсо, кыз башкача болуп калат экен. Биздин класстан да байкап калгам, 9-класстан эки кызды берди. Алар мурун мыкты окуучу эле, кийин «2», «3» ала турган кыздардын ордуна түшүп калды, окубай калды. Канча агайлар «сен келечекте окушуң керек» десе да, баары бир көңүл бурбай калышты.

Эртелеп турмушка узатуу кыздардын билим алышына түзмө-түз таасир этерин «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондунун директору Догдуркүл Кендирбаева да бышыктады:

Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

- Кыздарды алдын-ала ата-энеси тарабынан «11-классты бүтөрүң менен күйөөгө чыгасың» деп көндүрүү сөзсүз түрдө билим сапатына таасир этет. «Эмне үчүн мен пайдасы жок мектепте окушум керек, эмне үчүн пайдасы жок предметтерди өздөштүрүшүм керек?» деп кыз өзүн чектегенге өтөт. Андан көрө жакындары айткан «кир жууганды, үй жыйнаганды, тамак жасаганды үйрөнүш керек деп же болбосо ошол түйшүккө баш ийиш керек» деген сынууну пайда кылат. Бул кыздардын өнүгүшүнө чоң тоскоол болот. Алар алдыга умтулуудан ажырайт. Биз кайрадан орто кылымдагы билимсиз коомго барбашыбыз керек. Билимдүү энелер, билимдүү кыздар билимдүү коомдун өзөгүн түзөт. Андыктан бардык коомдук институттар биригип, ата-энелердеги эски стереотиптик көз караштарды жоюунун үстүндө иш алып барышыбыз керек.

Жамиланы өкүндүргөн дагы бир жагдай - айылдаштарынын ошол айылдан чыкпай аял алып, күйөөгө тийиши. Бул адам генетикасы үчүн да кооптуу экенин ал медициналык коллежде окуп баштаганда түшүндү.

- Мисалы Лейлекте болсо, ошол Лейлекке гана берет. Исфанага, Баткенге же Ошко чыкпайт. Анан туугандары менен да сүйлөшүп алып сөйкө салып коёт. Өзүм медицинаны окуп аткан үчүн жакын туугандар баш кошсо, балдары да башкача төрөлүп каларын билдим.

Догдуркүл Кендирбаева мындай көрүнүш Кыргызстандагы айрым айылдарда катталып жүргөнүн айтты. Анын пикиринде бул катаны токтотпосо, келечек муундун мутант болушуна жана өздөрүнүн эле жашоосунун оорлошуна алып келет:

Өзүнүн жакындарына турмушка берип коюу кыздын кийинки келечек тагдырына чоң сокку урат.

- Балким көпчүлүгү билбейт, белгилүү бир айылдарды айтпай эле коёюн, биз көп генетикалык ооруларды көргөнбүз, көрүп жүрөбүз. Ар кандай себептер менен «башка бирөөгө кетпесин, оокаты кетпесин, дүйнөсү кетпесин, душманга кетпесин» деп өзүнүн жакындарына турмушка берип коюу кыздын кийинки келечек тагдырына чоң сокку урат. Биринчиден экөө тең билимге ээ болбосо, турмуштук өнүгүү көндүмдөрү жок болсо, ал аз келгенсип төрөлө турган балдарды генетикалык мутацияга алып келе турган коркунучка дуушар кылат. Дүйнө илимге умтулуп, космоско чейин барып келип турган мезгилде кайрадан элементардык орто кылымдагы жакын туугандарына күйөөгө берүү такыр туура эмес. Ошол балдардын келечекте ден соолугунан өксүп калышына илимий далилдер бар. Бул өздөрүнүн оор шартта жашоосуна алып келет.

Эске сала кете турган жагдай - кыргыз салтында жети ата өтүшмөйүнчө кыз алышып, кыз беришүүгө тыюу салынат. Бирок акыркы 100 жыл ичинде бул ички эреже канчалык даражада сакталганы тууралуу так маалымат жок.

Кыздардын саламаттыгына залакасын тийгизе турган дагы бир жагдай – бала кезден оор жумуштарга аралашуусу. Жамила үй-бүлөдө балдардын кичүүсү болгондуктанбы, айтор ата-энеси аны оор жумуштарга аралаштырган эмес.

- Өзү кыз бала күйөөгө чыгууга даяр болушу керек да. Мисалы үйдө атам мага иш кылдырбайт. Эгер үйдө эч ким жок болсо иш кылам, бирок атам болсо такыр иш кылбайм (күлүп). Бирок атам эмне иштерди кылса, мен да ошолорду билем. Мен атам менен көп жүрөм.

Эркек киши жасаган жумуштарды Жамила эле эмес, айылындагы дээрлик бардык кыз-келиндер жасай алат. Анткени үйдөгү бардык жумуштар иштебей отурган аялдардын мойнунда.

- Аял менен эркектин укугу тең болушу керек го? Бизде андай эмес. Эркектин айтканы болот, болбойт дегени болбойт. Аялдар көбүнчө иштебейт. Биздин айылда эркектин ишин да аялдар кылат. Мисалы үйдө эркек бала же атасы ишке кеткен болсо, бир жума болобу, 3-4 күн болобу иши менен жүргөндө, алардын бардык ишин аялдар кылып коёт.

Үйдөгү иш бөлүштүрүү маселесиндеги теңсиздик боюнча «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова төмөнкүлөргө токтолду:

Дарика Асылбекова.
Дарика Асылбекова.

- Айыл жергесиндегилерди алсак, мен билген боюнча, 70-80% аялдар үй жумушу менен кошо оор жумуштарды аткарат. Мисалы отун жарган, көмүр даярдаган, мал жайгаштырган: алып чыгып, астын тазалоо, уй сааган – булардын баарын аялдар аткарып жүргөнү маалым. Күйөөлөрү эртеден кечке талаада жумуш менен болушат дагы, аялдар үйдө калат. Ошол себептен бул жумуштарды да аялдарга аткарууга туура келет. Же болбосо күйөөлөрү эрте кетип кеч келет, ал эми кечинде келгенде отун жарганы же мал караганы физикалык жактан мүмкүнчүлүгү болбогонуна байланыштуу да бул жумуштар аялдардын мойнуна жүктөлүп калат. Ошондуктан аялдар «бул менин жумушум же күйөөмдүн жумушу» деп бөлбөстөн милдет катары эле аткарып жүргөнүн көрүп жүрөбүз.

Өспүрүм кыз аялдардын пайдалуу иштер менен алектенишин абдан каалайт. Ошондой болсо ушак-айыңдан, ар кимдин жеке турмушуна кийлигишкен өнөкөттөн да арылышмак деп ойлойт.

- Мен өзү көбүнчө аялдарды жаман көрөм (күлүп). Себеби бизде бул жактан эки аял көчөгө чыгып отурат, бул жактан экөө сүйлөшүп отурат. Өтүп баратканда башкача болосуң. Өтүп кеткенче сени карап турат. Сен өтүп кеткенден кийин башкасын карайт. Анан эртеси күнү сенин кантип өткөнүң, эмне кийгениң – баарына тарап кетет. Бизде аялдар ошондой.

Жамила башка аялдардын жашоосун жакшы жакка өзгөрткүсү келет. Келечекте аялдын саламаттыгына көз салуу максаты да бар.

- Мен гинеколог болом, - дейт ал. - Айылыма барып, ооруканага кирип, айылыма жардам беришим керек го. Ооруканага балдар, кыздар же аялдар келгенде кээ бирлери жардам сурайт го, ошолорго жакшы жолду көрсөткүм келет. Бир фонд түзүп, айрыкча кыздардын, аялдардын көйгөйлөрүн чечүүнү каалайм.

Ал эми укук коргоочулар бул маселени мамлекеттик деңгээлде комплекстүү иш-аракеттер аркылуу чечиш керек деп эсептешет. Алардын бири - Дарика Асылбекова.

- Бул маселени бүгүн, эртең жоюуга мүмкүн эмес, - дейт ал. - Ал үчүн мамлекеттик механизм иштеши керек. Коомдук уюмдар менен кошо мамлекеттик түзүмдөр иштеши керек. Анан биринчиден элдин баары жумуш менен камсыз болуп, экинчиден ошол мамлекетте жашап жаткан ар бир жарандын аң-сезиминде өзгөрүү болушу керек. Аялдар сөзсүз түрдө билим алууга умтулушу керек. Билим алып, өзүн-өзү каржылап, тагдырына терс таасири тийбей тургандай кылып келечегине кадам таштаса жакшы болот эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө андай кадамдар болбой жатат.

Соңку он жылда дүйнөдө жашы жете электе никеге тургандар азайды. Эрте куракта турмушка чыккан аялдардын үлүшү 15% – 25 миллионго азайды. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин баяндамасында айтылат. «Мындай жетишкендиктерге карабастан, жыл сайын дүйнөдө 12 миллион секелек турмушка чыгат» деп белгилейт ЮНИСЕФ. ЮНИСЕФтин баяндамасында Кыргызстан эрте нике боюнча КМШ мамлекеттеринин арасында алдыңкы орундарда экени көрсөтүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG