Линктер

шейшемби, 21-май, 2019 Бишкек убактысы 11:20

Жетим кызды алганы кордобосо....


Иллюстрациялык сүрөт.

Укугун коргоочулардын айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулукка көбүнесе болушары жок аярлуу катмардагы кыз-келиндер дуушар болот. "Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышын Бактыгүл аттуу каармандын тагдыры менен ачтык.

"Же энеден, же эрден мээрим көрбөдүм..."

Ата-энесинен эрте айрылып, туугандарга түрткүнчүк болуп чоңойгонун айткан Бактыгүл аттуу келин учурда коомчулуктун колдоосуна муктаж.

Эки баланын энеси үйдө көргөн кордукка, кемсинтүүгө чыдабай коломтосун таштап чыгып кеткенин айтууда. Ата-энесинен бала чагында ажыраган. Ушул тапта болуша турган, оор күндөрдө канатына калкалап алаар жакыны да жок. Ала шалбырт жазда балдарын алып Токтогулдан Бишкекке жол тарткан жайын айтып отурду.

Бактыгүл.
Бактыгүл.

"Күйөөм ата-энесинин тилине кирип, "кет" деп айтты. Мен кетпей койдум. Анан билет сатып алып Орусияга кетип калды. Апасы "балама башка катын алып берем" деп үйдөн кубалап чыкты. Курбу кызыма чалып, анын жардамы менен Бишкекке келдим".

Бактыгүл күйөөсү "иреңиң серт" деп кемсинте бергенин эстеп отурду.

"Кайненем "кебетеси келишкен неме менен жашаба" деп айтат. Андай сөздөрдү укканда анда эмнеге мага үйлөндү деп көңүлүм кирдейт. Кудай ушинтип жаратып коюптур, эми балдарым үчүн жашайын деген элем. Кээде ыза болуп ыйлайм. Кайненем "кет-кет" деп көшөрүп туруп алды. "Жашабай куруп кал, жиндисиң" дей берет. Мен өзүм оорубайм деле. Күйөөм катуу урчу, башка муштаган күндөрү болду. Сабап, кемсинте берсе нервиң бошоп, тилиң чыгат экен. Сөз кайрысаң "тили узун" дешет. Адам баласы сүйлөйт экен да, оозун жаап тура албайт экен".

"Азаттык" Бактыгүлдүн кайындары менен байланышууга аракет кылып, бирок майнап чыккан жок.

Ал келин болгон Токтогулдун Торкен айылынын башчысы Шайлоо Жуматаевден Бактыгүлдүн ыйлап келген учурлары болгонун уктук. Жуматаев ошол эле маалда үй-бүлөдөгү урушка бир жактуу баа берүүгө болбосун белгиледи.

Чырайды чылап ичпейт, бирок...

Үй-бүлөдө аялды психикалык, физикалык же экономикалык жактан басмырлоо адаты кыргыз коомунда эле эмес, Азия чөлкөмүндөгү бир катар өлкөлөрдө көтөрүлүп келген маселе.

Жарандык активист жана журналист Гүлмира Үмөталиева эркек баланын да, кыз баланын да үй-бүлө кургандан кийин кемсинип, чүнчүп калышына бала кезде алган тарбиясы да түрткү болорун белгиледи.

Анын айтымында, баланы кичинесинен "бучук", "топмок", "кара", "түйрүк" ж.б. деп эркелетүү аң-сезимге сиңип, инсандын өзүнө карата терс көз караштарын (комплекстерди) пайда кылышы ыктымал. Бул анын жеке жашоосуна да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Үмөталиева кызга да, балага да турмуштун ачуу-таттуусун кошо үйрөтүү зарыл деп эсептейт.


"Кайнене менен келиндин ортосунда, күйөө менен аялдын жана ата-эне менен баланын ортосунда дагы ажырым бар. Бир үйдө жашап жатканыбыз менен көп үй-бүлөлөрдүн көйгөйү - бири-бирин түшүнбөгөндүгүндө. Мектепте математиканы, физиканы окуганыбыз менен жашоонун сырларын үйрөнбөйт экенбиз. Адам менен кантип мамиле түзүү керектигин эч ким үйрөтпөйт. Ата-эне акча табам деп миграцияга кетип, балдары кароосуз калып жатат".

Үмөталиеванын белгилешинче, кыргыз коомунда үй-бүлөдөгү чырга себеп болгон тараптар күнөөсүн же жоопкерчиликти өзүнө алганды билишпейт.

"Бизде эч ким күнөөнү моюнга албайт. Аял күйөөсүн жамандап жатканда өзүнүн күнөөсүн жашырат. Экинчиден, биз кыздарды кандай тарбиялайбыз? "Ушинтип жүрүп сонун жигитке жолугуптур" деген жомокту айтып беребиз. Андан ары алар кандай жашады, кантип мамиле түздү дегенди айтпайбыз. Биз кыздарды жомоктун андан аркысына, турмушка даярдашыбыз керек".

Жакырчылык зомбулукка жол ачат

Ал эми социолог Топчүгүл Шайдуллаева коомдун аялуу катмары, жакыр үй-бүлөлөр, жетим-жесирлер зомбулукка көбүрөөк учурай турганын белгиледи. Анын пикиринде, соңку кезде калк арасындагы социалдык теңсиздик, катмар-катмарга бөлүнүү да маселе жаратып жатат деп эсептейт.

Топчугүл Шайдуллаева
Топчугүл Шайдуллаева

"Статистикага жана турмуштагы фактыларга таянсак, көбүнчө ала качуу болобу, зомбулук болобу коомдун аялуу катмарында, башкача айтканда жакыр жашаган катмарында көбүрөөк учурайт. Биздин балдар, жигиттер коргой алары жок кыздарды ала качат. Министрдин кызын, белгилүү байдын же таасирлүү адамдын кызын ала качканын уктуңуз беле? Андай болбойт. Көбүнчө аялуу катмардын кыздары зомбулукка тушугат. Албетте бул өкүнүчтүү. Бүгүнкү күндө социалдык топторго бөлүнүп кеткени кайсы бир деңгээлде теңсиздикти жаратып жатат. Кедей катмардын кызы сөзсүз кемсинтүүгө дуушар болот".

"Эркектер зомбулукка каршы" уюмунун жетекчиси Марат Алиаскаров аялдардын укугун коргоо боюнча жакшы мыйзамдар кабыл алынганы менен ал толук кандуу иштебей жатат деп эсептейт.

Алиаскаров зомбулуктан качкан кыз-келиндерге мамлекеттик кризистик борборлордун жоктугун, андай жерде өзүнө акча табуу жолун үйрөткөн кесиптерге окутуу зарылдыгын белгиледи.

"Жалпы жонунан алганда бизде, Азияда десек да болот ата-энеси жок кишини аябай эле басынтышат. Ал кишинин болуша турган, коргой турган, таяна турган кишиси жок. Бул үй-бүлөдө, турмуш курган учурда да билинет. "Сенин кимиң бар эле" деп алыбыз жеткени ошол болуп калат".

Ошол эле маалда коомдогу өзгөрүүлөрдүн үй-бүлөгө да таасири тийип жатат деп эсептегендер жок эмес. Жарандык активист, эл аралык уюмда иштеген Нуршат Абабакиров үй-бүлөдөгү баалуулуктар да ага карап өзгөрүүдө деп эсептейт.

Нуршат Абабакиров
Нуршат Абабакиров

"Биринчиден, эркектердин кыздын жаштыгына карап үйлөнгөнү туура эмес. Кыздар да билим алышы керек, Жогорку окуу жайды бүтүп, керек болсо магистратураны бүтсүн. 25ке чыгып калды, карып калды деген түшүнүк туура эмес. Эркек бала билимдүү аял алгандан коркпош керек. Тескерисинче, бири-бири менен көз караштары, койгон максаттары да бирдей болгондо, бири-биринин кызыкчылыктарын баалаган учурда гана үй-бүлө бекем сакталат. "Мен айтканды гана кыласың" деп таңуулоо чыңалууга, уруш-талашка алып келет. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жубайлардын мамилеси сөзсүз сүйүү сыяктуу сезим менен бекемделиши керек. Урматтоо, бири-биринин тандоосун сыйлоо деген бир катар баалуулуктарды эстен чыгарбоо абзел. Сый болбосо эркек башында сүйүп, ысыгы тараган соң жактырбай кол көтөрүшү ыктымал".

Зомбулук дөңгөлөккө окшош

Биз жогоруда сөз кылган Бактыгүл эки баласы үчүн жолдошу менен жарашууга макул экенин билдирди. Биздин маектеш күйөөсүнүн уруп-сабаганына карабай аны жакшы көрө турганын, балдары үчүн кайра эле жашоого даяр экенин билдирип жатат.

"Өзү жакшы адам. Эл айткандай, "сүйөсүң, күйөсүң, урса деле кетпейсиң" дегендей. Ал мени жакшы көрбөйт чынын айтканда. Балдар үчүн жашайсың да, бала деп кыя албайт экенсиң да. Урса деле кайра кечирим сураса кечирип, бала үчүн жашай берчү элем. Азыр жүрөгүм муздап калды".


Бактыгүлгө кайрымдуулук уюмдары Бишкектен бир бөлмөлүү үйдү ижарага алып беришкен. Анын жана балдарынын тагдырына кайдыгер карабаган тургундар колдон келген жардамды көрсөтүп жатат.

"Балдар үчүн чыдап жашай берем дегени" өзүн алдаган сөз да. Сени жактырбаган адам менен 100 жыл жашаганча, жактырган адам менен бир күн жашагандын артыкчылыгы бар да. Бул келин курмандык болгонго көнүп калган окшойт. Ошол зомбулуктун айлампасынан чыга албай жатат. Тилекке каршы, Бактыгүлгө окшоп эзилген аялдар көп", - деди жарандык активст Гүлмира Үмөталиева.

Буга чейин "Human Rights Wath" уюму Кыргызстанда аялдардын жана балдардын укуктарынын корголушу көңүл жылытпай турганын билдирген. Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттманн "Азаттык" радиосуна курган маегинде үй-бүлөдө аялга кордук көрсөтүү, кыз ала качуу, эрте нике сыяктуу басмырлоонун түрдүү формалары колдонулуп келатканын айткан.

Кыргызстанда үйүнөн качкан аялдар баш калкалоочу кризистик борборлор саналуу. Анда ай сайын ондогон келиндер убактылуу баш калкалоо үчүн келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG