Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 14:24

"Алсыз" эркектин аялы айыптуу...


Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку кездери жаш келиндер арасында төрөй албай жүргөндөр көп экени айтылып келет. Адатта мындай учурларда үй-бүлөдөгү тукумсуздукка аялдарды айыптаган учурлар арбын. "Аялзат" түрмөгү бул жолу ушул темага арналды.

28 жаштагы Айсулуунун тилеги төрт жылдан кийин орундалды. Алты ай мурда көз жарган келиндин азыр кубанычы коюнуна батпай турган кези. Айсулуу бул күнгө жетүү жеңил болбогонун айтып берди:

- Кудайдан кечке бала берүүсүн сурап жаттым. Балдар үйүнө барып, кайрымдуулук иштерин да кылып келгенбиз. Жолдошум экөөбүз төрт жыл мурда баш кошкон элек. Дароо эле боюма бүткөн. Тилекке каршы, түйүлдүк өрчүбөй калган. Буга балким менин саламаттыгым себеп болгондур. Андан кийин такыр эле боюмда болбой жатты. Барбаган жерим калган жок. Бейтапканалар, гинеколог, тааныш-билиш... Аягында салттуу эмес медицинага да кайрылып, шаар четиндеги эмчи-домчу чоң апаларга каттап жаттым. Мүмкүн биринен шыпаа болот деген үмүт бар эле.

Айсулуу балалуу боло албай жаткан өзү теңдүү келиндерди көп жолуктурган.

- Турмуш кургандан кийин балалуу болбосоң, эл дароо эле сени күнөөлөйт экен. Аял дагы ошол нерсеге ишенип алат тура. Туугандарына кошулуп алып күйөөсү да аялын мүлжүп жатканын көп көрдүм. Мени кайындарым, күйөөм кодулаган жок. Мен көрүнгөн дарыгерлердин экөө гана "күйөөңдү текшертип көрчү" деп айтышты. Калганы менден эле көрүп жатышты. Андайда эркектердин баары эле дарыланып же текшерүүдөн өткөнгө макул болбойт экен. Бирок жолдошум сунушумду четке какпай, мени менен кошо дарылана баштады. Дарыгерлердин айтканы менен болуп экөөбүз чет жакка чыгып эс алып да келдик. Аба алмаштыруу, жер которуу да жакшы таасир бериши мүмкүн дешкен эле.


Айсулуу дарыланып жүргөн жылдары дос-тууган, тааныштардан качып, калган экен. Ал адатта баласы жок үй-бүлөгө коом дагы ырайымсыз мамиле кыларын байкаган:

Тааныштарым "ай, сенин боюңда барбы, дагы деле төрөй элексиңби?" деп көрүнгөн жерден эле сурай беришчү. Кээде кадимкидей ошол сөздөрдөн качып, чакырган жерлерге барбай калдык.
Айсулуу

- Тааныштарым "ай, сенин боюңда барбы, дагы деле төрөй элексиңби?" деп көрүнгөн жерден эле сурай беришчү. Кээде кадимкидей ошол сөздөрдөн качып, чакырган жерлерге барбай калдык. Биздин менталитет ушундай экен. Кудайга шүгүр, азыр мен бактылуу энемин. Боюмда бар экенин билгенден кийин дароо ишимди таштадым. Мен үчүн бала аябай маанилүү болчу. Тогуз ай өзүмдү жакшы карап, ден соолугумду чындап, жеке менчик төрөтканада көз жардым. Биз сыяктуу жагдайга кабылган жаштарга салматтыгын карап, анан сабырдуу болушун тилейт элем. Мындай учурда аялга күйөөсүнүн колдоосу аба менен суудай эле керек.

"Эркектердин дарылангысы келбейт"

Ал эми 25 жаштагы Айжамал күйөөсүнүн ден соолугуна байланыштуу балалуу боло албай жаткан келиндердин бири.

- Алгач мен анализ тапшырдым. Кийин жолдошумду текшерүүдөн өткөрдүм. Ошондо "күйөөңө суук тийген" деп айтышты. Дарылоо курсу аяктаганына карабай дагы деле боюмда болбой жатат. Жакында эле мени текшерип, дары-дармек жазып беришти. Ата-энебиз өзүңөр үчүн жашагыла дегенсип үн катпаганы менен башкалар кечке сурап тажатышат. Уккан сайын аябай капаланам.

Адистер жаңы баш кошкон жубайлар арасында тукумсуздук көбөйүп жатканын айтып, буга жаштардын ден соолугуна кайдыгер мамилесин себеп кылышат.

Ошол эле учурда кыргыз коомунда үй-бүлөдөгү тукумсуздукка аялдарды айыптаган учурлар арбын экени айтылып жүрөт.

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова баласы жок жубайлар көп учурда ажырашып кетерин айтууда:

Дарика Асылбекова.
Дарика Асылбекова.

- Бири-бирин колдоп, чыдап жашаган үй-бүлөлөр бар. Аларда уруш-талаш болбошу мүмкүн. Башкалардай зордук-зомбулук же акча маселеси да чыкпашы мүмкүн. Бирок ортодо бала жок. Ушундан улам ажырашып кеткендер көп. Мындай учурда аялга психологиялык басым көп жасалат. "Аялынын согончогу канабады, куу жатын экен" деп сөз кылышат. Алар күнөөнү эркектен эмес, аялдан эле издей беришет. Бирок ошол ажырашып кеткен аялдар башка күйөөгө тийип, бала төрөгөн учурларды көп көрдүм.

Баланы жарык дүйнөгө алып келүү бир гана аялдын милдети деген эркектер да бар экенин үй-бүлөнү пландоо боюнча адис Бактыгүл Бозгорпоева да ырастады. Ал айрым эркектер тукум улоого жоопкерчиликсиз мамиле кыларына таң калат:

- Эркектер тукум улоо үчүн жоопкерчиликти албайт. Аялдын боюнда болот, аял төрөйт, бул аялдын гана милдети деп ойлойт. Бирок бизде барган сайын эркектер арасында тукумсуздук маселеси курчуй баштады. Эгер он-он беш жыл мурда эркектердеги тукумсуздук 1-2% түзсө, азыр бул сан 10% чейин жетти. Бул коркунучтуу цифра. Шаардыктарда бир аз маалымат бар, бирок, айыл жергесинде эркекке "дарыгерге көрүн" дегендин ордуна, "аялыңды кетир, башка алып беребиз" деп кеңеш беришет.

​Психолог Ильдар Акбутин адатта мындай абалга тушуккан аял биринчи ирет психологиялык жардамга муктаж дейт:

Ильдар Акбутин.
Ильдар Акбутин.

- Ансыз да чүнчүп жаткан аялды туугандары, тааныштары жерип, нервин ого бетер бузушат. Мындай аялда өзүнө болгон ишеним жоголот. Ага психологдун жардамы керек. Кээде андай аял боюнда болсо деле төрөгөндөн коркуп калат. Психологияда мунун баары чечмеленип берилет.

Акушер-гинеколог Гүлзина Матраимова тукумсуздукту адамдардын саламаттыгына кайдигер мамилесинен деп эсептейт. Ал ошол эле аял киши дарыгерге күйөөгө тийгенден кийин эмес, ага чейин текшерүүгө барышы керектигин эскертти:

- Кыз кишини, баланы төрөлгөндөн баштап дарыгерге алып барып, текшертип туруш керек. Мага келген кыздардын көбү ата-энеси "эмнеге сен кыз болуп туруп, гинекологго барып жатасың" деп урушканын айтышат. Эмнегедир элде күйөөгө тийгенден кийин гана дарыгерге барыш керек деген ой калыптанып калган. Врачка келип түшүндүргөндө кеч болуп калат. Бирок, арасында прогрессивдүү жаштар да бар. "Эже, турмуш куралы деп жатканбыз, текшерилели" деп келгендер да болот. Азыр эми маалыматтын баары жеткиликтүү, ачык, өз алдынча деле окуп таанышса болот.

​Кыргызстанда акыркы мезгилде тукумсуздукка кабылган жубайлар жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болуу жолун тандап алышууда. Жасалма уруктандыруу программасы улуттук репродукция борборунда эки жыл мурда башталганы менен, кыргыз медицинасы ушул тапта тукумсуздук дарты менен күрөшүүдө алсыз. Ошол себептүү бала жытын искегиси келген аялдар жакынкы Казакстан же Орусияга, акчалуусу Түркияга барууга аргасыз. ЭКО же жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болгон жубайлар адатта окуясы менен бөлүшкүсү келбейт.

Айбектин агасы менен жеңеси эки ай мурун эгиз балалуу болушкан. Үйлөнгөндөн сегиз жыл өткөндөн кийин бала жытын искеген жубайлар жасалма уруктандыруу жолу менен балалуу болгонун элден жашырышат:

- Агам 20 жашында үйлөнүп, 28 жашында балалуу болду. Бул аралыкта эмнени гана кылышкан жок. Дарыгерлер бүтүп, көзү ачыктарга каттап калышкан. Болгон акчасын дарыланууга жумшап, үйүн сатышты. Астанага жылына эки жолу барып, текшерүүдөн өтүп жатышты. Анан минтип быйыл балалуу болушту. Агам туугандардан, ата-энемден далай жолу тил укту. Алар "ажырашып, башкага үйлөн" деп көп айтышчу. Жеңем дагы "мен кетейин, сен башканы тап" деп ыйлап жүрдү. Акыры экөө бул көйгөйдү жеңип, балалуу болушту.

Расмий маалыматка таянсак, акыркы үч-төрт жылдан бери Кыргызстанда жылына 150-155 миңдин тегерегинде бала төрөлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG