Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:24

Дарыгерлер Кыргызстанда тукумсуздукка чалдыккан эркектердин саны көбөйүп жатканын белгилешет.

Жашы жыйырмадан жаңы өткөн Акылбек Бишкектеги Улуттук госпиталдын андрология бөлүмүндө дарыланып жатат. Ал бул жерге келгенинин себебин мындайча түшүндүрдү:

- Ат минип жүргөм. Ал мөңкүп кеткенде жыгылып түшкөм. Ошондон бери эле ооруп жатам. Ооруканага кечээ келдим. Дароо эле жаткырып, дарылай башташты. Чыдабай калдым эле бүгүн кичине жакшымын.

"Психологияны өзгөртүү керек"

Уролог-андролог Жолдошбек Оморовдун айтымында, кыргыз коомунда репродуктивдик (тукум улоочу) курактагы эркектер саламаттыгына көңүл бурбайт. Көбү дарты өтүшүп кетмейинче дарыгерге көрүнбөй жүрө берет экен.

- Эркектер көбүнчө чыр-чатакка жакын, мушташат. Автокырсыкка кабылат. Ошондой учурда жумуртка бези жарылып кеткендер бар. Догдурга убагында кайрылса жакшы. Бирок кээ бирөөлөрү кеч келип, операция кылып алып салганга туура келет. Эркектер арасында жыныстык жол менен жуккан инфекциялык оорулар да көбөйүп жатат. Мындай дарттар тукумсуздукка алып барат.

Ошондуктан, балакатка жеткенден тарта ар бир эркек алты айда же жылына бир жолу урологдун көзөмөлүнөн өтүп турушу керек. Биздин эркектерге ооруп калганда эмес, ооруй электе догдурга көрүнүүнү үйрөтүү зарыл.

Улуттук госпиталда беш жыл катары менен эркектин саламаттыгына арналган жумалык өтөт. Бирок Жолдошбек Оморов мындай иш-чаралар көйгөйдү жеңе албасын айтууда.

Коомдо маани берилбей келет

Тукум улай турган курактагы эркектер ден соолугуна маани бербесин, бул генефонд үчүн опурталдуу экенин андролог-профессор Жаныбек Мамбетов да белгилейт:

- Эркектердин саламаттыгына байланыштуу коңгуроону азыр болушунча катуу кагуу керек. Жашы он сегизден эми өткөн, ичимдик ичпеген, чылым тартпаган, туура жолдо жүргөн жигиттер дагы тукумсуздукка кабылып жатат. Экинчи көйгөй бел кубаты алсыздар көбөйдү. Бул үй-бүлөлүк чыр-чатакка, ажырашууга, ал тургай суицидге да себеп болуп жатат.

Дагы бир чоң көйгөй - эркектин сперматазоиддеринин кыймылынын басаңдашы. Мында эркектин уругу бала жаратууга алсыз болуп калат.

Ушундан улам бизде да коңшу өлкөлөрдөй улуттук сперма кампаларын ачуу зарыл. Бул көйгөйгө улуттук деңгээлде көңүл буруу керек. Жөнөкөй эле эсептеп көрөлүчү, 6 миллион элбиз. Анын 2 миллиондойу чет жакта жүрөт. 4 миллиондун 2 миллиону эркек болсо, анын бир жарым миллионго жакыны тукум улоочу куракта. Эми ошолордун дээрлик 60 пайызы жана мен санаган проблемалардан жабыркап жатпайбы.

Профессор экологиянын бузулушу, социалдык шарттардын начардыгы жана туура эмес жашоо образы да эркектердин саламаттыгын жабыркатып жатканын кошумчалады.

Адистер жашы 50дөн өткөн эркектердин деле 10 пайызга жетпегени гана догдурга кайрыларын, көпчүлүгү ар түрдүү дартка чалдыса да кыйналып жашай беришерин айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG