Линктер

бейшемби, 26-апрель, 2018 Бишкек убактысы 00:21

Тилекке каршы, акыркы жылдары элибиздин медицина кызматкерлерине терс мамилеси күчөп жатат.

Эгерде операция, төрөт убагында кыйынчылыктар болуп, кээ бир татаал учурларда бейтаптын өлүмү менен бүтсө, туугандар медицина кызматкерлерин гана күнөөлүү деп эсептешет.

Мындай убакта бейтап же алардын туугандары калыс баа бере алышпайт, ал эми маалымат каражаттары бейтаптын жана анын туугандарынын айткандарын гана элге кабарлашат.

Маалымат элге жеткенден кийин медицина кызматкерлеринин бир тараптуу каралоо башталат. “Эмне үчүн дарыгерлер сапаттуу жана өз убагында жардам бере алышкан жок?” - дешет.

Бишкектеги дарыкана. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги дарыкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Элестетип көрүнүздөр, кантип дарыгер бейтапка зыян келтириши мүмкүн? Менин оюмча - эч качан! Дарыгердин күнөөлүү экенин атайын комиссия чечет, эгерде чын эле күнөөлүү болсо, анда ал ишинен бошотулат.

Ал эми дарыгер күнөөлүү эмес болсочу? Бейтаптын өз ден соолугуна кайдыгерлик менен кылган мамилесин күнөөлөшөбү? Албетте, жок.

Дарыгер катары бир нерсе капалантат - элибиздин ден соолугуна кайдыгер мамилеси.

Адатта адам ооруса, анда ал адегенде дарыканага барып, фармацевттин сунушу боюнча кымбат баалуу дары сатып алат. Эгерде ал дары жардам бербесе, дарылоонун экинчи бөлүмүнө өтөт - бул дартты Интернет, жакындары, достору, кошуналары аркылуу изилдеп кирет. Ал эми дарыгерге бардык ыкмалардан натыйжа чыкпай, абалы начарлаганда гана кайрылат.

Дарты күчөгөн бейтаптар көбүнчө төмөнкүдөй актанышат:

• "Фармацевттин сунушу";

• "Достордун жана кошуналардын кеңеши";

• "Интернет-эксперттер";

• "Акча каражатынын жоктугу";

• "Кыргызчылык болуп калды".

Биринчи учурда, провизор дарыгердин сунушу болбосо, адамдар өз алдынча дарыларды дайындоого укугу жок.

Экинчи жана үчүнчү учурларда ар бир адамдын организминин өзгөчөлүгүн эске алыш керек. Досторуна жана Интернеттеги адамдарга жардам берген дарылар бейтапка жардам бербеши мүмкүн.

Ооба, биздин убакта дарылануу кымбат турат. Бирок кечээ эле "дарыланууга акчам жок" деген адам кантип бүгүн тойго 5000 сом кошумча алып барып отурат?

Биз кечиккенде же убадаларыбызды кеч аткарганда "кыргызчылык болуп калды" деп кыргыз элинде эң кеңири колдонулган актанган сөзүбүз бар. Бейтаптар да көп учурда ушинтип актанышат. Мындай учурларда бир гана суроо пайда болот - эмне үчүн биздин эл өз ден соолугун эң акыркы орунга коёт? Тилекке каршы, дарт күтүлбөгөн учурда келип калышы мүмкүн.

Бейтаптарды уруша албайсың, акыл айтып койсоң, дароо эле "мен буларды билем, акыл үйрөтпө" деп чыгышат. "Билсеңиз анда эмне кайрылдыңыз?" деп кээде айткың келет. Бирок медициналык этиканы сактоо максатында, унчукпай негизги оорусун дарылай беребиз.

Жакында эле бир кесиптеш туура сөздөрдү айтты: “Өнүккөн өлкөлөрдө жыл сайын алдын-ала медициналык кароо өткөрүлөт, ал эми биз болсо оорулардын кесепеттери менен гана күрөшүүгө мажбурбуз. Генетикалык жактан организмдин кайсы ооруга жакындыгын далилдеп, аны дарылашат.”

Өткөн жылдын аягында ашказан рагы менен ооруган 60 жаштагы бейтап ооруканага жаткырылды. Оорулуунун тарыхынан: жаш убагында гастрит оорусу ашказан жарасына өтүп кеткен, себеби бейтап тиешелүү тамак-аш диетасын сактаган эмес жана зыяндуу адаттарга жакын болгон. Мезгил-мезгили менен амбулатордук жардам алган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир нече жыл өткөндөн кийин арыктап, кыйналып, тамакты жакшы жей албай, уйкусу качып, улам чарчай бергендиктен дарыгерлерге кайрылган. Гастроскопиядан өткөзүп, биопсия алсак ашказаны рак болгону далилденди. Бейтапка операция жасалып, 15 күндүн ичинде жакшы болуп бейтапканадан чыгарылган. "Эмне үчүн өзүңүздүн ден соолугуңузду ушундай абалга жеткирдиңиз?" деген суроого: "Балам, кыргызчылык болуп калды. Рак болуп калат деп ойлогон эмесмин" - деп жооп берди.

Дагы бир мисал: 18 жаштагы кыздын ичи таңга маал ооруй баштайт. Кыз бул ооруга маани бербей дарысын ичип, окуусуна кетет. Кечке чейин оорусу күчөгөнүнө карабай, кайра-кайра дары менен оорусун басып жүрөт. Түн ичинде жалпы абалы оорлошуп, денеси ысып, кусуп, дары-дармектер жардам бербей калганда гана "Тез жардам" чакырып, нөөмөттөгү бейтапканага барышат. Ал жакта дарыгерлер "сокур ичеги" деген диагноз коюшат. Дарыгерлер "дарт өтүшүп кетиптир, ошон үчүн операция да ойлогондон кеч бүттү" деп кабарлашты. Ошондуктан бир жерибиз ооруй баштаганда качан жакшы болуп калаарын күтпөй, дарыгерлерге чалып кеңеш алып же бейтапканага барган оң.

Жакында эле 45 жаштагы бейтапты курч холецистит диагнозу менен жаткырдык, УЗИ кылсак өтүндө таш бар экен. Операцияга дароо алалы десек, оору баянында кошумча дарттары көп экен. 40 жашында инфаркт болуптур, кандын кант оорусу менен ооруйт экен. Анестезиолог бейтапты көрүп, "2-3 күн дарылап, анан операция кылалы" деп кеңеш берди. Толук изилдөөлөрдөн соң бейтапты 3-күнү операцияга алып, 6-күнү үйүнө жибердик.

Дарыгерлерге, бейтаптарга жана алардын туугандарына кеңеш бере турган болсом - бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылып, оору менен чогуу күрөшүүсүн кааламакмын. Ошондо гана силер ооруну жеңе аласыңар! Анткени баарыбыздын максатыбыз бир – айыгып кетүү. Өзүңөргө сак болгула!

Эрмек Исмаилов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG