Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Былтыр үй-бүлөдөгү зомбулуктан 62 аял каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы Кыргызтанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жаракат алган. Бул тууралуу «Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фондунун баяндамасында айтылат.

Аталган фонддун иликтөөсү көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгондор жана жабыркагандар жыл сайын көбөйүп жатат. 2016-жылы 16 аял каза болуп, 176сы жаракат алган. Ал эми 2017-жылы 13 аял каза болуп, 189у жабыр тарткан.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 30 миңден ашык чалуу түшкөн. Быйыл жыл башынан бери ушундай эле чалуулар үч миңден ашты. (KE/BTo)

XS
SM
MD
LG