Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

«Күйөөмдөн качып жүрөм...»


Иллюстрациялык сүрөт. (Үсөн Акундун сүрөтү)
Иллюстрациялык сүрөт. (Үсөн Акундун сүрөтү)

2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жаракат алган.

Гендердик эксперттер зомбулукка каршы 365 күн бою күрөшкөн өзүнчө орган ачууну сунуш кылып жатышат.

Сайрагүл (аты өзгөртүлдү) биздин буга чейин алып чыккан каармандарга салыштырмалуу жолдошу менен азыраак убакыт гана чогуу жашаган. Ала качып кеткенден кийинки бир жылда канчалык зомбулукка туш болгонун адис эмес, жөнөкөй адам деле сезе тургандай. Бир да көрбөгөн жигитке оорулуу апасынын өтүнүчү менен баш кошуп калганын, жолдошу эки ай өтпөй кол көтөрүп, кош бойлуу кезинде сабаган учурларын айтып берди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери келиндин арызына көңүл бурбай, кайра маселени анын пайдасына чечип бериш үчүн «ыраазы кылышын» сурашкан.

«Чыдап жүрдүм, боюмда бар кезде да уруп жүрдү, - дейт ал. - Акыры туугандарыма айтканга туура келди. Анткени мен корккондон калчылдап-титиреп, эсим ооп жыгылып калдым. Ошентип жүрүп милицияга арыз жаздык. Алар чакырып сурашат, «урбайм, чаппайм» десе кайра бошотушат. Кайра келип алып: «Ушул колуң менен жаздыңбы, арызды?» деп колумду кайрыйт, муунтат. Милицияга барсаң: «Көгалаң жок экен го, эмнени карайбыз дешет. Эртеси мага чалып «ыраазы кыл» деп айтышат. «Өзүм жумушум жок, ыраазы кыла албайм» дедим. Мен аларга көгала болуп барышым керек экен же өлүшүм керек экен. Азыр эки жолго тушүп, ажырашсак да элге окшоп кенен-кесип баса албайм, корком. Көрүп калса көчөдө деле чаап жиберет. «Өлтүрүп кетем» деп коркутат. «Баланы көрөм» деп келип, ызы-чуу кылып кетет».

«Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фонду тараткан маалыматка караганда, 2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жаракат алган. «Пикир» изилдөө мекемесинин талдоочусу, социолог Гүлнара Ибраева мамлекет үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы терроризмге каршы күрөшкөндөй эле аракет көрүшү зарыл экенин билдирди:

Гүлнара Ибраева.
Гүлнара Ибраева.

«Бийлик органдары «үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү - биздин негизги маселебиз» деп такай айтышат. Бирок бул жөн эле сөз. Сөз иш менен көп айкалышпайт. Бюджетти карасаңыз гендердик теңчиликти камсыз кылуу же зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чараларына каражат таптакыр жетишсиз. Буга багытталган мыйзамдын аткарылышына жылына 25 млн. сом керектелет. Ал эми былтыр биринчи жолу 3,5 млн. сом бөлүндү. Бул эмнесине жетет? Экинчиден, ушул багытта ишти көзөмөлдөп, мамлекеттик органдардын ишин координациялай турган орган жок. Ошондуктан зордук-зомбулукка каршы жумушубуз да чачыранды болуп жатат».

Аталган фонддун иликтөөсү көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгондор жана жабыркагандар жыл сайын көбөйүүдө. 2016-жылы 16 аял каза болуп, 176сы жаракат алган. Ал эми 2017-жылы 13 аял каза болуп, 189у жабыр тарткан.

Ошол эле учурда аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан 350 аялдын жүзгө жакыны «Киши өлтүрүү» беренеси менен соттолгон. Бул жалпы соттолгондордун 25% түзөт. Бул берене менен соттолгон аялдардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар.

Зомбулуктун ар кандай түрүнө туш болгон кыз-келиндер кризистик борборлорго жана милицияга кайрылышат. «Аялдар демократиялык тармагы» фонду өткөн жылдары аксакалдар сотуна, кризистик борборлор менен кайрымдуулук фондуна кайрылган аялдар 8% көбөйгөнүн билдирүүдө. Ал эми ИИМ былтыр 7 миңден ашуун кишиге коргоо ордерин берген.

ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Азамат Абдрахмановдун айтымында, былтыр үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча телефон аркылуу 30 миңден ашык кайрылуу түшкөн.

Азамат Абдрахманов.
Азамат Абдрахманов.

«Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири бир жылда эки жолу зомбулук көрсөтсө, биз автоматтык түрдө ал адамды каттоого алабыз, - дейт ал. - Ай сайын анын жүрүш-турушун, арак ичеби-жокпу, жумушка кирдиби-жокпу деп текшеребиз. Ошол учурда сөзсүз түрдө коррекциялык программага жөнөтөбүз. Ал эми бир жылдын ичинде 8 миңдей коргоо ордери берилет. Бул жөн эле кагаз эмес, мамлекеттин коргоо ордери. Талаптарды бузса зордукчул адамды алып барып камайбыз, иш козгойбуз».

Абдрахманов белгилеген коррекциялык программаны Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги иштеп чыгып, өкмөткө кол коюуга жөнөткөн. Ал эми зомбулук көрсөткөн адамга миң сомдон 3 миң сомго чейин айыппул салынат. Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирин, аялын же балдарын сабап, ден соолугуна оор залал келтирсе айыппулдан сырткары кылмыш иши козголот.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери үй-бүлө институтуна көңүл бурулган эмес. «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, мурда үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча арызды жапа чеккен киши гана жаза алса, жаңы мыйзам боюнча зомбулукка күбө болгон ар бир адам милицияга кабарлап, арыз жазууга укуктуу. Милиция ошол арыздын негизинде ишти карап, чара көрүүгө тийиш. Укук коргоочулар муну жакшы жылыш катары баалап, үй-бүлөдөгү зомбулукка сырттан кийлигишүү болгондо гана аны азайтууга шарт түзүлө турганын белгилеп келишет. Алар милицияга кайрылгандардын көбөйгөнүн да ушуну мене түшүндүрүп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева буга чейин кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча жумушчу топ түзүлөрүн да кошумчалады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG