Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 07:32

Элеттин укуктук сабаты ачыла элек


Юстиция министрлигинин адистеринин Жалал-Абадда өткөргөн акциясы учурунан.

Кыргызстандын аймактарында карапайым тургундар жер, турак жай жана башка мүлктөргө укуктарын аныктоодо кыйынчылыктарга тушугуп жатат. Буга укуктук сабатсыздык кедергисин тийгизүүдө.

Юстиция министрлигинин карамагында уюштурулган акысыз жардам көрсөтүү кызматы калкка укуктук кызмат көрсөтүү иштери жолго коюлган деп ишендирип келет.

64 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну Абдыгапар Тажибаев - укуктук сабатсыздыгын өз алдынча жойгон жергиликтүү тургундардын бири.

- Батир талаштын айынан буга чейин жактоочу жалдап, соттордун эшигинде күн өткөргөнүм эсимде. Ошол окуя мага чоң сабак болуп, азыр укуктук жактан бир топ эле маалыматым бар. Орган кызматкерлерине кайрылуу жазуу, документ даярдоо жумуштарын азыр өзүм эле бүтүрөм. Менин оюмча азыр көпчүлүк адамдар өз укуктарын билбейт. Укуктук жактан сабаты төмөнүрөөк десек жарашат. Талаштуу жагдайларда, кайсыл бир маселелерди чечүүдө алар өз алдынча эч кандай аракет көрө албайт. Ошол себептүү алар жактоочуга көз каранды. Мен буга чейин “Акысыз юридикалык кеңеш берет” деп уккам, бирок өзүм пайдаланып көрбөпмүн.

Азамат Калиев.
Азамат Калиев.

«Акыйкаттык» - «Справедливость» жана “Сейит-Ата” уюмундары өткөн жылдын этегинде жүргүзгөн сурамжылоодо суралгандардын 90% ашыгы акысыз укуктук жардам алуу укугуна ээ экени тууралуу маалыматы жок болуп чыккан.

“Сейит-Ата” коомдук уюмунун жетекчиси Азамат Калиев мындай деди:

- Ар бир аймакта 2019-жылдын октябрь-сентябрь айларында 100-150 адамдан сурамжылоо өткөрдүк. Биздин сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул мыйзам тууралуу көпчүлүк жарандарда маалымат жок экен. Алар укуктук жардамдарды кайдан алууну билбейт. Юстиция министрлигинин алдындагы борборлор калкка маалымат жеткирүүдө аксап жатат. Биз бул багытта аларга жардам берип жатабыз.

Анткен менен Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо район аралык бөлүмүнүн Жалал-Абад облусу боюнча координатору Эрмек Камашов калкка юридикалык акысыз жардам көрсөтүү ишин канааттандырарлык деп эсептейт. Маселен, былтыркы жылы аталган борбор 8200гө чукул адамга укуктук кеп-кеңештерди берген.

Эрмек Камашев.
Эрмек Камашев.

- Мисалы, былтыр облустагы 1350дөн ашык адамга кылмыш жана жарандык иштер боюнча акысыз жактоочулар дайындалган жана көмөк берилген. Жылдан жылга бизге кайрылып жардам алган адамдар көбөйүп баратат. Бул багытта биз калк арасында маалыматтарды да кеңири жайылтып берип жатабыз. Борбордо жарандар үчүн эки түрдүү тейлөө сунушталат. Биринчиси - конституциялык укуктук жардам. Мында жарандарга ар кандай укуктук маселелер боюнча кеп-кеңештер берилет. Экинчиси - тажрыйбалуу юридикалык жардам сунуш кылуу. Мында адвокаттар түздөн-түз жардамга келет. Жарандын кайрылуусуна жараша арызды туура жазуудан тартып, сот өндүрүшүнүн бардык тепкичтеринде катышат. Кошумчалай кетсек, бул борбор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруу максатында ачылган.

Юстиция башкармалыгынын Жалал-Абад шаарында өткөргөн акциясы.
Юстиция башкармалыгынын Жалал-Абад шаарында өткөргөн акциясы.

Эрмек Камашовдун айтымында, тургундар негизинен жер маселеси, карызды өндүрүү, үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү менен кайрылышат.

Алардын бири - Жалал-Абад шаарынын 53 жаштагы тургуну Нигора Юлдашева. Ал 2015-жылдан тарта укуктук кеп-кеңеш алып турганын айтууда:

- Беш жылдан бери жеке тарап менен турак жай талашып келе жатам. Соттук иштерде жана башка жагдайларда юстиция башкармалыгы менен байланышып, алардан укуктук жардам алып турам. Былтыркы жылдын күз айынан тартып алар камсыздап берген жактоочу эки инстанциядагы сотко акысыз катышып, менин укугумду коргоп берди. Эми 4-февралда Жогорку сотто карала турган жараянга жактоочу катыштырып берүүдө маселе жаралып жатат. Анткени Бишкек шаарына барып келүүгө жактоочуга жеңил автоунаага гана жол кире каралыптыр. Жактоочу кышкысын борборго автоунаа менен барууну каалабай турат. Менде учакка билет сатып алууга мүмкүнчүлүк жок. Азыр бул жагдайды чечиш үчүн башкармалыктын адистери сүйлөшүп жатат.

Анткен менен Жалал-Абадда жайгашкан «Акыйкаттык» - «Справедливость» уюмунун адвокаты Өткүрбек Жапаров мамлекет кепилдеген юридикалык жардам элге жеткиликтүү болбой жатканын белгиледи:

Өткүрбек Жапаров.
Өткүрбек Жапаров.

- Адилеттүү сотко болгон укуктун негизги пайдубалы юридикалык жардам болуп эсептелет. Ошол жардам көрсөтүлсө, анан теңсиздик жоюлат. Прокуратурага канча каражат берилсе, адвокатурага да ошончо каржылоо болушу керек. Бул жерде мамлекет ал каржылоону Юстиция министрлиги аркылуу жүргүзүп жатат. Мисалы, адам кармалгандан кийин баш коргоо чарасы каралып жатканда сөзсүз адвокат катышууга тийиш. Ошол жараянга катышууга 1500 сом белгиленген. Бул эмне деген сумма, ага иштеген адвокат сапаттуу кызмат көрсөтө алабы? Ал эми мамлекеттен миллиондогон сумма бөлүнгөнү менен ал толук иштетилбей жатат. Ошол себептүү бул мыйзамдын толук аткарылышын камсыздоо үчүн каржылоону мамлекеттик органга эмес, келишим менен өкмөттүк эмес уюмдарга бергени туура болмок. Бул багытта биз жакында өз сунуштарыбызды жөнөтөлү деп жатабыз.

«Акыйкаттык» - «Справедливость» уюму Кыргызстанда мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча түзүлгөн улуттук тармактагы 14 өкмөттүк эмес уюмдун курамына кирет.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы үч миңден ашуун жактоочулардын 300дөйү учурда атайын окуудан өтүп, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам программасы аркылуу бирдиктүү ресстрге катталган. Алар кайрылган жарандарга акысыз жактоочулук милдетти аткарат жана алардын төлөмдөрү мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Бул багытта 2019-жылы бюджеттен 77 млн. сом каралган.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү мыйзамынын жаңы редакциясы 2016-жылы сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG