Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Кыргызстанда "Өз укугуңду бил!" деген өнөктүк башталат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Иш-чараны Акыйкатчы институту, Кыйноого каршы улуттук борбор, Борбор Азиядагы түрмө реформасы, адвокатура, "Кылым шамы", "Бир дүйнө - Кыргызстан, "Балдар укугун коргоо лигасы" укук коргоо уюмдары чогуу уюштуруп жатат.

Аны өткөрүүгө кыйноого каршы күрөш программасынын алкагында Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүдө.

Бүгүн Бишкекте өнөктүктүн уюштуруучулары өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жана "Өз укугуңду бил!" деп аталган иш-чаранын мөөнөтү, максаты тууралуу маалымат беришет. Жарандык коом өкүлдөрү "Сот адилеттигинде бурулуш жасоо" темасында күч-аракеттерин бириктире турганын да жарыялайт. (NT)

XS
SM
MD
LG