Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Менчикти коргоонун мээнети


Бишкектеги Гагарин 139 «а» дарегиндеги жер тилкесине курулган көп кабат үйлөр.

Кыргызстанда соттордун мыйзамсыз чыгарган чечимдеринин айынан жарандардын менчикке болгон конституциялык укуктары бузулган учурлар өнөкөткө айланып баратканы айтылууда.

Соттук териштирүүдөн калыстык таппай, аргасыз абалдагы айрым менчик ээлери соттордо мыйзамсыз каралып, анын натыйжасында кыймылсыз мүлкүнөн ажыраган иштерин кайрадан калыс каратууну камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго чейин кайрылган учурлар бар. Ошондой жарандардын бири, Кара-Балта шаарынын тургуну, фермер-пенсионер Рамзан Шидаев мындан 13 жыл мурун алган Бишкектеги 85 сотых жер тилкесин соттордун чыгарган мыйзамсыз чечимдеринин негизинде курулуш компаниясына тарттырып жибергенин билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго даттанды.

Мүлкүнөн ажыраган фермер президентке кайрылды

Кара-Балта шаарынын 72 жаштагы тургуну, фермер Рамзан Шидаев президент Сооронбай Жээнбековго жазган арызында Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндөгү №139, №139 «а» дарегинде жайгашкан жалпы аянты 85 сотых кыймылсыз мүлкүн соттордун мыйзамсыз чечиминин негизинде тарттырып жибергенин жазып, анын менчик укугун калыбына келтирип, мыйзамдуулукту камсыз кылыш үчүн чара көрүүнү суранган. Арызда пенсионер Рамзан Шидаев мурда банкка күрөөгө коюлуп, кийин насыя төлөнбөй калып, банктын карамагына өтүп кеткен бул кыймылсыз мүлктү 2006-жылы 10-ноябрда «Фрунзенец» курулуш-монтаждоо кооперативинин ошол кездеги башкы эсепчиси, Орусиянын жараны Жайхан Гелисханова аркылуу АКБ «Кыргызстан» банкынан сатып алганы көрсөтүлгөн. Рамзан Шидаев 2006-жылы маркум досу Захир Крымсултановго акча берип, кийин анын карындашы Жайхан Гелисханова аны банкка өзүнүн атынан өткөрүп, уулу Иса Шидаевге аталган кыймылсыз мүлктү каттаттып бергенин билдирди:

Рамзан Шидаев.
Рамзан Шидаев.

- Мен Бишкекке келип, акчаны алардын мекемесине алып барып, мага мурда айткан боюнча 60 миң АКШ долларын кыймылсыз мүлктү камоодон чыгарыш үчүн бергемин. Бул 2006-жылдын 18-октябры болчу. Андан кийин Жайхан Гелисханова акчаны банкка алып барып өз атынан тапшырып, мурда макулдашкандай, кыймылсыз мүлктү менин уулума каттаттып берген. Бул алды-сатты мыйзамдын алкагында жасалып, мен акчасын төлөп берип, ага чейин банктын карамагына өтүп кеткен мүлктү кайра кайтарып алганбыз. Андан кийин эле алды-саттыдан 11 жыл өткөн соң, Жайхан Гелисханова бизди «бөтөн кыймылсыз мүлктү жеке менчигине каттатып алды» деген жалган жалаа менен сотко берди. Анткени, анын айтымында, мен анын ижарада турган мүлкүн банк менен келишип алып, мыйзамсыз жол менен сатып алган имишмин. Кезинде төлөнбөй калган насыянын акчасын таап, карыздан кутулганга чейин кыймылсыз мүлктү банктын карамагына өткөрбөй кармап туруш үчүн банк менен түзүлүп, бирок эч жерде катталбаган, анын жараксыз ижара келишимин соттор таанып, чечим чыгарып беришти. Ал эми биздин бардык документтер менен далилденип турган менчик укугубузду сот карап да койбоду. Бар үмүтүбүз президентте калды. Ошондуктан бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын эшигин жыртып, калыстык таппай, айла кеткенде мамлекет башчыбыз Сооронбай Жээнбековго кайрылганмын. Бардык эле органдар «мыйзам сен тарапта, чындкы сен тарапта экен, бирок сот чечими чыгып калган турбайбы» дешет. Анда эмне, мен ак эмгегим менен тапкан мүлкүмдөн ушинтип ажырап, алакан жайып эле отуруп кала беришим керекпи?

Банктан башталган чатак

«Кыргызстан» банкы (АКБ «Кыргызстан») менен анын уулу Иса Шидаевдин ортосунда түзүлгөн алды-сатты келишимине банктын ишенимдүү өкүлү Эдина Саргашкаева кол койгон. Иса Шидаевдин мүлккө карата менчик укугу нотариалдык каттоого алынып, андан соң анын колуна мамлекеттик каттоо актысы тапшырылган. Анткени буга «Кыргызстан» банкынын башкармалыгынын тиешелүү чечими негиз болгон. ««Кыргызстан» банкы» ачык акционердик коомунун башкармалыгы 2006-жылы 26-октябрда Бишкектин Гагарин көчөсүндөгү №139, №139 «а» дарегиндеги кыймылсыз мүлк объектилерин Иса Шидаевге 2 млн. 298 миң 734 сомго сатуу жана бул алды-сатты келишимин түзүш үчүн банктын Биринчи май райондук филиалына ыйгарым укук берген чечимин кабыл алган. Буга «Кыргызстан» банкынын Биринчи май райондук филиалынын жетекчиси Э.У Укуевдин 2006-жылы 23-октябрда башкармалыкка жиберген өтүнүч каты негиз болгон. Анда банктын филиалынын башчысы Э.У Укуев аталган кыймылсыз мүлктү насыя төлөнбөй калганы үчүн 2006-жылы 24-майда насыя алуучу Захир Крымсултанов менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, банк өзүнө өткөрүп алганын белгилеген. Бирок банк 2006-жылы 30-майда Захир Крымсултановдун карындашы Жайран Гелисхановага бул кыймылсыз мүлктү андан ары сатуу укугу менен он жылга ижарага берүү тууралуу келишимге келгени көрсөтүлгөн. Банктын филиалынын жетекчиси Э.У Укуев Жайран Гелисханова банкка 2 млн. 298 миң 734 сомду (насыянын төлөнбөй калган өлчөмү) толук төлөгөнүнө байланыштуу аталган кыймылсыз мүлктү Иса Шидаевге сатууга уруксат берүүнү сурап, «Кыргызстан» банкынын башкармалыгына жазган. Адвокат Мунарбек Супатаев «Кыргызстан» банкы эмне себептен ал кыймылсыз мүлктү Рамзан Шидаевдин уулуна өткөрүп берүүнү чечкенин төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

Мунарбек Супатаев.
Мунарбек Супатаев.

- «Кыргызстан» банкынын Биринчи май райондук филиалынын жетекчиси башкармалыкка жиберген өтүнүч катта Жайхан Гелисханова акчаны толугу менен төгүп бүткөнүн билдирип жана кыймылсыз мүлктү Иса Шидаевдин жеке менчигине өткөрүп берүүгө уруксат берүүнү сурап жатат. Банк жөндөн-жөн эле андай чечим чыгара албайт да! Насыяга төлөнө турган акчаны алып, анан банктын карамагында турган мүлктү кайра башка бирөөгө сатып жибере турган банктын укугу да жок. Мында Иса Шидаев менен банктын аталган алды-сатты келишими Жайран Гелисханованын арызынын негизинде жүргүзүлгөн. Буга байланыштуу банктын башкармалыгынын чечими турат. Ага негиз берген банктын филиалынын жетекчисинин өтүнүч каты сыяктуу негизги документтер турат. Бирок ага чейинки арыз каттардын бардыгы сактоо мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жок кылынганы тууралуу түшүндүрмөнү банктан юрист алып келип берген. Анан ушул жагдайды сот 11 жыл өткөндөн кийин гана күмөн санап, аталган алды-саттыны жокко чыгарып салды. Шидаев көрсөтмөсүндө «эгерде Кара-Балтада мал чарбачылыгы менен алектенген адам маркум Захир Крымсултанов менен анын карындашы айтып, аны сатып алууга көндүрбөсө Бишкектин Гагарин көчөсүндө алардын банкка алдырып жиберген кыймылсыз мүлкү бар экенин мен каяктан билет элем» деп түшүндүрмө берип жатат. Рамзан Шидаевге мурун ага чейин эле Крымсултанов, Гелисханова 95 миң доллар карыз болуп, анан ошол «банкка өтүп кетип жаткан кыймылсыз мүлктү сатып алсаң, сенин акчаң ошону менен кайтат, болбосо биз сенин акчаңды кайтарып бере албайбыз» деп жатышса, анан ал мурда берген акчасын кайтаруунун башка жолун таппай, айласыздан дагы мурдагыга кошумча 60 миң АКШ долларын берип, алар айткан мүлктү сатып алууга аргасыз болгон.

Бишкек шаардык сотунда бул жарандык иш каралган учурда «Кыргызстан» банкынын атынан алды-сатты келишимине кол койгон Эдина Саргашкаева көрсөтмө берген. Анда ал банкка 2005-жылы юристтик кызматка келгенин, алды-саттынын аркасы менен Жайхан Гелисханова менен таанышканын жана анын арызынын негизинде мүлктү башка бир жаш жигитке каттаган жоболоштурууга катышканы тууралуу көрсөтмөсү соттук сурак протоколуна түшкөн. Бирок сот чечим кабыл алууда анын ошол көрсөтмөсүн эске алган эмес. Себеби «Кыргызстан» банкынын башкармалыгынын Жайхан Гелисханова насыяны толугу менен төлөгөнүнө байланыштуу кыймылсыз мүлктү Иса Шидаевге өткөрүп берүү боюнча арызы жок болуп чыккан. Муну Рамзан Шидаев атайын жасалган иш-аракет болушу мүмкүн деп шекшип, бирок банктын филиалынын жетекчисинин башкармалыкка жиберген өтүнүчү Жайхан Гелисханованын арызына негизделгенин териштириш үчүн сот өтүнүч каттын ээсин чакырып, андан көрсөтмө алууга кызыкчылыгы болбогонун белгиледи.

АКБ "Кыргызстан" банкынын документтери

Сотко Иса Шидаев менен бирге жоопкер тарап катары катышкан «Кыргызстан» банкынын өкүлү Кубандык Өскөнбаев 2017-жылы 19-сентябрда Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүп, Жогорку сотко жазган көзөмөл арызда аталган алды-саттынын таржымалы боюнча кеңири түшүндүрмө берген. Анда ал маркум Захир Крымсултанов 2003-жылы 29-ноябрда банктан 3 млн. 230 миң сом өлчөмүндө, 15% үстөк менен бир жылдык мөөнөткө насыя алганын, анан төлөө мөөнөтү өтүп кетип, 2005-жылы 18-февралда насыя келишими алты айга узартылганы тууралуу маалымат берген. Ошондой эле банктын өкүлүнүн түшүндүрмөсүндө аталган насыя үчүн «Фрунзенец» курулуш-монтаждоо кооперативине таандык, Бишкектин Гагарин көчөсүнүн №139, №139 «а» даректеринде жайгашкан эки объект күрөөгө коюлганы көрсөтүлгөн. Алынган насыяны үстөк пайыздары менен төлөө мөөнөтү кечиктирилгенине байланыштуу 2006-жылы 11-майда Захир Крымсултанов насыянын калган бөлүгүн же башкача айтканда 2 млн. 298 миң сомду жабыш үчүн аталган мүлк объектилерин банкка өз ыктыяры менен өткөрүүгө макулдук бергени белгиленген.

Банктын өкүлү К. Өскөнбаевдин көзөмөл арызы

Бирок банк кийин сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында насыя алуучунун шартына көнүп, Захир Крымсултановдун карындашы жана «Фрунзенец» курулуш кооперативинин башкы эсепчиси, Орусиянын жараны Жайхан Гелисхановага банктын карамагына өтүп кеткен мүлк объектилерин сатуу укугу менен он жылга ижарага берүү тууралуу келишимге келгени банктын өкүлүнүн көрсөтмөсүндө келтирилген. Андан беш ай өткөн соң, Жайхан Гелисханова 2006-жылы 18-октябрда банкка бир адамды ээрчитип келип, насыяны толугу менен төлөп, кыймылсыз мүлктү кийин белгилүү болгондой, Иса Шидаевге каттоо иштерине өзү катышканы банктын өкүлүнүн көзөмөл арызында жазылган. Банктын өкүлү Кубандык Өскөнбаев азыр бул жагдай тууралуу банктык сырга байланыштуу маалымат каражаттарына ачык комментарий бере албай турганын айтты:

- Кечиресиз. Бизде банктын насыя берүү саясатындагы купуялыкты сактоого байланыштуу бул маселе боюнча маалыматтарды таратууга укугум жок. Анткени сиз сураган маалыматтар банктын ички коммерциялык сыры болуп саналат. Ошондуктан мен бул тууралуу ачык айтып, маалымат бере албайм.

Сот эске албаган тилкат

Банк кыймылсыз мүлктү Иса Шидаевге өткөрүп бергенден беш күн мурун, тагыраагы 2006-жылы 18-октябрда маркум Захир Крымсултанов досу Рамзан Шидаевге жазган тилкатында ага караштуу «Фрунзенец» курулуш-монтаждоо кооперативинин өндүрүштүк базасын камоодон чыгарыш үчүн андан 60 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганын ырастап, кыймылсыз мүлктү Иса Шидаевдин наамына каттатып берүүгө милдеттенме алганы көрсөтүлгөн. Захир Крымсултановдун тилкаты деген кагазда карыз акчаны аталган өндүрүштүк база сатылган соң, анын сатылган баасына жараша, бирок 90 миң АКШ долларынан кем эмес өлчөмдө кайра кайтарып бере турганы жазылып, «Фрунзенец» курулуш-монтаждоо кооперативинин мөөрү басылган. Бирок Рамзан Шидаевдин айтымында, ал киши максатына жетпей каза болуп калган. «Фрунзенец» курулуш-монтаждоо кооперативинин башкы директору маркум Захир Крымсултанов эки жолу Бишкек шаардык кеңешинин депуты болгон. Ал шаардагы көп кабаттуу турак жай курулушуна кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген курулушчусу» наамына ээ болгон.

Иликтенбей калган иш

Рамзан Шидаев анын уулунун жеке менчигине катталган Гагарин көчөсүндөгү жалпы аянты 85 сотых жер тилкесине көп кабат үйлөрдүн курулушу түшө баштаганда «Фрунзенец» курулуш кооперативине каршы жана курулушка уруксат берген мамлекеттик органдар катары Бишкек архитектура башкармалыгы менен Мамэкотехнинспекцияга каршы Ленин райондук прокуратурасына арызданган. Андан соң бул ишти Финансы полициясынын Бишкек шаардык башкармалыгы иликтеп, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө байланыштуу «Өзүм билемдик» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иштерин козгогон. Бирок бул кылмыш иштеринин бири тергөө учурунда кыскарса, экинчиси Ленин райондук сотунда айып коюлган тарапты кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу менен аяктаган.

Кылмыш ишин козгоо жана токтотуу боюнча токтомдор

Антсе да адвокат Мунарбек Супатаев козголгон кылмыш иштерин иликтөө атайын кечеңдеп отуруп, өз ара байланыштардын аркасы менен кыскарып кеткенин айтты:

- Захир Крымсултанов каза болгондон кийин анын туугандары ал жер тилкесине көп кабат үй кура баштаганын көрүп Рамзан Шидаев прокуратурага арызданган. Анын негизинде козголгон кылмыш ишинин учурунда алар башка даректеги жер тилкесинин документтери менен архитектура агенттигинен жана Мамэкотехинспекциядан уруксат алып, Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндөгү 139 «а» дарегиндеги жер тилкесинде көп кабат үйдүн курулуш иштерин баштап жатканы далилденген. Текшергенде, документтер боюнча уруксат берилген жер тилкеси башка дарек болуп чыккан. Ал боюнча прокуратура башында кылмыш ишин козгоп, ага уруксат берген тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүү тууралуу токтом чыгарган. Ал эми «Фрунзенец» курулуш кооперативине мыйзамсыз курулуш үчүн айып пул салган. Анан 2017-жылы Жайран Гелисхановага «аталган жер тилкеси меники деп жүргөмүн, бирок документтер боюнча Иса Шидаевге өтүп кетиптир» деген негизде сотко арыз жазган. Анан биздин жазган арыздын негизинде козголгон кылмыш ишин иликтөө кечеңдеп отуруп, берки жарандык иш боюнча соттун чечимдери чыгып калганына байланыштуу укук коргоо органдары аны кароону тергөөдөн кыскартып салышты.

Соттун эки анжы чечими

Бул алды-саттыдан 11 жыл өткөн соң, 2017-жылы 24-февралда Захир Крымсултановдун карындашы Жайхан Гелисханова Рамзан Шидаевдин уулу Иса Шидаевдин атына катталган ал кыймылсыз мүлккө менчик укугун жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арыз жазган. Бирок Бишкектин Ленин райондук соту доо арызды жарандык тартипте кароо мөөнөтү эбак эле эскирип, өтүп кеткенине карабастан арызды кароону соттук өндүрүшкө алган. Арыздын өзүн сотко кабыл алууну адвокат Мунарбек Супатаев Жарандык кодекстин талаптарын одоно бузуу деп баалады.

Бишкектин Ленин райондук сотунун аныктамасы

Анткени Жарандык кодекстин 211-212-беренелерине ылайык, мүлккө карата алды-сатты бүтүмүн жараксыз деп табыш үчүн доо арыз ал бүтүм күчүнө кирген күндөн үч жылга чейин гана кабыл алынат. Ал эми адвокат Мунарбек Супатаев Иса Шидаевдин аталган кыймылсыз мүлккө болгон менчик укугу катталып, күчүнө киргенден 11 жыл өткөн соң гана Жайхан Гелисханова ага доо коюп чыккан жагдайды сот эске албаганын белгиледи. Арызды караган судья Жылдыз Жумабаева аталган кыймылсыз мүлк боюнча эки ача чечим чыгарган. Анткени сот доо арыздагы Гагарин көчөсүнүн №139 дарегиндеги 5 сотых жер тилкеси боюнча 2017-жылы 4-майда «доо арызды кароо мөөнөтү өтүп кеткен» деген аныктама чыгарган. Ал эми 80 сотых жер тилкеси турган 139 «а» дарегиндеги объект боюнча сот насыя төлөнгөнгө чейин банк 2006-жылы 31-майда мүлктү ижарага берген келишимдин негизинде Жайхан Гелисханованын менчик укугун тааныган. Бир эле учурда банк тарабынан сатылган эки жер тилкесине карата эмнеге мындай эки башка мүнөздөгү чечим чыкканын сурап кайрылсак, судья Жылдыз Жумабаева чыгарган чечимдерин чечмелеп берүүгө милдеттүү эмес экенин айтып, суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Соболу көп ижара келишимин сот тааныды

Бирок, адвокаттын айтымында, сот өз чечиминде аталган ижара келишими банк карыздан кутулуш үчүн насыя алуучуга убакыт берген мүмкүнчүлүк экенин жана анын юридикалык күчү болбогон жагдайды эске албай койгонун айтты. Анткени, адвокаттын айтымында, мыйзам боюнча банк Иса Шидаевге кыймылсыз мүлктү саткан учурда ижара келишими күчүндө болсо, алды-сатты келишимин нотариус да, андан кийин Мамлекеттик каттоо кызматы да каттамак эмес. Адвокат Мунарбек Супатаев Иса Шидаевдин менчик укугун жокко чыгарууга сот негиз катары карманган ошол ижара келишиминин мыйзамдуулугу тууралуу мына буларга токтолду:

- 2006-жылы 31-майда Жайхан Гелисханова менен банктын ортосундагы ижара келишими мыйзамды бузуу менен түзүлгөн. Анткени аталган ижара келишими кезинде нотариалдык ырастоодон жана мамлекеттик каттоодон да өтпөгөнүн кийин биз соттук териштирүү учурунда далилдеп бердик. Жарандык кодекстин 181-беренесинин 1-бөлүгүндө ошондой мамлекеттик каттоодон өтпөгөн ижара келишими же алды-сатты бүтүмү жараксыз жана ага карата менчик укугу арзыбаган укук катары көрсөтүлгөн. Ал эми Иса Шидаевдин нотариустан таанылган, мамлекеттик каттоодон өткөн алды-сатты келишими турат. Ага жер тилкесинин «кызыл китеби» берилип, мамлекеттик каттоо реестринде Иса Шидаевдин наамында турат. Анын менчик укугунун күчүнө киргенине 11 жыл убакыт өтүп жатса, «жеке менчик Конституция тарабынан, мыйзамдар менен корголот» деп жатса да соттор аны көзгө илбестен, Жайхан Гелисханованын юридикалык күчкө ээ эмес, эч жерде катталбаган ижара келишимин жарактуу деп таап, Рамзан Шидаев аксакалдын менчик укугун жараксызга чыгарып салышты.

Курулуш ээси «куру доомат» дейт

Анткен менен мындан 13 жыл мурун Рамзан Шидаевдин уулуна катталып, жалпы аянты 85 сотыхты түзгөн кыймылсыз мүлк боюнча «Фрунзенец» курулуш-монтаждоо кооперативи коюлган дооматтарды четке какты. Бул курулуш ишканасы башында банкка күрөөгө коюлуп, банктын карамагында калып кеткен кыймылсыз мүлкүн «Кыргызстан» банкы Жайхан Гелисхановага он жылдык мөөнөткө ижарага берүү тууралуу келишимге келип, бирок кийин белгисиз жагдайлардан улам ал мүлк Рамзан Шидаевдин уулуна негизсиз жерден катталып калган деп эсептейт. Жайхан Гелисханованын Иса Шидаевге катталган алды-сатты бүтүмүн жокко чыгаруу жана кыймылсыз мүлккө анын өзүнүн укугун таануу боюнча арызында акчаны банкка ал өзү алып барып төлөгөнүн, төлөм квитанциялары анын атында экенин жүйө келтирип, бирок насыяга төлөнгөн акча кимден алынганы, банкка төлөм жүргүзгөндө кимди ээрчитип барганы жана аталган кыймылсыз мүлк кандайча кокусунан эле Иса Шидаевге катталып калганы тууралуу үн каткан эмес. 2017-жылдагы Ленин райондук сотунун Жайхан Гелисханованын менчик укугун тааныган чечимин кийин Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот күчүндө калтырган.

Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими

Анын арызында жоопкер тарап катары Иса Шидаев менен катар эле «Кыргызстан» банкы да көрсөтүлгөн. Бирок негедир бул иште өзүн жабырлануучу тарап катары көрсөткөн Жайхан Гелисханова жазган арызында соттон банк аталган кыймылсыз мүлктү 11 жыл мурун кимдер аркылуу Иса Шидаевге сатканын терең иликтеп чыгып, бул маселе боюнча банктын жоопкерчилигин кароо маселесине анча кызыкчылыгы болгон эмес. Ошондой эле сот чечимдеринен Жайхан Гелисханова 2006-жылы 31-майда ижара келишими боюнча банктан мүлктү өзүнө алып, анан алты айдан соң, 2006-жылы октябрь айында банкка болгон карызды толугу менен өзү төлөгөн болсо, анда эмне себептен ошол эле убакта аны өзүнө өткөрүп алып, каттаткан эмес деген суроого жооп табылган эмес. Адвокат Супатаевдин айтымында, Ленин райондук сотунун чечиминде Иса Шидаевге ал кыймылсыз мүлктүн катталганын Жайхан Гелисханова эмне себептен 11 жылдан соң гана билгенин, насыя толук төлөнүп бүткөндөн кийин анын ижара келишиминин он жылдык мөөнөтүн күтүп жүрө берүүнүн зарылдыгы бар беле деген жагдайга да көңүл бурулбай калган. Анткени мыйзам боюнча насыя төлөнбөй калган шартта банк насыя алуучунун шартына көнүп, күрөөдөгү мүлктү ижарага берип, бирок кийин ал карызды толук төлөгөн учурда ижара мөөнөтүн күтпөй эле ага мүлктү толугу менен өткөрүп берип, ага каттоого милдетүү. Анткени кыймылсыз мүлктүн менчик укугун тууралаштырууга адистешкен юристтер ижара келишиминин шарттары мындай учурда өзүнөн-өзү күчүн жоготот деп эсептешет.

Арызда негизинен банк менен Иса Шидаевдин ортосундагы 2006-жылы 10-ноябрдагы аталган алды-сатты келишимин жокко чыгаруу боюнча талап коюлган. Жайхан Гелисханованын адвокаты Мадина Ниязова жогорудагы суроолорду жоопсуз калтырып, сот алардын менчик укугун калыбына келтиргенин айтып, ошондуктан кийин банктын жоопкерчилигин талап кылууга негиз болгон жок деп эсептей турганын билдирди:

- Бул жерде аталган иш боюнча териштирүү учурунда банктын аракетинде кылмыштын курамы жок деп табылды. Анткени банк акчаны эки тараптан алган эмес. Банк акчаны бир гана жактан алган. Эгерде банк акчаны эки тараптан тең алып, эки жакка тең мүлктү сатуу боюнча келишимге барса, анда бул жерде маселе жаралмак. Бирок банк анын уулу студент убагында аны менен кыймылсыз мүлктү ага сатуу тууралуу келишим түзүп, кийин ага катталып калган. Ошондуктан биз бул алды-сатты келишими биз менен макулдашылбаганын далилдеп чыктык. Анткени Жайхан Гелисханова ижара келишими боюнча ага катталган кыймылсыз мүлктү Иса Шидаевге өткөрүп берүү боюнча банкка жазган арызы жок. Анткени ал андай арыз жазган эмес. Бирок банк бизге айтпастан туруп, анын наамына тууралаштырып койгон. Акчаны болсо банк бизден алган. Сотто акчанын төлөнгөнү тууралуу Жайхан Гелисханованын атына жазылган төлөм квитанцияларын көрсөттүк. Ленин райондук сотунан баштап Жогорку сотко чейин ошол жагдайларды эске алып, ырастап, ошонун негизинде мүлккө болгон укукту биздин пайдабызга карата тааныган сот чечимдери чыкты. Бул боюнча бир канча ирет соттук териштирүү болгон. Сот акчаны ким төлөгөнүн сураган. Шидаев болсо акчаны ал төлөбөгөнүн айтып, сотто көрсөтмө берген. Жайхан Гелисханова акчаны өзү төлөгөн. Анын аталган мүлктү Шидаевге сата турган ою болгон эмес. Ошондой эле ал тууралуу кандайдыр бир кагаз жүзүндө далилдей турган документ да жок. Мына ошонун бардыгын эске алып, бардык соттук инстанцияларда ал мүлктүн бизге караштуу экенин далилдедик.

Карыз акчанын капшабы

Бишкектин Гагарин 139 «а» дарегиндеги жер тилкесине курулган көп кабат үйлөр.
Бишкектин Гагарин 139 «а» дарегиндеги жер тилкесине курулган көп кабат үйлөр.

Ал эми башында «Фрунзенец» курулуш-монтаждоо кооперативине таандык болуп, бирок 2003-жылы алынган ири өлчөмдөгү ошол насыя толук төлөнбөй калып, анан ошол банктын карамагына өтүп кеткен күрөөдөгү кыймылсыз мүлктү камоодон чыгарып, карызды жаап, анын негизинде аталган кыймылсыз мүлк объектилерин Рамзан Шидаевдин уулуна каттоого негиз болгон жагдайларга байланыштуу доомат коюп жаткан тараптын суроолору жоопсуз калды. Жайхан Гелисханованын адвокаты Мадина Ниязова азыр Кыргызстанда жок экенин айтып, бул маселе боюнча бардык суроолорго өзү жооп бере турганын билдирди. Анын айтымында, бул мүлк талашка байланыштуу маселе Рамзан Шидаевдин маркум Захир Крымсултановго үстөк пайызы менен карыз акча берип, кийин ал кишинин көзү өтүп кеткен соң аларга белгисиз болгон жагдайлардан улам келип чыккан. Адвокат Мадина Ниязова Рамзан Шидаев Жайхан Гелисханованын маркум агасына үстөк пайызы менен карыз акча берилген жана анын негизги суммасы кайра анын өзүнө кайтарылган деген жүйө келтирди:

- Сурак протоколунда Шидаев Жайхан Гелисханованын байкеси Крымсултановго 2004-жылы 50 миң доллар бергенин айтып жатат. Андан кийин ал 2006-жылы 60 миң долларды үстөк пайызы менен карызга берген. Ошону менен 110 миң доллар болдубу? Кийин дагы ал киши 35 миң долларды ошол жаңыдан курула турган көп кабат үйдөн батир сатып алууга берген. Ал эми Жайхан Гелисханова байкеси менен сүйлөшүп, банк ал жерди он жылдык мөөнөткө ижара келишиминин негизинде саткан. Анан биз ал жер тилкесине он жыл ичинде көп кабат үйлөрдү үлүштүк негизде кура баштаган болчубуз. Анан акчаны карыз алган Крымсултанов каза болуп калды. Анан 2016-жылы ал каза болуп калгандан бир айдан кийин Рамзан Шидаев «бул жердин бардыгына мен кожоюнмун» деп бизге келген. Анан биз: «Кандайча силер кожоюн болосуңар?» деп териштире баштаганбыз. Мамкаттоого барып, сураштырсак бул жер тилкесин банк ал кишинин уулуна сатып, кыймылсыз мүлк ага катталып калганын билдик. Алды-сатты келишими түзүлгөн экен. Биз ага: «Бизде келишим бар болсо, акча төлөнгөнү тууралуу квитанциялар бар болсо, анан бул жер тилкеси кандайча силерге катталып калган?» деп маселе койдук. Прокуратурага арыз жазсак, ал жактан бул жарандык иш экенин айтышты. Кийин соттошуп жүрүп, соттор чечимди биздин пайдабызга чечип беришкен. Анан Шидаев прокуратурага арыз жазганда ал жактан кылмыш иши козголуп, бирок иште эч кандай мыйзамсыз нерсе жоктугуна байланыштуу кылмыш иши кыскартылган.

Адвокат Мадина Ниязова Рамзан Шидаев Захир Крымсултановго берген карыз акчасынын негизги бөлүгүн алганын ырастаган тилкаттар бар экенин айтып, алардын көчүрмөсүн «Азаттыкка» жиберүүгө убада берип, бирок ал убадасын аткарган жок. Анткен менен Рамзан Шидаев маркум Захир Крымсултановдон акча албаганын, эгерде ал акча алган учурда аны далилдей турган документтер болушу керек экенин, анда досунун көзү тирүүсүндө эле эмне себептен кыймылсыз мүлктү кайра кайтарууну талап кылбаганын жана бул иш 11 жыл өткөн соң гана козголуп, жөн жерден эле анын уулуна жазылган менчик укугу тебеленип жатканын жүйө келтирди.

Менчикти коргоо мээнетке айландыбы?

Айрым укук коргоочулар соттор аркылуу менчикке болгон укуктарды жокко чыгарып, кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алууга ыңгайлашкан топтор бар экени тууралуу коңгуроо кагышты. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бул жагдайды сот адилеттигин камсыз кылуудагы калпыстык катары баалады:

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

- Азыр эми бизде рейдерлик топтордун өздөрүнүн соттору, өздөрүнүн сот аткаруучулары жана өздөрүнүн прокурорлору бар. Биздин байкашыбызча, азыркы учурда шаарда ошондой 7-8 топ бар. Алар карапайым адамдарды алдап, жер тилкелерин же башка кыймылсыз мүлкүн соттор аркылуу ар кандай айла-амалдар менен өздөрүнө алып койгон учурлар бар. Азыр эми жаңы мыйзамдарда мындай иштерди кароонун мөөнөттөрү жок. Анан карапайым адамдар соттордун эшигин жыртып, сүйрөлүп жүрө беришет. Ошондой чарбалык талаштарга байланыштуу иштер толуп кетти. Ал эми милициядагы, прокуратурадагы жана сот органдарындагы өзүн сыйлаган, мыйзамды билген адистер кетип жатышат. Азыркы жаңыдан күчүнө кирген кодекстер Конституциядан жогору туруп калган учурлар бар. Ошондуктан жарандын менчик укугун коргоонун кепилдиги тууралуу сөз да болбой калды. Мамлекет карапайым адамдардын мүлкү тургай рейдерлик баскынчылыктан мамлекет өзүнүн менчигин коргой албай калды.

Президенттин убадасы

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы тууралуу жыйында калктын бийликке карата нааразылыгынын 70% ашууну соттордун чыгарган чечимдерине тиешелүү экенин белгилеген болчу. Ошондой эле президент мүлктү тартып алуу соттордун чыгарган мыйзамсыз чечимдери аркылуу жүрүп жатканын белгилеп, мындай кыңыр иштерди кайра карап, иликтеп, менчик укугунун кол тийбестигин камсыз кылуу милдети турганын айтканы бар:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Жарандар арасында сот чечимдерине жана судьялардын жүрүм-турумуна абдан көп нааразылык бар. Фемиданын кээ бир кызматчылары соттордун өз алдынчалыгын жоопкерсиздик катары кабыл алып, мыйзамсыз жана адилетсиз чечимдерди чыгарган учурлар коомчулукту удургутуп, адамдарды кабатыр кылууда. Буга байланыштуу өтө көп арыздар түшүп жатат. Айрым судьялар уюшкан кылмыштуу топтордун кызыкчылыгында жарандардын жана чет элдик инвесторлордун мүлкүн тартып алуу максатында мыйзамсыз чечимдерди чыгарып жатышканына күбө болуудабыз. Азыр биз ушундайларга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мындай иштерге каршы аёсуз күрөш болот. Ошон үчүн мындай иштерди токтоткула, урматтуу соттор. Силер соттук кол тийбестикти башкача ойлобогула.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков сотторго байланыштуу коомчулуктан келип түшүп жаткан арыздар текшерилип, туура эмес чыгарылган соттук иштерди кайра кароо маселеси көтөрүлө турганын белгилеген. Мыйзам боюнча сот бийлигине кийлигишүүгө акысы жок экенин айткан президент Сооронбай Жээнбеков азыркыдай абалда бүткүл эл шайлаган мамлекет башчысы катары сот адилеттигинин камсыз кылууга өбөлгө түзүүгө убада берген эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG