Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Жалал-Абаддагы театрдын жер талашы


Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын имараты.
Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын имараты.

Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театры жайгашкан жер тилкесине байланышкан талашты Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүшкө алды. Буга «жер ээсимин» деп чыккан жеке адамдын арызы негиз болду.

Театр жетекчилиги мындай жагдайдын түзүлүшүнө Маданият министрлигинин кайдигерлиги себепкер деп эсептейт. Министрлик жер тилкесин өз балансына алуу аракетинен майнап чыкпай атканын билдирүүдө. Театр имараты жана ал жайгашкан жер тилкеси 2002-жылдан тартып Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансында турат.

Барпы Алыкулов атындагы театрдын жооптуу кызмат адамдарына каршы Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Жалал-Абад облустук бөлүмү маалымдады. Иштин ачылышына шаар тургуну, «театр ээлеп турган аймактын бир тилкесин 2008-жылы сатып алгам» деп жаткан Дамир Досмуратовдун жазган арызы негиз болгон.

- 200 чарчы метр жер тилкесин 2008-жылы аукциондун негизинде 112 миң сомго менчикке сатып алганмын, - дейт ал. - Ага чейин 3 жыл бою ижара акы төлөп келдим. Ал учурда мен бул жерди канча кыйынчылык менен сатып алганмын. Балдарыма жедирбей, банктан насыя алып жумшадым. Барпы театры болсо менин жер аянтыма кирип, курулуш жүргүзүп салыптыр. Ал жерге ишкана же башка имарат курайын деген максатым бар.

Талаш жаратып жаткан жер тилкесинде өрт коопсуздугун сактоодо колдонулган суу сактоочу кампа жайгашып турат. «Жер ээсимин» деген тарап арыз-даттануусун театр жетекчилиги театрга тиешелүү декорацияларды коюучу жайды курууга киришкенде баштаган.

Театр жетекчиси Санжар Берикбаев Маданият жана маалымат министрлигинин маселеге кайдыгер мамилеси кылмыш ишинин ачылышына чейин жеткирди деген ойдо турат. Ал ошондой эле бул жердин менчикке сатылышына министрликтин өкүлдөрү да аралашышы мүмкүн деген божомолун ортого салды:

Санжар Берикбаев.
Санжар Берикбаев.

- Министрлик тараптан мага сотко катышканы ишеним көрсөтүп же юристтерин жөнөтсө жерди тактоого мүмкүнчүлүк болот эле. Мурунку карта боюнча бизде 55 сотыхка жакын жер аянты көрсөтүлгөн. Бирок менин ага күмөнүм бар, анткени ал азайып отуруп 30га да жетпей калышы мүмкүн. Финансы полициясы тиешелүү документтерди көрсөтүп, сотко беришибиз керек экенин билдирген. Бирок министрлик ага аракет кылган жок. Эми болсо мага каршы иш козголду. Менде ушундай күмөн ой пайда болуп жатат, бул жер сатууга министрликтен бирөө-жарым аралашканбы деп. Барпы театрынын жерин барып тактоо боюнча маданият жана маалымат министринин 3 жолу буйругу чыккан. Бирок ал да аткарылган жок.

Театр жетекчилиги театр жайгашкан жер тилкеси кыскарып кеткенин айтса, мэриянын өкүлдөрү «театр жер тилкесин ашыкча курчап алышы мүмкүн, жер тилкеси да мыйзамдуу сатылган, муну сот аркылуу такташ керек» деп жатат. Акыркы жолу театр капиталдык ремонтту атайын долбоордун негизинде 2011-жылы жүргүзүп, айланасын темир тосмолор менен толук курчаган.

Театр эки кабаттуу имараттан турат. Бул театр имараты 1960-жылдары курулуп, 1962-жылы театр болуп ачылган. 1993-жылы ага Барпы Алыкуловдун ысмы ыйгарылган. Архивдик документтерде 1957-жылы театр курууга 78 сотых жер тилкеси ажыратылып берилген. 2001-жылы облус жоюлгандан театр жери менен кошо шаардык мэриянын карамагына №532 токтомдун негизинде өткөн. Башкармалыктын башкы адиси Абдусамат Исаков буларды айтты:

Абдусамат Исаков.
Абдусамат Исаков.

- Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2002-жылдагы токтомунун негизинде театр турган жерге 2004-жылы мамлекеттик акты алынган. Азыркы учурда Барпы театрынын имараты шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагында турат жана жалпы аянты 5441,83 чарчы метрди түзөт. Имарат жана жер биздин баланста тура берет, бирок келишимдик негизде аларга ыкчам башкарууга өткөрүп беребиз. Бирок акыркы 3 жылдан бери алар биз менен иштешүүнү каалабай жатат. Аны кайра артка кайтарыш үчүн өкмөттүн токтому керек.

Театр жетекчиси Санжар Берикбаевдин айтымында, 2001-жылы мэриянын балансына берилген 140 обьектинин тизмесинде театр имараты да, жер тилкеси да жок. 2002-жылы кандай жагдайда кошумча киргизилгени белгисиз. Ал «ушунун бардыгын Маданият министрлиги териштирип, маданият очогун коргобой, кайдигер мамиле кылып жатат» деп нааразы болду:

Министрдин буйругуна ылайык аларды аттап биз президентке же өкмөткө кайрыла албайбыз.

- Бул маселе боюнча биринчи 2018-жылдын декабрь айында маданият жана маалымат министри Азамат Жаманrуловго барып, бардык документтерди көрсөттүм. 28-декабрда барам, «жеринен көрөм» деген. Күттүк, келбеди. Андан кийин эки жолу өзү менен кезигип чакырдым, анда да келбей койду. Министрдин буйругуна ылайык аларды аттап биз президентке же өкмөткө кайрыла албайбыз. Анан айлам кеткенде министрдин өзүнө айттым, «эгерде ошол жердин сатылып кетишине министрликтен кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчыгы болсо айткыла, убара болбой эле коёюн. Шаардык мэриянын алдына барып кечирим сураш керек болсо, айткыла, чөгөлөп барып кечирим сурайын. Мага бир гана театрдын жерин тактап берип койсоңор болгону» дедим. Анда «2-декабрь дүйшөмбү юристтер барат» деген, алар да келген жок.

Облустук театрдын артындагы талашка түшкөн тосмо.
Облустук театрдын артындагы талашка түшкөн тосмо.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Министрликтин Маданий мурастарды сактоо, мониторинг жүргүзүү жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ысак Сартбаевдин айтымында, театрды министрликтин балансына алуу боюнча акыркы 3 жылдан берки аракеттен майнап чыкпай жатат.

- Ушул тармак боюнча министрликте жалгыз өзүм иштейм, - деди ал. - Кыргызстан боюнча бардык объектилерди кыдырууга жетише албайм. Мен бошосом юрист бошобой, ошентип отуруп Жалал-Абадга бара албай жатабыз. Бирок акыркы 3 жылдан бери театрды министрликке алуу боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп келе жатат. Муниципалдык менчикте болгону үчүн алар түз мамлекеттик менчикке бере албайт экен. Ал үчүн айрым документтерди тууралаш керек болот. Ал эми соттук иштерде биз Барпы театр жетекчилигине жардам беребиз. Бизде адистердин тартыштыгынан ушундай кырдаал түзүлүп калып жатат.

Облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театр «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо» боюнча тарыхый жайлардын тизмесинде турат. Андыктан мыйзамга ылайык анын жака белиндеги жерлер жана курулуштар театрдын уруксаты менен гана жүргүзүүгө тийиш.

Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы театрда учурда 80ден ашык кызматкер эмгектенет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG