Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Барпы театры: «Адашкан адам» Орусияда


Барпы театры сахнада.
Барпы театры сахнада.

Жалал-Абаддын Барпы театрынын чыгармачыл тобу Орусиянын шаарларын кыдырып, эмгек мигранттарына өнөр көрсөткөнү жол тартты. Чет өлкөгө алгачкы жолу чыгып жаткан жалалабаддык өнөрпоздорду кепке тарттык.

Театрдын директорунун орун басары Конокбек Курманбековдун айтымында, Барпы театры Кыргызстан эгемендик алгандан бери биринчи жолу Орусияга гастролго аттанып жатат жана анын сапары бир жарым айга созулат. 14 адамдан турган чыгармачыл топтун репертуарынын өзөгүн драматург Мар Байжиевдин чыгармасынын негизинде жаңыдан сахналаштырылган «Адашкан адам» спектакли түзөт.

Конокбек Курманбеков.
Конокбек Курманбеков.

«Биздин топ Мар Байжиевдин «Адашкан адам» спектакли жана чакан программадагы концерти менен баратат. Бул аябай турмуштук драма жана азыр да актуалдуу. Мекендештердин өз элине жана жерине болгон сагынычын бир аз да болсо таркатуу жана биздин маданиятты жайылтуу максатында барган атабыз», - деди Конокбек Курманбеков.

Театрдын администратору Айгерим Дүйшө кызы​ «Адашкан адам» драмасы эмне үчүн тандалып алынганын түшүндүрдү:

«Драматург Мар Байжиев өз чыгармасында өлбөс-өчпөс чоң маселени көтөргөн. Андагы негизги тема - үй-бүлөнүн бузулушу. Учурда биздин коомдо бир топ жубайлар ажырашып, кээ бирөөлөр үй-бүлөсүн карабай чет жактарга кетип жатышат. Балким ушул спектакль аларга кандайдыр бир таасир этер? Ошондуктан биз «Адашкан адам» драмасын сахналаштырып чыктык».

Театрдын жамааты спекталдин алгачкы бет ачарын Жалал-Абад шаарында өткөрүп, шаардыктар үч күн катары менен коюлган чыгармага күбө болушту. Андан жыйналган каражат артисттердин Орусияга барчу жол чыгымдарына жумшалмакчы.

Барпы театрынын афишасы.
Барпы театрынын афишасы.

Театр жамаатынын сапары алгач 12-июнда Новосибирск шаарынан башталат. Азыр план боюнча Орусиянын 12 шаарын кыдыруу каралган. Бирок башка аймактардагы эмгек мигранттарынан жана диаспоралардан сунуш түшүп, гастролдук тур созулушу мүмкүн экен.

«Биздин чыгармачылык топ азыр жолдо баратат, - деди театрдын жетекчиси Санжар Берикбаев. - 12-июнда гастролубузду Новосибирск шаарынан баштайбыз. Тывага чейин мекендештерди кыдырып, Алтайда Орусиянын республикалык театр фестивалына да катышабыз. Кокусунан биздин бешенебизге фестиваль да туура келип, конок катары катышып жатабыз. Андан чыгып Урал, Екатеринбург, Тюмень, Пермь, Сургут сыяктуу аймактарын кыдырып, бир жарым ай ошол жакта болобуз. Хакасия менен Тывада негизинен билеттердин баарын жергиликтүү калк сатып алып жатыптыр. Июлдун сегизинде кайтыш керек эле, бирок кээ бир аймактарда да суранып жатышат. Ошондон улам гастролубуз узарып кете турган болду. Баары эски, союз учурундагы ырлар, бир гана Г.Сатыбековдун «Москва» аттуу ырын коштук».

Санжар Берикбаевдин айтымында, гастролго чыгуу боюнча чыгармачыл жамаат өзү демилге көтөргөн.

Санжар Берикбаев.
Санжар Берикбаев.

«Бул багытта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен макулдашуу болуп, планга киргизилген. Жакында Бишкек шаарында өткөн республикалык театр фестивалында да ушул маселени көтөрүп чыктым.

Ал жерде президенттин кеңешчиси Султан Раев демилгени колдоп, бизге чоң жардам берди. Раев Тышкы иштер министрлигине кат жазып, ал элчиликке жана консулдуктарга билдирүү берди. Ошентип мен өткөн айда Орусиянын бир топ шаарларындагы театрлар менен келишим түзүп келдим», - дейт ал.

14 адамдан турган чыгармачыл топтун Орусиядагы жол чыгымдарын театр өзүнүн атайын каражатынын эсебинен каржылап жатат. Жалпысынан жол чыгымына үч жарым миллион сом бекитилген. Барпы атындагы Жалал-Абад облустук театрында учурда 130дай кызматкер эмгектенет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG