Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Ойлонбой сүйлөгөн актриса зоболодон ажырады


Регина Тодоренко 71-Канн фестивалынын ачылышында. 11-май, 2018-жыл.
Регина Тодоренко 71-Канн фестивалынын ачылышында. 11-май, 2018-жыл.

Жакында эле Орусиядагы таанымал алып баруучу Регина Тодоренко үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар тууралуу билдирүү жасап коомдун сынына кабылды.

Регина Тодоренкону кыргызстандыктардын көбү популярдуу «Орел и Решка» программасынын бир кездеги алып баруучусу катары билишет. Украинада туулуп-өскөн 29 жаштагы Тодоренко учурда орусиялык каналдарда көңүл ачуучу берүүлөрдү алып барат. Ал "YouТube" каналындагы баракчасына да өз көрсөтүүлөрүн жайгаштырып турат. Ырчы, актриса катары дагы өзүн сынап келет.

Өткөн аптада Тодоренко жолдошу экөө телеканалдардын бирине маек куруп жатып, күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган аялдар алгач күнөөнү өзүнөн издеши керек экенин айткан.

«Камераны колго алып туруп «мени күйөөм сабап жатат» деп айтыш үчүн канчалык акылыңдан айныган адам болушуң керек? Муну айтыш үчүн мээ кандай иштеши керек? «Күйөөм мени урду» дешет, бирок эмнеге урду? Сен бул тууралуу ойлондуңбу? Сен ал урбашы үчүн эмне кылдың?".​

Регинанын бул сөздөрү социалдык тармактарга тарап, миңдеген адамдар, анын ичинде өзүнүн кесиптештери да дароо айыптап чыгышты.

Мындай реакциядан кийин алып баруучу кечирим сурап, ал зомбулуктун бардык түрүнө каршы экенин, ойлонбостон туура эмес сүйлөп алганын моюнуна алды.

Бул да ага жардам берген жок. «Гламур» журналынын Орусиядагы бөлүмү ага былтыр ыйгарган «Жылдын айымы» наамын алып койду. Ошондой эле аны менен кызматташып келген бир нече компания иш келишимдерин токтотушту.

Журналист Алия Суранова "Инстаграмда" 8 миллион катталуучусу бар таанымал адамдын мындай одоно билдирүүсү укук коргоочулардын жасап жаткан эмгегин жокко чыгарганга жатат деген пикирде.

Журналист Алия Суранова.
Журналист Алия Суранова.

"Мен бизнес компаниялардын, ошол эле Регинага наам ыйгарган журналдын анын сөздөрүнө маани берип, келишимдерди үзгөнүн туура деп эсептейм. Анткени канчалаган аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгына айланып жатышат".

Алия Суранова бул окуя башка таанымал адамдарга, анын ичинде кыргызстандык белгилүүлөргө сабак болот деген ишеничте экенин билдирди.

Регина Тодоренко үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабын билбегенин жана мындан ары бул көйгөйгө көңүл буруп, атургай аялдарды коргогон уюмдар менен иштеше турганын жарыялады.

Алия Суранова эгер эркек киши ушинтип айтканда мынчалык реакция болмок эмес деген ойдо. Регина аял болгону үчүн ага басым ого бетер күчөдү деген ою менен бөлүштү.

Кыргызстандык таанымал алып баруучу Алина Баженова Регина коомдун басымына туш болгонун айтып, буга каршы экенин билдирди.

Алып баруучу Алина Баженова.
Алып баруучу Алина Баженова.

"Албетте, мен зомбулуктун бардык түрүнө каршымын. Бизде коомдун басымы менен зордук-зомбулукка кабылгандар ачык айткандан корунушат. Бирок жашырууга болбойт. Ал эми Регина Тодоренко тууралуу айтсам, ал кескин билдирүү жасап алды. Болору болду. Бирок мен аны аяп турам. Анткени ага азыр коом тарабынан болуп көрбөгөндөй психологиялык басым болуп жатат. Бул да зомбулук. Мен муну дагы колдобойм", - деди Баженова.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү карантинде отурган маалда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук кыйла күч алган. Орусияда ишеним көрсөтүү телефондоруна жардам сурап кайрылган аялдардын саны март айында февралга караганда 24 пайызга жогорулаган.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 2017-жылы кабыл алган мыйзамга ылайык, жакынын же тууганын биринчи жолу сабаган адам кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Карантин жарыялангандан бери Кыргызстанда да үй-бүлөлүк зомбулук күч алганын Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG