Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

COVID-19: Орусияда үч дарыгер өзүнө өзү кол салды


Москвадагы "Тез жардам" кызматынын дарыгери. 2-апрель, 2020
Москвадагы "Тез жардам" кызматынын дарыгери. 2-апрель, 2020

Орусияда үч дарыгер табышмактуу жагдайда өзүнө өзү кол салды. Медициналык факультеттердин жогорку курсунун студенттери ооруканага практикага баруудан баш тартышты. Өлкөдө коронавируска чалдыккандар көбөйүп баратат.

Воронеж облусунда коронавирус жуктуруп, ооруп жаткан Александр Шулепов аттуу дарыгер өзү жаткан оорукананын терезесинен боюн таштаганы маалым болду. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Дарыгер 22-апрелде COVID-19 жуктуруп алып, ооруканага түшкөн. Вируска тапшырган экинчи тести таза чыккандан кийин дарылануусу аяктаган.

Шулепов ооруканага түшкөн күнү кесиптеши Александр Косякин экөө видео кайрылуу жасап, дарыгерге коронавирус жукканы аныкталса да жетекчилик эки кесиптешти чогуу ишке чыгарып салганына даттанышкан.

Шулепов үч күндөн кийин ал видео кайрылууну кесиптеши экөө "эмоцияга алдырып" тартып салышканын айтып, мурдагы айткандарын жокко чыгарды. Ал пандемия маалында Орусияда табышмактуу жагдайда терезеден кулаган үчүнчү дарыгер болду.

Красноярскидеги ардагерлер госпиталынын башчысы Елена Непомнящая да көз жумганы белгилүү болду. Ал апрель айынын аягында оорукананын бешинчи кабатындагы терезеден боюн таштаган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары дарыгер иш бөлмөсүнөн аймактык саламаттык сактоо министри Борис Немиков менен сүйлөшүп жатканда кулап кеткенин жазып чыгышты. Алар оорукананын бир бөлүмүн коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн даярдоону сүйлөшүшкөн. Маалыматка караганда Непомнящая ​мындай сунушка караманча каршы болгон.

24-апрелде Подмосковьедеги Звездный шаарчасынын "Тез жардам" борборунун башчысы Наталья Лебедева Москвадагы оорукананын биринде "кокусунан кырсыктап" каза тапты. Ал COVID-19 илдетинен дарыланып жаткан.

REN-TV жана "Московский комсомолец" гезити дарыгер оорукананын жогорку кабатынан кулап кеткенин кабарлашты. Гезитке дарыгердин кесиптештери айткандай, Лебедева "чогуу иштегендерге коронавирус жуктурду деген айыптоодон улам өз жанын кыйган болушу мүмкүн".

Орусия студенттерди коронавируска каршы кармашка салат

27-апрелде Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги "медициналык факультеттердин жогорку курсунун студенттери коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканаларга практикага тартылсын" деген буйрук чыгарды. Министр мындай кадамга ооруканаларда кенже жана орто курамдын жетишсиздигинен улам барды.

Санкт-Петербургдагы Мечников атындагы медициналык университеттин 4-курсунун студенти Елизавета министрликтин бул буйругун "мыйзамсыз" деп эсептейт.

"Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү министрлигинин окуу планынын өзгөртө албайт. Мындай буйрук студенттерге жаккан жок"- деди келечектеги медик. Ал дарыгерлерге коргонуу каражаттары эми гана бериле баштаганын, ага чейин ар ким өз камын өзү көргөнүн кошумчалады.

Ошол эле университеттин 6-курсунун студенти, эки жылдан бери "Тез жардам" кызматында эмгектенип жаткан Антон дарыгерлердин дээрлик баарына вирус жукканын айтат.​ "Дарыгерлер бир беткапты бир сутка колдонуп жатышат. Мисалы, мен бир халатты эки аптадан бери алмаштырбай кийип жүрөм" деди. Антон "вирус дарыгерлердин баарына жугуп жатат" - деп тынчсызданды.

Студенттер айтып жаткан кемчиликтер тууралуу расмий органдар азырынча жооп бере элек. Медициналык университеттин студенттери Елизавета да, Антон да азырынча коронавируска каршы күрөшкө кошулууга макул болбой турушат. Бирок аларды окуу жай жетекчилиги «бул кесипти өзүңөр тандагансыңар. Эгер иштегиңер келбесе окууну таштагыла» деп тилдеп жатканын айтышат. Елизавета "жанкечтиликке даяр эмесмин" дейт. "​Жардам бергим келет. Бирок өз өмүрүмдү, жакындарымдын ден соолугун тобокелге салууну каалабайм" - деди болочоктогу дарыгер.

Ал эми Урал мамлекеттик университетинин студенти Арина студенттер биригип, өз жетекчилерине бир катар талаптарды коюшканына токтолду.

"Бийлик студенттерден мурун медицина кызматкерлерин толук ишке тартсын. Дарыгерлерди коргонуу каражаттары менен толук камсыздасын. Коронавируска каршы күрөшкө чыккан студенттер бюджеттик бөлүмгө которулсун. Студенттердин эмгек акысы чечилсин" - деди. Арина ушул талаптар аткарылса, "коронавируска кабылгандарды дарылаган ооруканаларга практикага чыкканга даярбыз" дейт.

Ал арада Калининград облусунда 300 медицина кызматкери коронавирус пандемиясы учурунда иштөөдөн баш тартышты. Бул тууралуу аймактык саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү Александра Кравченко билдирди.

Орусиянын расмий мекемелери билдиргендей, 4-майда коронавируска кабылгандардын саны 134,687 кишиге жетти. 1280 бейтап көз жумса, 16639 адам сакайып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG