Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Сатпаев: ЕАЭБде карама-каршылык тереңдейт


Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин лидерлери. 29-май, 2019-жыл.
Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин лидерлери. 29-май, 2019-жыл.

Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн президенттери уюмдун беш жылга түзүлгөн стратегиясын кабыл алууну кийинкиге калтырышты.

19-майдагы жыйында Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын лидерлери документти «жалпысынан жактырышканы» менен аны бекитишкен жок.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев стратегиянын азыркы варианты «мүчө болгон өкмөттөрдүн жана парламенттердин суверендик укуктарын чектейт» деп билдирди. Ал биримдиктин жөнгө салуучу органы - Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө «кылдат» мамиле кылууга чакырды.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин саясий доору аяктап баратканын, анын колу менен түптөлгөн евразиялык интеграциянын, мурдагы советтик өлкөлөрдүн учурдагысы жана келечеги тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.

- Лидерлер евразиялык интеграциянын беш жылга түзүлгөн стратегиясын «жалпысынан кабыл алышканы» менен бекитишкен жок. Бул күтүүсүздөн болдубу? Же бул Евразия Экономикалык Биримдигиндеги пикир келишпеcтикти агийнелейби?

- Бул пикир келишпестик. Биримдикти эң катуу сындап жүргөн киши - Лукашенко. Ал канчадан бери Орусиянын, жалпы эле ЕАЭБдин дарегине өз дооматын коюп жүрөт. Эми Казакстан да кандайдыр бир сын айткан позицияга өттү.

Кийинки убакта кыргыз президенти Жээнбеков да өтө сыпайы жана дипломатиялык мүнөздө билдирүүлөрдү жасап, Кыргызстан да экономикалык бирикменин ишмердигине ичи чыкпай жүргөнүн кыйытты.

Арменияда айрым эксперттер Казакстанды биримдиктин курамынан чыгаруу идеясы тууралуу айтып жүрүшөт. Демек, ЕАЭБдин ичинде доомат көбөйүп баратат. Биримдик – бир нече ашпозчу өз тамак-ашын жасоого чогулуп алып, бирок ар кимиси өз камын ойлоп, казандын кашында туруп кармашкандай эле.

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

Орусиянын активдүүлүгү менен стратегия башкаларга жагымсыз шартта түзүлгөн. Москва дагы эле өнөктөштөрүнүн үстүнөн экономикалык көзөмөлдү күчөтүүгө жол ачкан пункттарды өткөрүп кетүүгө аракеттенген. Албетте, уюмдун башка мүчөлөрү аны кабыл алышкан жок, анткени бул канчалык кооптуу экенин аңдашат.

Стратегиянын кабыл алынбай калышы - Токаевдин сөзүнө эле реакция эмес, бул биримдиктин ичиндеги эбактан берки карама-каршылыктын жыйындысы.

- Эми карама-каршылык тереңдейби?

- Келечекте ал тереңдейт. Орусия Өзбекстанды ЕАЭБ уюмуна толук мүчө болууга кызуу үндөгөнү менен Ташкент Казакстандай болуп каамыт салдырган жок. Өзбектер азыр экономикалык кошуундун ичинде Орусия менен Беларустун, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда эмне болуп жатканын кунт коюп байкап турат. Ташкент бул биримдик иш жүзүндө геосаясий түзүм экенин түшүндү.

Өзбекстан ЕАЭБге кирбесе да анын Орусия менен экономикалык алакасы кенедей да азайган жок. Орусиянын бизнеси өзбек экономикасына активдүү аралашып, орусиялык ишканалар арбыды. Орустар өзбек дыйкандарына жагымдуу шарт түзүп жатат. Москва Ташкент өтө маанилүү өнөктөшү экенин түшүнөт, андыктан анын уюмга кирген-кирбегенинин мааниси жок.

Бул уюмдун ичиндеги парадоксалдуу кырдаалды көрсөтөт. Беларус, Казакстан жана башка мүчө болгон өлкөлөр Орусиянын тоодой тоскоолдуктарына кабылып жатат. Тескерисинче, биримдикке кирбегендерге Орусия кандайдыр бир артыкчылыктарды берет.

Экономикалык биримдик Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) менен катар бара-бара Орусиянын таасирин кеңейтүүнүн кошумча каражатына айланып баратат. ЖККУ – саясий, ал эми ЕАЭБ –экономикалык курал.

Ошондой эле Батыш менен Орусиянын тиреши көпкө созуларын эстен чыгарбайлы. Бул деген биримдиктин калган мүчөлөрү Кремлдин тышкы жана экономикалык саясатынын туткунунда экенин түшүндүрөт.

Бизге Орусиянын тышкы саясатынын авантюрасын эске алууга туура келет. Бул Казакстандын экономикасына өз залакасын тийгизет.

Мына, жакында эле болгон окуя. Беларус казактын мунайын сатып алайын десе, ага Орусия тыюу салды. Казакстан өз мунайын сатууга даяр турган. Мына ошондо Лукашенко биримдикке кирген бир өнөктөш экинчисинен мунай сатып алайын десе, Орусия ага бут тосуп жатканын ачык эле айтып чыкты. Демек, Орусия башкалардын – Беларус менен Казакстандын кызыкчылыгына кол шилтеп жатпайбы. Анан Беларус мунайды АКШдан сатып ала баштады. Бул Орусия качан болбосун жуурканды өзүнө гана тартарын көрсөтөт.

- Нур-Султан ЕАЭБдин ичинде теңчилдик болсун деген талап менен чыгышы мүмкүнбү? Болсо аны Орусия жана биримдиктин башка мүчөлөрү кандай кабыл алат?

- Биз Орусия кандай кабыл алат болду экен деп буйдалбашыбыз керек. Орусия өзү эч качан анын чечимдерин башкалар кандай кабыл алат экен деп баш оорутпайт. Биздин өзүбүздүн так улуттук кызыкчылыктарыбыз бар, Орусияга жакса да, жакпаса да биз аларды коргошубуз зарыл. Эгерде Казакстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына шек келип жатат деп санаса, бул тууралуу ачык айтышы керек. Аны оюнга айлантуунун зарылчылыгы жок. Советтер Союзу жоголду. Москва - оюндун эрежесин аныктаган борбор эмес.

- ЕАЭБдин дарегине сын буга чейин эле айтылып жүргөнүнө токтолдуңуз. Москва аны эске алды беле?

- Жок. Маселе ошондо. Мисалы, Лукашенко катуу сын айтып койсо Беларуска дароо басым кылууга аракет жасалчу. Казакстанга келсек, бул жолу Орусияга күтүлбөгөн сюрприз болушу мүмкүн. Бирок мен Орусия биримдиктин башка мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алуу ниети бар экенине көзүм жетпейт. Орусия кайра эле бир убактан кийин өз позициясын бекемдөөгө киришет. Москва туруп-туруп эле биримдиктин жалпы акча бирдигин киргизүү, жалпы финансы борбору, мыйзамды унификациялоо, жалпы маалымат айдыңын түзүү, чек араларды чогуу көзөмөлдөө тууралуу идеяларды таштап коюп жүрөт.

2014-жылы келишимге кол коюлуп жатканда Орусия документке өз геосаясий кызыкчылыктарын кыстарып ийгенге аракеттенген учур болгон. Орусия геосаясий максаттан улам постсоветтик аймакта, анын экономикалык сегментинде өз көзөмөлүн күчөтүүнү уланта берет.

Ал эми биз биримдикке киргендиктен өз кызыкчылыгыбызды түртө албайбыз. Орусияга басым көрсөтө алчу Казакстандын колунда эмне бар? Басым жасай турган эч нерсебиз жок. Беларуста да жок. Биз канчалык нааразы болуп, кыйкырбайлы, бир гана жол – ЕАЭБден чыгуу. Бирок Токаев жакын арада ага барууга батынбайт.

«Токаев саясий упай топтоонун жолунда»

- Евразиянын интеграциясы жана ЕАЭБ экс-президент Нурсултан Назарбаевдин идеясы болуп эсептелип келген. Казакстан буга чейин документтерге үн дебей кол коюп жүргөн. Токаевдин соңку билдирүүсү кандайдыр демаршты көрсөтөбү? Москвадан бурулду дегенди түшүндүрөбү?

- Келгиле, Назарбаевдин президент болуп турган кезиндеги акыркы билдирүүсүн эстейли. Ал да экономикалык биримдиктин дарегине сын айткан. Назарбаев экономикалык биримдикте «эч кандай саясат болбошу керек» деген. Чындыгында кийинки убакта Назарбаев да Орусия ЕАЭБди геосаясий долбоор катары кабыл алып жүргөнүн ишарат кылган.

Экинчи жагынан алганда, Токаевдин Назарбаевден айырмасы эмне? Назарбаев ЕАЭБди өз колу менен түзгөн, анын мурасы. Ал жаңы интеграциялык биримдиктин түптөөчүсү. Токаевде андай дымак жок. Бул ал түзгөн нерсе эмес. Андыктан ал бул жагынан бир аз эркин. Бирок Токаев өзүнүн соңку билдирүүсү менен Назарбаевге каршы чыкты деп айтуудан алысмын. 19-майда ал баары бир дипломатиялык мүнөздө сүйлөдү. Анын сөзү менен Лукашенконун сындаганын салыштырып көрсөңөр. Токаев Орусия саптын арасынан окугудай кылып, өтө астейдил, сыпайы, жумшак айтты. Балким Токаев Назарбаевге караганда катуураак айткандыр.

- Токаев өз билдирүүсүн Назарбаев менен акылдаштыбы, кандай деп ойлойсуз?

- Назарбаев тирүү, акыл-эси ордунда турганда тышкы саясаттагы бардык билдирүүлөр белгилүү деңгээлде аны менен макулдашылат. Назарбаев бийликтен кетерден мурун ушуга окшош, мындан да өткөн диломатиялык билдирүү жасаган.

- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев евразиялык интеграциянын беш жылга түзүлгөн планы азыркы вариантында чийки экенин билдирди. Токаев биримдикке кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарын унификациялоо ал мамлекеттердин «суверендүү укуктарын чектейт» деп айтты. Бул сөздүн төркүнү кайда барып такалат?

- Менин оюмча, Токаев ушул тапта былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин өз бедели менен аброюн оңдоонун үстүнөн иштеп жатат. Былтыр ал кызматын «көңүл калтырган президент» катары баштаса, эми социалдык-экономикалык демилгелерде активдүү болуп, «үмүт арттырган» мамлекет башчы катары көрүнгүсү келет.

Ошондой эле тышкы саясатта да кайсы бир деңгээлде активдүүлүгүн көрсөтүп жатканы - кызыктуу факт. Анткени башынан эле тышкы саясат туңгуч президенттин монополиясы болуп эсептелчү.

Мына эми Токаев, экперттер 2014-жылдан бери активдүү талкуулап, Казакстан үчүн «экономикалык капкан» деп сындап жүргөн бирикме тууралуу өз пикирин билдирди. Эксперттер сындагандай ЕАЭБ – Орусиянын геосаясий долбоору, ал тургай биримдиктин түзүлүшү Крымды аннексиялоо менен дал келди.

Орусия болгон күчү менен өнөктөштөрүнө бут тосууга аракеттенери турган иш. Токаев эми араң айткан кооптуу жагдайлар тууралуу биз канчадан бери эле сайрап жүрөбүз.

Албетте, казакстандыктардын көбү ЕАЭБдин ишмердигин чындап баалап, бул иш жүзүндө ара туулган биримдик экенин аңдады. Казакстандык бизнес балким 2014-жылы жаңы бирикмеге кандайдыр бир үмүт арткандыр. Анткени Назарбаев «казак ишкерлери 170 миллиондук базарга кирет» деп убада берген. Бирок анын баары миф экени көрүндү. Орусия өз базарын гана коргоп, аны жөндөөнүн салтта жок ыкмаларын колдоно баштады. Батыш менен Орусиянын чыры отко май тамызып, казак, беларус өндүрүүчүлөрүнө мүшкүл болду.

Токаев эми баарыбызга өз пикири бар экенин, Казакстандын улуттук кызыкчылыгын коргоп жатканын көрсөтүүгө далалат кылууда. Менин оюмча, Токаев кайсы бир деңгээлде саясий упай топтоонун жолунда. Азыр мына «Фейсбукту» карасаңар, Токаевди түз же кыйыр жактыргандар президенттин (ЕАЭБдин жыйынындагы ) сөзүн жерге-сууга тийгизбей мактап жатышат. Бул атайын ошол максатта жасалган толкун болду. «Азыр Токаев Назарбаевден айырмаланып, мына эми Казакстандын улуттук кызыкчылыктарын коргой баштады» дегенди көрсөткүсү келишет.

Ал эми чындыгында ал белгилеген пункттарды (документтеги) көңүл коюп карасак, «жарым-жартылай кош бойлуу» дегендей таасир калтырат. Казакстандык эксперттердин белгилүү тобу бул тууралуу 2014-жылдан бери айтып келатабыз. Биз ошондо эле «Казакстан бул бирикмеден чыгышы керек» деп айтканбыз.

Ал эми «Орусия башка өлкөлөрдүн да кызыкчылыгын эске алат» деген сыяктуу сөздөр эбак салмагын жоготкон. Орусия ЕАЭБдин бардык мүчөлөрүн өзүнүн жасалма жандоочундай эле көрөт.

Аян КАЛМУРАТ, «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG