Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

ЕАЭБге айтылган сынды Кремль Батыштан көрөт


Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков.

Орусия Евразия Экономикалык Биримдигинен чыгуу жөнүндө Кыргызстандагы пикирлерге Батыш менен атаандаштык себеп болуп жатат деп эсептейт.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан менен алакага байланыштуу пикирин Москвада 21-апрелде өткөн видео талкууда билдирди. Анда негизинен Кремлдин тышкы саясаты, Батыш менен мамилеси жөнүндө кеп козголуп, орус министри ушул жана башка суроолорго жооп берген.

Талкуунун журүшүндө катышуучулардын бири Кыргызстанда Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) ишеним азайып баратканы жөнүндө собол таштаган. Ага жооп берип жатып Лавров ушу тапта Борбор Азия чөлкөмүндө АКШ, Жапония, Евробиримдик, Түркия сыяктуу өлкөлөр өз аракетин күчөтүп жатканын жана Орусия да ошого жараша өз саясатын жүргүзөрүн белгилеген.

Ошондой эле башкы орус дипломаты ЕАЭБ жаш бирикме экенин, ал Кыргызстан үчүн бир катар жеңилдиктерди алып келгенин кошумчалаган. Ага мисал катары Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда Кремль ага тиешелүү инфратүзүм уюштурууга, бюджетти колдоого көмөк көрсөткөнүн эске салып, Орусиянын гуманитардык жардамын санап өткөн.

Сергей Лавров Кыргызстандагы бул бирикмеге карата маанайдын өзгөрүшүн Батыштын Борбор Азия үчүн атаандаштыгынын натыйжасы катары сыпаттаган:

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

«Эгер Кыргызстанда бул багытта бир нерсени өзгөртүш керек деген пикир тарап жатса, демек биздин Батыштагы өнөктөштөр ишке кызуу киришкен. Бул Борбор Азия үчүн атаандаштык деген жараяндын чагылышы. Биз бул атаандаштыктын пайдасынан зыяны көп деп эсептейбиз. Андан көрө Борбор Азиядагы өлкөлөр, анын ичинде айрыкча муктаж болуп турган Кыргызстан, Тажикстан экономикасын өнүктүрүп, эл чарбасында туруктуулугун сакташы үчүн кызматташтыкка өтүшүбүз керек. Биз буга даярбыз. Тилекке каршы, биздин Батыштагы кызматташтарыбыз даяр эмес».

Ошондой эле министр Лавров Кыргызстан ушул сыяктуу атаандаштыктан улам Орусияга мамилесин өзгөртөт дегенге негиз жок деген пикирин билдирген. Мындан сырткары ушул убакта Кремль Кытай менен бирге Кыргызстанга пайдалуу бир катар долбоорлорду ишке ашыруунун үстүнөн иштеп жатканын кошумчалаган:

«Учурда биз кытай жана кыргыз кызматташтарыбыз менен Кыргызстандын темир жол түйүнүн өнүктүрүү боюнча жалпы мамилени түзүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Ал жерде темир жол Кыргызстанды Өзбекстанга кетчү транзиттик пункт гана болбостон, калк жашаган аймактарды аралап өтүп, кошумча өндүрүш жана кошумча экономикалык мүмкүнчүлүк түзгөндөй өнүгүшү керек».

Орусиянын тышкы иштер министри айтып өткөн маселелер расмий Бишкек үчүн абдан маанилүү жана орчундуу. Маселен, ЕАЭБге байланыштуу бир нече карама-каршы талкуулар жүрүп келет.

Негизи Кыргызстанда бул багытта сын-пикирлер өлкө ушул уюмга киргенден баштап эле айтыла баштаган. Алгач ал биримдиктин «Дордой» сыяктуу ири базарларга тийгизген таасирине, ага кирбеген өлкөлөр менен соода кылуудагы кыйынчылыктардын жаралышына байланыштуу болгон. Мындан тышкары ЕАЭБге кирерде берилген убадалар аткарылбай, уюмдун алкагында өнөктөш өлкөлөр койгон бөгөттөр да нааразылыкка себеп болууда.

Ал эми СOVID-19 кризисинин шартындагы чектөөлөрдүн көбөйүшү бул боюнча терс маанайды ого бетер күчөттү. Ал түгүл парламентте айрым депутаттар бирикмеден чыгуу тууралуу маселе көтөргөн учурлар болду. Кезегинде Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушун жактап жүргөн экс-премьер-министр Темир Сариев кризис шартында экономикалык уюм ишеничти актай албай жатат деп баа берген.

Ушундан улам Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кыргызстанда ЕАЭБге каршы маанайдын күчөшүнө тышкы фактордун таасири жок деп эсептейт.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Батыш же башка тараптан болуп жаткан маселе жок, - деди депутат. - Бул бүгүнкү болуп жаткан реалдуу маселелерден улам чыгып жатат. Мисалы, бүт дүйнөдө мунай арзандап жатса, эмнеге Орусиядан келген бензин бизде арзандабайт? Же газга байланыштуу маселе. Ошондой эле кошуналар менен мамиле. ЕАЭБдин нормалары иштебей жатканы үчүн ушундай маселелер көтөрүлүп жатат. Мен мындан жаман нерсе көрбөйм. Өнөктөш болгон соң ушул сыяктуу суроолор коюлуп, талаштар болуп, ал чечилиши керек деп ойлойм».

Ал эми Кыргызстанды туңгуюк абалдан чыгарат деген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоор туурасында өткөн кылымдын аягынан бери эле кеп козголуп жүрөт. Андан бери жолдун эни, каттамы боюнча бир пикир табылбай, идея ишке ашпай турат. Айрым эксперттер бул долбоор дегеле жакын арада турмушка ашпайт деп күмөн санашат.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков бул долбоорду ишке ашырууга Орусия да катышуусу керек деген оюн билдирген.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов орус министри айтып жаткан билдирүүнү ырастады:

«Учурда Өзбекстан темир жолдун курулушу боюнча биздин позицияга макул. Ал «силер Кытай менен кайсы каттамды бекитсеңер да, биз долбоордун курулушуна финансылык жактан салым кошобуз» деп жатат. Ал эми Сергей Лавров туура айтып жатат. Темир жолдун маршруту боюнча Орусия менен макулдашып койгонбуз. Бирок атайын документке кол коюша элекпиз. Бул долбоордо негизги оюнчу Кытай тарап болгондуктан сүйлөшүүлөрдү быйыл февралга пландап койгон эле. Коронавируска байланыштуу учурда токтоп калды».

Калилов темир жолдун каттамы боюнча конкреттүү схемалар кийинчерээк берилерин кошумчалады.

Орусиянын тышкы иштер министрин акыркы билдирүүлөрүн талдаган саясат талдоочу Эмилбек Жороев Лавровдун Кыргызстан боюнча сөздөрүн Батыш менен атаандаштык контекстинин талдаш керек деген оюн айтты:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Ал жерде Лавровдун сөздөрүн байкасам, Батыш менен Орусиянын ортосундагы пикир келишпестикке, тирешке көңүл буруп сүйлөгөн экен. Ошондуктан Кыргызстан менен мамиле боюнча суроого ошол өңүттөн карап, ага чейинки билдирүүлөрүн улай жооп бергендей. Ал эми Кыргызстанда ЕАЭБге же Орусияга карата мамилени манипуляция кылып буруп салгыдай, Батыштагы АКШ болобу же башка өлкөлөрбү, учурда мүмкүнчүлүгү деле жок».

Кыргызстан тышкы саясатта көп багыттуу саясатты карманарын жарыялап келет. Бирок иш жүзүндө акыркы жылдары Орусияга бир тараптуу ыктап, Батыш өлкөлөрү менен мамилеси солгундай түшкөнү айтылып жүрөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (35)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG