Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-август, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

ЕАЭБ: мигранттар пенсиясы үчүн кабатыр


Орус рубли.

Алты жыл мурда убада берилген ЕАЭБдин мигранттарын пенсия менен камсыз кылуучу келишим кабыл алынды.

90-жылдары миграциянын биринчи агымында сыртка чыгып кеткен мекендештердин көбү бул маалда пенсия курагына жетип калган кези. Жашы 60ка таяп, эми Кыргызстанга кайтууну ойлонуп жүргөн Айнаш Жумабаева Москвада 10 жыл бою бир жерден жылбай ашпозчу болуп иштеген.

Чет жерде тийиштүү социалдык төлөмдөрдү, салыктарды төлөп, эмгек келишиминин негизинде иштеген кыргыз жараны мекенине кайтканында кандай пенсияга чыгары белгисиз.

«Бул жактан жарандык ала албай калдым, - дейт ал. - Эми Кыргызстанда кандай жарыткан пенсия алам?! Жумуштагы жетекчиликтен сурасам, «эмгек китепчеңди, бардык документтериңди толук беребиз» дешти. Аларды Кыргызстанга көтөрүп барсам, эмгек стажыма эсептелеби? Пенсияны деле ал жактан 1,5-2 миң сомдун тегерегинде алсам керек. Уулум каза болгон, үч небереме жардамым тийсин деп иштеп жүрөм. Эки бутум ооруйт. Миграцияда жүрүп карып кеттик. Мурда Кыргызстанда деле бир топ жерде иштегем. Ал документтер кайда калып, кайсынысы эмгек стажыма эсептеле турганын ким билет?!»

Пенсия - иш издеп Орусияга 15-20 жыл мурда агылган мекендештердин калың катмарын түйшөлткөн маселе. Ар кайсы жумушта иштеп жүрүп, эмгек жылдары расмий катталбагандар арбын.

57 жаштагы Майрам эже пенсияга чыгыш үчүн жылда Кыргызстанга барат. Беш баласын жалгыз бой чоңойткон эне буга эмгек стажы жетишпей жатканын айтты:

«Москвада 15 жылдан бери бала багам. Эч бир жерде расмий иштеген жокмун. Беш балам бар. Күйөөм каза болуп калган. Кыргызстанда беш балалуулар 50 жаштан эле пенсияга чыгат дегенинен атайын барсам, «стажың жетпейт» деп коюшкан. Азыр эми биротоло кетемби деп турам. Канча пенсия чыкса деле кереги тиет да. Балдардын өз тирилиги бар».

ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген мигранттарды пенсия менен камсыздоо боюнча келишимге өлкө башчылары былтыр декабрь айында Санкт-Петербургда кол коюшкан. Келишим күчүнө кириши үчүн биримдиктин курамындагы өлкөлөрдө ратификация болуп, андан соң келишимди ишке ашырууга бир катар документтер ар тараптуу макулдашылып, орток кабыл алынышы керек.

Анткен менен 90-жылдары иш издеп сыртка туш келди агылган мигранттардын катмары бул келишимге туш болору күмөн.

Кыргызстандын Социалдык фондунун маалымат бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов келишим күчүнө киргенден кийин гана мигранттарга пенсия каралаарын түшүндүрдү. Ушул убакка чейин биримдиктеги өлкөлөрдө расмий эмгектенген мигранттардын стажы эсепке алынат, бирок төлөм чегерилбейт.

«ЕАЭБ өлкөлөрүндө расмий иштеп, төлөмдөрдү жүргүзгөн болсо, бул эмгек стажына эсептелет, - деди ал. - Бирок бул пенсия алуу укугуна гана таасир этет. Мисалы, пенсияга чыгууга эмгек стажы жетишпей жатса, биримдиктеги өлкөлөрдө иштеген жылдары кошулат. Ал эми келишим күчүнө киргенден кийин эмгек мигранттары жумуш берүүчү өлкөдө кеминде 12 ай иштеп, пенсиялык фондго төлөмдөрдү төгүшү керек. Андан соң ошол өлкөнүн пенсия менен камсыздоо мыйзамдары боюнча укугу келген кезде гана адамга бул пенсиясы которулуп берилет. Мисалы, келишим 2020-жылы толук күчүнө кирип, анан биздин бир эркек жаран Москвада иштеп, кыргыз мыйзамдарына ылайык 2023-жылы 63 жашка толуп, Кыргызстанга келип пенсияга чыкса, биз ал Орусияда иштеген 2021-2022-жылдардагы социалдык төлөмдөрү боюнча билдирүү жөнөтөбүз. Орус өкмөтү өз кезегинде өз мыйзамдарына ылайык анын пенсияга болгон укугун текшерип, төлөмдөрүн тактап, анан мүмкүн болсо, пенсиясын которуп берет».

Мукамбетов билдиргендей, Орусияда же Казакстанда иштеген кыргызстандыктар ошол өлкөнүн тиешелүү мекемелерине кайрылып, пенсия алууга документ тапшыра алат.

«Мурда кыргыз жарандары пенсияга жашаган жери боюнча кайрылышчу, - деп сөзүн улады ал. - Эми бул келишимге ылайык, биздин жаран пенсия курагына жетсе, дагы эле Орусияда иштеп жүрсө, ошол аймакта эле пенсия фондуна кайрыла алат. Орусиянын пенсия фонду бизге сурам жөнөтүп, маалыматтар такталганда ага пенсия эки өлкөдөн бирдей төлөнө баштайт».

Кыргызстандын Социалдык фондунун маалыматы боюнча бул тапта өлкөдө 670 миңдей киши пенсия алат. Аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан чыгат. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом.

Ал эми Орусияда орточо пенсия көлөмү 15 миң рублдин тегерегинде. Жүргүзүлүп жаткан пенсия реформасына ылайык жаш курак аялдарга 60ка, ал эми эркектерге 65ке көтөрүлүүдө.

Москвадагы Эмгек жана социалдык укуктар борборунун юристи Юрий Стародумов пенсиялык фондго төлөмдөрүн ырастай алган адамдардын арызы боюнча пенсия чегерүү боюнча чечим 10 күндө каралаарын белгилейт:

Юрий Стародумов.
Юрий Стародумов.

«Адамдар эмгек стажын тастыктаган документтер жана арызы менен Пенсия фондунун бөлүмдөрүнө кайрылышы керек. Орусияда 2002-жылдан бери жарандардын эмгек стажы менен анын өкмөткө төлөмдөрү тууралуу маалыматты камтыган электрондук база бар. Ага чейинки эмгек стажын тастыкташ үчүн эмгек китепчесин көрсөтөт. Жумуш берүүчүдөн да кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн».

ЕАЭБдин алкагында мигранттарды пенсия менен камсыз кылуу «орус өкмөтүнүн бюджетине эле жүк болот» деп орус коомчулугунда сынга алынган. Орусияда учурда Казакстандын 200 миңдей, Армениянын 300 миңдей, ал эми Беларустун 150 миңден ашуун жараны эмгектенет.

Евразия өнүгүү банкынын Интеграциялык иликтөөлөр борборунун талдоочусу Владимир Перебоев буга чейин Орусияда расмий иштеген мигранттардын айлыгынан төлөмдөр кармалып, аларды кайтарып алууга чет өлкөлүк жарандардын укугу болбогонун эске салды:

«Бул жерде Орусиянын бюджетине мигранттар пенсия фондуна төлөгөн төлөмдөрүнө жараша эле жүк түшөт. Орусия эмгек мигранттарына муктаж. Бул талашсыз нерсе. Ал эми Пенсия фондуна төлөмдөрдүн көбөйгөнү орус өкмөтү үчүн деле кирешелүү».

Көйгөйлүү маселе - ЕАЭБдин аймагында иштеген жарандардын миграциялык макамы. Орусияда расмий билдирүүлөргө ылайык, 750 миңдей кыргызстандык эмгектенет. Ал эми Орусиянын ИИМинин маалыматы боюнча 300 миңге жетпеген кыргызстандык гана эмгек келишиминин негизинде мыйзамдуу иштейт.

Перебоев мигранттарды пенсия менен камсыз кылуу келишими мыйзамсыз миграцияны, көмүскө иштегендерди азайтууга, дегеле эмгек рыногун жөнгө салууга түрткү болот деп эсептейт.

«Жумуш берүүчү мигранттарды да тийиштүү шартта иштетүүгө өтүшү керек. ЕАЭБдин алкагындагы пенсия келишими эмгек рыногундагы мындай өзгөрүүлөргө жакшы өбөлгө. Бул келишимдин шарттарынын аткарылышына Евразия экономикалык комиссиясы, биримдикке кирген мамлекеттин өкмөттөрү жана тиешелүү миграциялык мекемелер кызыкчылыгы болуп, бул иштер бирдиктүү, системалуу аткарылышы керек».

Кыргызстанда жылда 15-20 миңдей адам пенсияга чыгат. Алардын канча пайызын чет өлкөлөрдө иштеп келген жарандар түзөрү эсептелбейт.

Өлкөдө пенсионерлер көбөйүп бараткандыктан пенсияга эрте чыгууга жол берген жеңилдиктерди жоюп, пенсия реформасын жүргүзүүнү былтыр депутат Иса Өмүркулов сунуш кылган. Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттин үчтөн бир бөлүгү пенсияга кетерин айтканы бар.

«Өлкө бюджетинин киреше бөлүгү 161 млрд. сом болсо, 50 млрд. сом пенсияга бөлүнөт», - деген анда Абылгазиев.

Бириккен Улуттар Уюмунун иликтөөлөрү боюнча 2030-жылга карата өлкөдө жашы 65тен өткөн кишилер 7 пайызды түзүп, калктын картаюу тендециясы байкалат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG