Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 8-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 20:33

Бийлик мигранттардын акчасына кызыгууда


Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.

Өкмөт башчынын аймактарда мигранттар бөлгөн акчаны топтоочу фонддорду түзүү боюнча демилгесин президент да кайталады. Мамлекет башчы мындай фонддор кээ бир аймактарда жакшы иштеп жатса, айрым жерлерди такыр эле начар экенин айтты.

Президент жыл аягында акимдердин, айыл башчыларынын иши ушундай фондго чогулган каражаттын өлчөмүнө жана анын эсебинен аткарылган иштерге жараша бааланарын жарыялады. Бул коомчулукта кайчы пикирлерге жол ачып, «Бийлик аймактарды өнүктүрүү милдетин мигранттарга жүктөгүсү келеби?» деген суроолорду жаратты.

Аймактарды өнүктүрүү фонддорун ачуу жана ага мигранттардан акча топтоо тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 19-ноябрда Бишкекте өнөктөш донорлор менен жолуккан учурда айтты. Жыйында аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалып, учурдагы абал жана айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, социалдык объектилерди салууга каражат табуу маселелери көтөрүлдү. Жээнбеков бул үчүн эл аралык уюмдарды каржылык колдоо көрсөтүүгө чакырды. Расмий маалымат боюнча донорлор ушул күнгө чейин Кыргызстанга гранттык жана насыя түрүндө баш-аягы 10,5 млрд. доллар берген.

«Туруктуу өнүгүi үчүн реформаларды тездетүү» деген форумга бийликтин бардык бутактарынын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да катышты. Президент өкмөткө донорлор берген каржылык колдоодон тышкары ички мүмкүнчүлүктөрдү да пайдалануу керек экенин эскертти. Ал буга аймактарда мигранттардан түшкөн акча топтолчу фонддорду мисал келтирди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Айыл жерлеринде фонддор түзүлүп, мекендештердин, жергиликтүүлөрдүн жардамы менен мамлекеттик, жергиликтүү бюджеттен тышкары да каражат тарта баштадык. Алды кайра айылына келип аймактарда кайра иштетүү жагын колго алып, жумушчу орундарды түзүүдө. Аким, губернатор жакшы иштеген жерде ички резервди колдонуу, уюштуруу жагы колго алынып иштер жүрүп жатат. Жетекчилер жакшы иштебеген жерде маселе бар. Биз муну ачык айтышыбыз керек. 2019-жылдын жыйынтыгы менен буга баа берилет. Биз аймактарды өнүктүрүүдө ички резервди толугу менен колдонуп жатабыз.

Президент сөз кылып жаткан мигранттардан акча чогултчу аймактардагы өнүктүрүү фонддору боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн июль айындагы чоң жыйынында да айткан. Анда өкмөт башчы Ноокен районунун акими 2018-жылы фондго 88 млн. сом чогултуп, ага беш бала бакча, алты спортзал куруп, төрт чакырым жолду салганын айтып мактаган. Ал эми фондго акча чогулта албаган акимдерди зекиген:

Мухамедкалый Абылгазиев.
Мухамедкалый Абылгазиев.

- Көп райондордо фонддор ачылган. Бирок кээ бирлери иштеген жок. Муну биз талдап чыгабыз. Фонддорду ачып коюп эл менен сүйлөшө алышпайт, жалпы саясатка элди үндөй албайт. Иштей албагандарга тогуз айдын жыйынтыгы менен баа беребиз. Кээ бир акимдердин ачкан өнүктүрүү фондуна бир тыйын түшө элек. Демек акимдин өзүнүн кадыр-баркы бир тыйын да.

Учурда бир топ айыл аймактарда бийлик айтып жаткан өнүктүрүү фонддор ачылып, алды Ноокен районундагыдай иштеп жатса кээ бир жерде жаңы гана түптөлүп жаткан экен. Нарын облусунун башчысы Эмилбек Алымкулов «фонддорду түзүү иштери башталып, юридикалык маселелери чечилүүдө» деди.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров облуста 30 өнүктүрүү фонддору ачылып иштеп жатканын айтууда. Ал мындай фонддорду түзүү туура эсептейт.

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

- Мамлекеттин негизги милдети - аймактарды өнүктүрүп, ири долбоорлорду ишке ашыруу, - деди ал. - Мамлекет жарандардан турат. Ошондуктан эл өзү да чакан долбоорлорду жасай бериши керек. Мен бир катар чет мамлекеттерде болгом. Ошол эле Германияда, Австрияда жергиликтүү тургундар өз каражаты менен маселелерин чечип жатышат. Айрым жарандар «президент, премьер-министр мамлекетке тиешелүү маселелерди мигранттарга жүктөп койду» деп айтышууда. Мен буга кошула албайм. Мүмкүнчүлүгү бар адам өз аймагын жакшыртууга жардам берүүгө эмнеге болбосун?

Коомчулукта мигранттардан түшкөн каражат топтолчу фонддорду ачуу ар кандай пикирлерди жаратты. Айрымдар бийлик мигранттарга шарт түзүп бербей туруп, аймактардагы көйгөйлөрдү алардын мойнуна илүүгө аракет кылып жатканын айтышууда.

Эми мигранттар которгон каражатка келсек, акыркы он жылда Кыргызстандын эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. доллардан ашык каражат жөнөтүлгөн. Ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөнүн экспортунун көлөмү 18 млрд. долларды түзгөн. Ал эми Кыргызстанга келген түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд. доллар. Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мигранттардын кошкон салымы экспорт жана түз инвестициялар тармагынан да жогору.

Талдоочу Руслан Акматбек бийликтин мигранттардын акчасын бир фондго топтоо боюнча баштаган иши тууралуу мындай деди:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

- Ачык айтканда өкмөттүн даяр акчага көзү түшүп жатат. Фондго акча түшүш үчүн биринчи аны тартып келиш керек да. Акчаны алып келүү мигранттардын акимге эмес, мамлекетке, мамлекеттик институттарга болгон ишенимине көз каранды. «Сен биздин фондго акча сал» дегенде эле баары макул болбойт. Бул ар кандай долбоор менен ишке ашат. Азыркы мигранттарды мурдагы мигранттарга салыштырып болбойт. Анткени учурда алар кайсы өлкөдө жүрсө ал жерге отурукташып жарандык алып, ошол жерге инвестиция салып баштады. Демек мигранттардын акчасын тартып келүү дагы оорлошту. Ооба, четте жүргөн мигранттар сөзсүз мекенчил болушат. Бирок алардын акчасын алып келүүнүн башка жолун карашыбыз керек. Биз «сен каражат салсаң өзүң да пайда табасың» деген ишенимди жарата алган жокпуз. «Фонд ачып, ага акча топтогула» деген бул жоопкерчиликти аким менен мигранттарга эле түртө салуу амалы. «Биз баарын туура пайдаланабыз, сен бизге акча сал» деген менен эле маселе чечилбейт да. Бул негизинен иштин баарын аким менен мигранттарга эле түртө салуу амалы.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Расмий маалымат боюнча алардын ичинен 1 млн. 200 миңи Орусияда. Чет жакта ишкердик менен алектенген мигранттар кичи мекенине каржылык колдоо көрсөткөн учурлар бар. Бирок алардын акчасын бир фондго топтоону учурдагы бийлик каражатты ырааттуу пайдалануу менен түшүндүрүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев бийликтин фонд түзүү тууралуу чечиминин себептерине токтолду.

Бакыт Рыспаев.
Бакыт Рыспаев.

- Президент, премьер-министр чет жакка чыкканда ирденген, ишкер мигранттар менен жолугушат. Алар «биз мамлекетке акча берет элек, бирок айыл өкмөт да, аким да ала албайт экен. Ошону чечип бергиле» десе керек. Бул демилге ошондон улам чыкты деп ойлойм. Ошондон улам өкмөт «фонд түзгүлө, мигранттар «каражат беребиз» деп калса даяр болгула» деген маани болсо керек. Фондго акча түшүп ал максаттуу иштетилсе жакшы. Бирок ал деле бардык маселени чечкенге жетпейт да. Анын үстүнө мигранттар өздөрү чет жакта кыйналып, эптеп оокат жүрүшөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. 2019-жылды болсо Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп атаган. Жээнбеков президенттик мөөнөтүндө аймактарды өнүктүрүүгө басым жасай турганын айтып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (53)

XS
SM
MD
LG