Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 10:56

Мигранттардан келген акча кемий түштү


Иллюстрациялык сүрөт.

Чет өлкөлөрдөгү мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы азайды. Улуттук банк 2019-жылы бул көрсөткүч кеминде 11% азайганын билдирди.

Мунун себебин аталган мекеме бир нече жагдай менен байланыштырууда. Бирок адистер негизги себеп катары Орусиянын былтыр акча которууга киргизген чектөөсүн белгилеп жатышат. Адатта эң көп акча ушул мамлекеттен келет. Албетте, мындан башка да жүйөлөр айтылып жатат.

«Элдик экономика» түрмөгү бул жолу ушул темага арналды.

Көлөмү азайган акча которуу

2019-жылдын 12 айындагы акча которуунун көрсөткүчү толук эсептелип бүтө элек. Ошондуктан биз 11 айдын санагы менен сөз баштайбыз.

Узаган жылы жеке жарандар акча которуу системасы аркылуу Кыргызстанга канча каражат жөнөтүп, канча сумманы чыгарып кетишкени тууралуу маалыматты Улуттук банк берди.

Мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева бул экөө тең азайып жатканын билдирди:

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

- 2019-жылдын (январь-ноябрь) айларынын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын Кыргыз Республикасына акча которуу системалары аркылуу которгон каражаттары 2 млрд. 191,9 млн. АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын салыштырылып жаткан мезгилинин көрсөткүчүнөн 11,6% төмөндөдү. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынан тышка которулган жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу которгон каражаты 493,4 млн. АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө карата 0,2% азайды. Ошентип, акча которуунун таза агымынын көлөмү 1 млрд. 698,5 млн. АКШ долларын түзүп, 2018 - жылдын 11 айына салыштырмалуу 14,4% төмөндөдү.

Биз сөзүбүздүн учугун сырттан келген акча жөнүндө улап, анын азайышынын себептерин да сурап көрдүк. Албетте, буга да башкы каржы көзөмөл мекемесинин өз түшүндүрмөсү бар.

- Акча которуу бир катар кооптуу жагдайлардын таасирине дуушар болот. Алардын ичинде эмгек мигранттары жүргөн реципиент өлкөлөрдүн экономикасынын абалы, алардын чет өлкөлөрдө иш менен камсыз болуу шарттары жана башка себептер бар. Отчёттук мезгилде акчанын агылып киришинин көлөмүнүн азайышына 2019-жылдын апрель айында акча которууга карата киргизилген чектөөлөрдөн тышкары, рубль курсунун АКШ долларына карата өзгөрүшү жана 2018-жылы которулган акчанын келип түшкөн көлөмү тарыхый максимумга жеткени себеп болду, - деди Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.

Ооба, эгер тереңирээк карасак 2014-жылы чет өлкөдөгү мигранттар Кыргызстанга дээрлик 2 миллиард долларга жакын каражат которсо, 2015-жылы ал 1,4 миллиардга түшүп калганы белгилүү.

2018-жылы бул көрсөткүч кайра көтөрүлүп, кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар жиберишкен. Муну кезинде адистер Евразия Экономикалык Биримдигинин жемиши катары түшүндүрүшкөн эле. Бирок бул сумма азая баштаганда маселени кайра талдоого туура келип калды жана анын негизги себеби катары Москва койгон чектөө айтылууда.

2019-жылдын апрелинде Орусия Кыргызстанга, Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө киргизген. Орусиянын Улуттук банкы мындай чечимди көмүскө операцияларга бөгөт коюу аракети менен түшүндүрүп, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөштүн ыкмасы катары сыпаттаган. Буга байланыштуу мигранттар арасында жана Кыргызстандагы ишкерлерде нааразылык келип чыккан.

Кыргыз өкмөтү Орусиянын акча которууга киргизген чектөөсү ишкерлик менен алектенген мигранттарга терс таасирин тийгизип жатканын мойнуна алып, аны чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Эки-үч жолку аракетинен кийин 2019-жылдын аягында бул сумманы 150 миң рублга көтөргөн. Мындай караганда бул деле ишкерлерге аздык кылды.

Депутат Сагындык Келдибаев сөз болуп жаткан чектөө тууралуу парламентте бир нече жолу маселе көтөрүп, анын айынан Кыргызстанга акча которуу азайып жатканын эскерткен эле.

Сагындык Келдибаев.
Сагындык Келдибаев.

- Ушул чектөө киргизилгенде эле мен акча которуу азаярын айтканмын, - деди ал. - Жыйынтыгы мына ошону далилдеп жатат. Мурунку жылдары көп акча келип, элдин турмушу оңолуп жатат, биз мигранттарыбызды инвестор катары көрүп, кам көрөлү дегем. Биз бир эле уюмда мүчөбүз, анан Орусия Беларус менен Арменияга ошондой чектөө киргизбейт да, Кыргызстан менен Казакстанга киргизип жатат. Ушул маселени көтөрүш керек болчу. Бул биримдиктин алкагындагы макулдашууларга туура келбейт.

Чектөө демекчи, ал ишкерлерге кайсы бир кызмат үчүн акы төлөөгө, товар алып сатууда акча жөнөтүүгө тоскоолдук болду. Андан көбүнчө жеңил өнөр жай тармагындагылар жабыр тартты. Натыйжада алар каражаттарын азыраак которушкандай.

«Жеңил өнөр жайы» тигүүчүлөр бирикмесинин президенти Сапар Асанов Орусиядан акча которуунун азайышын так ушул жагдай менен байланыштырды:​

Сапар Асанов.
Сапар Асанов.

- Орусияда деле кризис болуп жатканы, ал жактан бизге товарларга буюртмалардын аздыгы ушуга түртүп жатат окшойт. Башкача айтканда буюртмалар аз болсо, демек бизге да акча аз которулат. Биздин товарлар өтпөй жатат. «Дордойдо» деле, башка жерлерде деле ошол жактан алгандар аз болуп жатканын белгилешүүдө.

Муну Бишкектик ишкер, тигүү тармагында иш жүргүзгөн Алтынбек Мамбеталиев да ырастады. Ал да акча которуудан жүдөгөнүн, натыйжада кайсы бир суммадагы буюртмаларды ала албай калганын билдирүүдө. Демек ага келчү каражат да өлкөгө келбей калды десек болот.

- Биринчиден Казакстандын чек арасы кыйнап жатат, - деди ал. - Экинчиден ошол акча которууга коюлган чектөө биздин ишти кыйла бууду. Анткени 100-150 миң рубль деген эмне? Эки рулондун пулу. Анан эмне кыласың? Айла жок туугандарга салдырасың, кайра бул жактан ошонун баарын топтоп аласың. Бул тоскоолдуктар сатып алууну азайтууда. Жыйынтыгында акча да аз которулуп жатат.

Кыргызстанга которулган акчанын кайсы бир бөлүгү Европа өлкөлөрүнөн, АКШдан, Казакстандан жана башка мамлекеттерден да келет. Бирок дээрлик 95-98% Орусиядан гана келет. Ошол себептүү акча которуу ушул өлкөнүн экономикасынан жана ал жактагы мигранттардын жагдайынан да көз каранды.

Мигранттардын үнү

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2019-жылы 1 миллион 55 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоого алынган. Алардын ичинен 20 миңдей студенттерди жана туристтерди эске алганда, Орусиядагы кыргыз мигранттардын саны расмий 1 миллиондон ашты десе болот.

Мигранттар эселеп көбөйгөнү менен акча которуу азайып кеткенин Кыргызстандын Улуттук банкынан тышкары Орусиянын Борбордук банкы да белгилейт. Банктын маалыматы боюнча былтыр Орусиядан КМШ өлкөлөрүнө акча которуу 27% азайган.

Орусиялык адистер муну өлкөдөгү экономикалык абал менен, кыргызстандык серепчилер Москва былтыр жайында Кыргызстанга акча которуунун көлөмүнө чектөө киргизип койгонуна байланыштырышса, Орусияда учурда жашап, иштеген кыргызстандыктар миграция агымында байкалган жаңы тенденцияларды айтышты.

Москвадагы мигранттар.
Москвадагы мигранттар.

Он жылдан бери Москвада иштеген Нурболот Акимжанов өзүнүн мисалында буларды айтып берди:

- 2010-жылы айлыгым 15 миңдин тегерегинде болчу. 15-20 миң рубль. Кыргызстанга, үйгө 10 миң рубль акча салчумун. Анда биринчи келгенде ата-энеңе жардам бериш, үй-бүлөңө жардам бериш керек болот да. Ошондуктан көбүрөөк акчаны Кыргызстанга которчумун. Азыр болсо үйлөнүп, өзүмдүн үй-бүлөм болгондуктан, ата-энеме жеп-ичкенине, тамак-ашына, ары-бери басканына салам дагы, өзүмө көбүнчө алдыга койгон ой-максаттарды ишке ашырыш үчүн чогултам.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Надырбек Сооронбаев да бир катар тенденцияларды белгиледи:

- Көпчүлүк биздин мекендештер бул жакта отурукташып, үй-бүлөсүн алып келишти. Бала-чакасын ушул жактагы мектептерге окутуп, мурда Кыргызстанга балдары үчүн акча салып турса, азыр каражаттарын жанында алып кала баштады. Андан тышкары мурда ар кимдин үйүндө ондон-жыйырмадан болуп, батирде тыгылып жашап келишкен болсо, азыр көпчүлүк кыргыздар өздөрү үй алганга аракет кылып жатышат. Кыймылсыз мүлк алгандар арбыды. Ошондой эле ишкердик кылгандар, маселен фастфуд, кафе, сулуулук салондорун ачкандар да көбөйдү. Демек алар автоматтык түрдө акчасын алып калышат. Европа, АКШ Орусияга санкция киргизгенден бери Орусиядагы кыргыздар да акчасын сарамжалдап, ушундай нерселерге иштетүүгө өтүштү. Бул да мекенибизге жөнөткөн акчанын азайышына таасир этип жатат.

Ал эми Бектурсун Таировдун айтымында, мигранттардын айлыгы көтөрүлгөн жок. Мурунку акча которуунун деңгээлин эки өлкө ортосунда соода кылган ишкерлер камсыз кылып турчу.

Таиров былтыр жайында Орусиядан Кыргызстанга акча которууга 100-150 миң рублдык чектөө киргизилгенден бери бул каражаттар көмүскөдө калды деген оюн ортого салды:

- Менин оюмча буга чейинки көп акчаны айлыкка иштеген мигранттарга караганда ишкерлик кылган кыргызстандыктар которуп жүрүшсө керек. «Western Union» менен «Коронада» 100-150 миң рублдик лимит жок кезинде алар банктар аркылуу эле которушчу. Анан ошонун баары эсепке түшүп жүрүп, көп акча баргандай болуп жүргөн да. Акыркы бир жылда азайганы ошол лимиттин айынан го дейм? Бирок ошондой эле акча Кыргызстанга кирип жатат, болгону ал көмүскө жолдор менен кетүүдө. Жөнөкөй эле мигранттар, маселен Москвада иштеп жүргөндөр 250-300 доллар эле которушат. Орточо айлык алгандар ошончо эле которушат.

«FinExpertiza» консалтинг компаниясы 2019-жылы Орусияда иштеген КМШ мигранттарынын өз өлкөлөрүнө жөнөткөн акчасын эсептеген. Талдоочулардын баамында, орточо эсеп менен өзбекстандыктар айына 418 доллардан, тажикстандыктар 195 доллардан, ал эми кыргызстандыктар 536 доллардан жөнөтөт. Орусиянын Борбордук банкынын эсеби боюнча да КМШ өлкөлөрүнө орточо акча которуу 413 доллардын тегерегинде.

«Элдик экономика» түрмөгүнүн алкагында, чет өлкөдөгү мигранттардын акча которушунун азайганынын себептери, андагы экономиканын орду боюнча жана башка суроолорго экономист Эркин Абдразаков жооп берди.

«Акчанын агымына Москванын чектөөсү таасир этти»​

Кыргызстандын расмий маалыматтарына ылайык, учурда өлкөнүн 700 миңдей жараны Орусияда, 35 миңдей жараны Казакстанда эмгек мигранты катары иштеп жүрөт. Бирок жогоруда айтылгандай, Орусиянын расмий органдары орус жергесинде миллиондон ашык кыргызстандык бар экенин билдиришти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (41)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG