Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Москвада мигранттарды какшаткан «Севендэйс»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада жүздөгөн мигранттар кыргызстандыктардын аутсорсинг компанияларынан айлыктарын ала албай жүрүшөт.

Нуртилек Мирбек уулу Москвада бир жарым жылдан бери мейманканада официант болуп иштейт. Алгач ишке орноштурган москвалык аутсорсинг компаниясы саатына эмгек акыны азыраак төлөп бергендиктен, «кыргыздар ачты» деген компанияга көбүрөөк ишеним артып, аларга өтүп кеткен.​

- 2019-жылы февралында тааныштардан «"Севендэйс" деген фирма бар, Адис деген кыргыз бала ачыптыр, саатына 200 рубль төлөйт экен» деп угуп калдым. Кубанып, биздин отелде иштеген балдар менен чогуу ошол компанияга өтүп кеттик.

Эми отелде иштеген 15-20дай адам менен бирге 50 миң рублдан айлыгын ала албай калган мигрант бул компания өзүн «банкрот» деп жарыялап койгонун айтты:​

- Булар Москвада көптөгөн отелдер менен иштешет. Биздин отелден, мен билгенден 15 адамдын айлыгын бербей коюшту. Кыргыздар деп ишенип, телефондон эле паспорт, миграциялык карталарды сүрөткө тартып жөнөтүп, эмгек келишимин деле сураган эмеспиз. Башында жакшы төлөп, анан эле августта айлыкты кечиктирди, сентябрда такыр төлөшкөн жок, октябрдын аягында Адис өзү адамдары менен келип, банкрот болгонун айтып коюшту.

Нуртилектин айткандарын дагы эки кыргызстандык тастыктады.

Орусияда чет өлкөлүк мигранттарды аутсорсинг, тагыраак айтканда, ортомчу компаниялар аркылуу иштетүү кеңири жайылган көрүнүш. Мындай схема чет өлкөлүктүн миграциялык документтери менен алек болууну каалабаган жумуш берүүчүлөргө ыңгайлуу, ал эми ортодо жумушчу күчтү соодалаган ортомчуларга да алда канча кирешелүү.

Айлыгын ала албагандар жүздөп саналат

Мигранттар атаган Адис Субанов менен байланышканыбызда бул компаниядан КМШнын жүздөгөн мигранттары март айынан бери айлыгын ала албай жүргөнү белгилүү болду. Адис Субанов бул үчүн мурунку өнөктөшүн айыптады:

- Салтанат Абакирова банк эсебиндеги 5 миллион 127 миң рублди мартта башка фирмага жөнөтүп, ошондон бери бербей жатат. Азыр сот болуп жатат. Сот бул аялдан акчаны алуу жөнүндө чечим чыгарса, мен баарына акысын төлөп берем.

Негиздөөчүлөрү Адис Субанов менен Салтанат Абакирова, башкы директору Салтанат Абакирова деп көрсөтүлгөн «Севендэйс Групп» аттуу жоопкерчилиги чектелген уюм Орусияда 2016-жылдын 21-октябрында ишин баштаган. Алар ондогон орусиялык иш берүүчү компанияларды жумушчулар менен камсыз кылышкан.

2019-жылдын мартында эки негиздөөчүнүн ортосунда келишпестик пайда болуп, Адис Субанов «Севендэйс Групп» компаниясы аркылуу иштеген мигранттарды аталышы окшош, бирок юридикалык жаңы ачылган башка аутсорсинг компаниясына которо баштаган.

«Севендэйс Сервис» жоопкерчилиги чектелген уюму 2019-жылдын 1-апрелинде каттоодон өткөн. Интернет булактарында башкы директору Вячеслав Денисов, негиздөөчүсү Орозмат Эргешев деп турат. Субанов жумушчуларга эмгек акы төлөп бериш үчүн тааныштарына жардам сурап кайрылганын айтат. Бирок экинчи компаниянын ээлери менен байланыштыруудан баш тартты.

Сөз башында Москвадагы отелде «Адистин компаниясы» аркылуу иштегенин айткан кыргызстандыктар 2019-жылдын сентябрь-октябрь айларындагы айлыктарын ала албай жатканын, «Севендэйс Сервис» деген экинчи аутсорсинг компаниядан да айлык ала албай калгандар бар экенин эскертип коюш керек. Муну Субанов өзү «бир карызды экинчи карыз менен жаап отуруп, карызга батып кеткени менен» түшүндүрөт.

Мындан тышкары, Субановдун айтымында, мартта «Севендэйс Групп» аркылуу иштеген 150дөй мигрантка - кыргызстандыктардан тышкары Орусиянын, Украинанын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Молдованын жарандарына айлык берилген эмес. Учурда анын өнөктөшү Абакировага каршы арызы сотто каралып жатат деген менен иш Москвадагы кайсы сотто экенин так айткан жок.

Субанов бардык күнөөнү оодарып жаткан Салтанат Абакирова аны менен 2019-жылдын январынан бери кызматташпай калганын айтып, өзү директор болгон «Севендэйс Групп» компаниясы мигранттардын айлыктарын төлөбөй койгонун «банктагы маселе» менен түшүндүрдү:

- Мен бул суроолорго адвокатым менен гана жооп берем. Кыйын иш болуп жатат. Мен мойнумдагы жоопкерчиликти билем. Экинчи негиздөөчүнүн айынан банктагы эсеп боюнча маселе чыкты. Мен азыр мага чабуул ким тарабынан уюшулуп жатканын түшүнүп турам. Бирок бардык маселени мыйзам чегинде чечем.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө «Севендэйс Сервис» менен «Севендэйс Групп» компанияларына карата жалпысынан 150дөй кыргызстандыктан жеке жана жамааттык арыз түшкөн.

Өкүлчүлүктүн кызматкери Доорбек Абдразаков алгачкы сүйлөшүүлөрдө Субанов менен Абакирова кыргызстандык мигранттарга эмгек акысын төлөп берүүгө милдеттенип, кийин убадаларын аткарбагандыктан жарандардын арыздары боюнча материалдар Москванын Тергөө комитетине жөнөтүлгөнүн билдирди. Бул иш качан каралып, кыргызстандык мигранттардын колуна эмгек акылары качан тиери белгисиз.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгү.
Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгү.

Ал эми Москвада бул эки компания аркылуу иштеп, айлыгын жедирип жиберген башка КМШ мигранттарынын болжолдуу санын айтуу кыйын.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө былтыр 2,5 миң адам 120 миллион рублга чейин эмгек акы боюнча кайрылып, өкүлчүлүктүн жардамы менен дээрлик жарымы өндүрүлүп берилген. Бул Орусияда төлөнбөгөн эмгек акы тууралуу расмий кайрылган мигранттардын гана саны.

Быйылкы жылдын статистикасын алыш үчүн учурда Москвадагы өкүлчүлүктүн башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Жаркынай Галиевага кайрылып, маалымат ала албадык.

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 12а​. Телефон: 8 (495) 780-74-10.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG