Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Мигранттар президентке арманын айтты


Сооронбай Жээнбековдун Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу.
Сооронбай Жээнбековдун Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы иш сапарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Мигранттар бир катар маселелерди ортого салышты.

Москвага футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына келген президент Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Коррупция менен күрөш

Эмгек мигранттары өлкөнүн өнүгүшү боюнча тынчсыздандырган бир катар маселелерди көтөрүштү. Коррупция менен күрөшүүнүн оош-кыйышы тууралуу кеп козгогон Сапарбай Жолдошалиев паракор аткаминерлерди сот жообуна тартып эле тим болбостон, өлкөнүн бюджетине келтирген зыяндын ордун да толтуртууга чакырды:

- Бир миллионго жакын кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт. Ошонун себеби - коррупция, мамлекеттеги паракорчулук. Бизге Кыргызстанда уурулардын кереги жок. Аларга өлкөбүздө орун жок. Алардын айынан канча жаштар темселеп жүрүшөт! Ушул күрөштүн аягына чыгыңыз. Керек болсо, менин да айыбым бар болсо, мени да жоопко тартыңыз. Канча чыгым келтирилсе, ошонун орду толтурулсун.

Жолдошалиев учурда Ысык-Көлгө төрт жүз орундук спорт аянтын куруу боюнча долбоор сунуш кылып, ага инвесторлор табылганын, өкмөт тарабынан бир гана колдоо керек экенин белгиледи.

Кен иштетүү

Максатбек Жапаров жер казынасын чет өлкөлүк инвесторлорго берүүдө азыр да коррупция күч алып турганын айтып, жергиликтүү калк дагы эле жумуш менен камсыз болбой чет жакка миграцияга кетип жатканына кейиди:

Максат Жапаров.
Максат Жапаров.

- Шамбесай алтын кени боюнча Москвадагы "Кадамжай" коомунун атынан кайрылууну алдыңыз. Менимче коррупция ошол жерлерди иштетүүдө башталып жатат. Эмне үчүн кендин 60 пайызын кытайлыктар иштетип жатат? Аларга бул жер ит бекер берилген. Жаңы мыйзам кабыл алып, шарттарды кайрадан карап чыкмайынча жерлерди иштетүүгө берүүнү токтоткула.

Бул кайрылууларга жооп берип жатып Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү улантууга убада берди:

- Коррупция менен күрөш токтобойт. Бул Кыргызстандын келечегине балта чаба турган нерсе. Кен байлыктары боюнча маселени колго алабыз. Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Эми Коопсуздук кеңешинде да жаңы кендер менен мурунку кендерди ким иштетип жатат, кандай шарттарда иштетип жатат - мунун баарын көзөмөлдөйбүз.

Кичи мекенин унутпаган мигранттар

Элет жергелерин көтөрүүгө салым кошуп жаткан мигранттардын айылдык фонддору жөнүндө кеп салган Сыдык Исиров бул иштерге мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүүнү суранды.

Сыдык Исиров.
Сыдык Исиров.

- Оштун Кара-Суу районундагы Кенжекул айылынын жаштар комитетинин төрагасы болом. Азыр мигранттар айылдык фонддорду түзүп, айылдарына жүз миңдеп, миллионго чейин жардам көрсөтүүдө. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп айтылгандыктан мигранттардын демилгелерин бир нукка буруп, колдоого ала турган өкмөттүк иштер жүргүзүлсө жакшы болот эле. Мен сунушума "ооба, Миграция кызматы карайт" деген жооп алдым. Толук ынанбадым.

Ал эми президент болсо өз сөзүндө мекендештердин Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү боюнча демилгелери колдоого алынаарын айтып, чет өлкөлөрдөгү диаспоралар менен тыгыз кызматташуунун маанилүү экенин белгилеп өттү:

- Кыргызстанга иштейм десеңер, келечектүү жакшы долбоорлоруңар, инвестор болсо баргыла. Барганда эле баары күтүп отурбайт. Аракет кылыш керек. Азыр өкмөттө Экономика министрлигине караштуу инвестиция боюнча агенттик ачылды. Ошол аркылуу долбоорлоруңарды өткөрсөңөр болот.

Жарандык активист Зулпидин Нурматов мигранттардын чет жакта отурукташып калбай, мекенге кайтуусуна шарт түзүш үчүн Кыргызстанда үй салууга атайын жеңилдиктерди кароону өтүнгөн.

Зулпидин Нурматов.
Зулпидин Нурматов.

- Он жылдан бери Орусияда иштейм, бирок үй ала элекмин. Мага окшогондор жүз миңдеп саналат. Атайын жеңилдиктер менен, 10-15 жылдык мөөнөткө батир берилсе, сатып алат элек. Мигранттардын баары эле үй алалы деп келишет. Кыргызстанга акча которуу да көбөймөк. Жеке ишкерлер айына 45-50 миң рублга үй куруп жатышат. Бизде ага мүмкүнчүлүк жок, батирге төлөш керек, тамак-аш, балдарга дегендей. Мен мурун эле президентке кат жазгам, бул тууралуу. Мында деле "карап жатабыз, күздө жооп болот" деди.

Жаш адистерди өндүрүшкө кайтаруу

Москвада иштеген Гүлшайыр Отунчиева Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүш ишканаларын ачып, чет жакта билим жана тажрыйба топтогон жаштарга мекенге кайтып иштөөгө шарт түзүүнү суранды.

- Төрт жылдан бери Москвада электротехника сатуу тармагында иштейм. Бизде да ушул электр тетиктерин чыгаруу жөнгө салынса, өндүрүштү көтөрсөк. Мага окшогон жаш адистерге Кыргызстанга барып иштегенге шарт түзүлсө жакшы болмок.

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

Ал эми чет жакта кырсыктап, ден соолугу жабыркаган мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көмөк көрсөтүү маселесин Москвадагы коомдук ишмер Толкунбай Акматов көтөрдү. Президент мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу долбоору өкмөттө каралып жатканын, аны өзүнүн көзөмөлүнө алынганын билдирди.

Өлкө президентинин Москвадагы кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушуусунда көбүнчө чет жактагы мигранттарды Кыргызстанга инвестор катары тартуу, ишкердикке жеңилдиктерди кароо, айыл жергесин көтөрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанда кесиптик-техникалык билим берүүнү көтөрүү менен бирге Орусияда иштеген жаштардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо жөнүндө сунуштар айтылды.

Сооронбай Жээнбеков жыйынтыктоочу сөзүндө Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин кыргызстандык мигранттарга берилген жеңилдиктерди баса белгиледи. Ал чет жакта каза болгон жарандын сөөгүн мекенге жеткирүүгө өкмөт 50 миң сом өлчөмүндө каражат бөлө баштаганын эске салды. Андан тышкары Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мигранттарды пенсия менен камсыз кылуу маселеси ушу тапта каралып жатканын жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча чаралар күчөтүлгөнүн айтып өттү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG