Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 01:19

Пенсиясына түйшөлгөн эмгек мигранттары


Орусиядагы эмгек мигранттары.

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жарандары эмгектенген мамлекетинен пенсия алышы боюнча келишим даярдалып бүтүп калды.

Эки жылдан бери айтылып жаткан документ ишке кирсе, Орусиядагы миңдеген кыргыз мигранттарынын пенсия маселеси чечилчүдөй.

Мигранттарды ойго салган пенсия

Руслан - Орусиянын Сахалин шаарында эмгектенген кыргызстандыктардын бири. Ал он жылдан бери жеке фирмада эмгек келишими менен иштеп келет. Башкача айтканда социалдык бардык төлөмдөрдү төгүп, Орусиянын эмгек мыйзамдары менен иштейт.

Руслан жакында Кыргызстанга кайтып келип, карылык камын көрсөм деген ниети бар. Бирок эмгек тажрыйбасы, бул жакта иштегендеги социалдык төлөмдөрү кандай эсептелерин билбейт.

- Бишкекке барганда мамлекеттик кызматта иштеген тааныштарга дайыма бул маселени айтып турам. Азырынча мигранттардын пенсия маселеси кандай чечилип жатканы белгисиз. Мендей мыйзамдуу иштегендер Орусияга салык төгүп жатышат. Кийин пенсияга чыкканда кантебиз? Ушул жагы ойлондурат.

Орусияга мигрант болуп кеткендердин көбү Руслан сыяктуу ой менен жашап келет.

Айрым мигранттар дал ушул пенсияга байланыштуу орус жарандыгын алганын айтышат. Маселен, жыйырма жылга жакын Москвада иштеген Токтокан Турсунбаева улгайган кезинде туулуп-өскөн жерине кайткысы келген. Бирок мекенинде эки миң сомдой гана пенсия алаарын билип, Орусиянын жарандыгына өткөнүн жашырбайт.

- Бул жакта жетиштүү эле иштедим. Карылыгымды балдарымдын, туугандарымдын кашында өткөрөйүн дегем. Бишкекке барып “Пенсияга чыксам канча сом алам?” деп сураштыргам. Мен 1800 сом алат экенмин. 1800 сом эмнеге жетет? Бир кап ун да келбейт. Мендейлер толтура, бул маселени чечип берсе болмок.

Ишке ашпай жаткан келишим

Азыр мигранттар пенсия маселеси Евразия экономикалык биримдигинин алкагында түзүлүп жаткан келишим менен чечилет деп үмүт кылып турушат. Бирок эки жылдан бери мигранттарды пенсиялуу кылчу документ ишке аша элек.

Көпчүлүк мигранттар ойлонбой жатышат. Азыркы 35-40 жаштагы мигранттар пенсия көйгөйүнө жакында туш болушат.

Кыргызстандын Социалдык фонду "20-февралда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн социалдык төлөмдөргө тийиштүү өкүлдөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы чогулуп, келишимдеги акыркы маселелерди талкуулап бүтүп калды" деп маалымдады. Социалдык фонддун коомчулук менен иштешүү башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов буларга токтолду.

- Келишимдин ишке ашып кетишине да кадам жасалды. Кыргызстан, Казакстан, Армения бул келишимдин айрым жагдайларына макул болбой келгенбиз. Акыркы жолугушууда Орусия тарап менен бир нече маселени такташып алдык. Эми Евразия экономикалык комиссиясы өз чечимин кабыл алышы керек. Ошондон кийин гана келишимге кол коюу иштери башталат.

Баштапкы маалыматтар боюнча мигранттарга пенсиянын базалык бөлүгүн жарандын өз өлкөсү, ал эми топтолмо бөлүгүн жаран иштеген өлкө төлөйт. Бул үчүн мигрант биримдиктеги өлкөлөрдө эмгек келишими менен иштеп, тийиштүү социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды төлөп турушу керек.

Азырынча бул келишим качан ишке кирери так белгисиз. Документти ЕАЭБ өлкөлөрүнүн парламенттери карап, бекитиши керек.

Келишимдеги пенсияга айрым мигранттар илинбей калышы мүмкүн

Анткен менен орус өлкөсүндө мыйзамдуу жүрүп, расмий иштесе да социалдык төлөмдөрү төлөнбөй калган кыргызстандык эмгек мигранттары абдан көп. Көпчүлүк иш берүүчүлөр жумушчунун мамлекетке төгө турган салыктарын кымырып алган учурлар да болгон.

Орусияда метро салып жаткан мигранттар.
Орусияда метро салып жаткан мигранттар.

Орусиядагы кыргыз диаспораларынын биринин мүчөсү Турсунбай Кубатбеков пенсияга байланыштуу бир катар маселелер чыгарын белгиледи:

- Пенсия келишими жөнүндө угуп жатабыз. Бирок качан ишке кирери белгисиз. Азыр мыйзамдуу иштеп жүргөндөрүнүн ар кандай төлөмдөрү төгүлбөй калган учурлар болгон. Ал эми мыйзамсыз иштегендери да толтура, алар эмне болот? Келишим ишке ашып калса, буга чейин иштегендердики кайра эсептелеби? Орус да, кыргыз да жарандыгы менен жүргөндөр бар.

Москвадагы активисттердин бири Канзада Сманова карылык камын көрүүгө биринчиден мигранттар өздөрү дилгир болушу керек дейт. Сманова айрым мигранттар мыйзамдуу иштөөгө умтулбай жатканына кабатыр.

- Азыр түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Көпчүлүк мигранттар ойлонбойт. Бир даары толук бойдон орус жарандыгын алып пенсия маселесин чечип алышты окшойт. Бирок азыркы 35-40 жаштагы мигранттар пенсия көйгөйүнө туш болушу ыктымал.

Мигранттар жана саясий эрк

Чет өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктардын жакынкы жылдары пенсия жагынан кыйынчылыкка туш болуу коркунучуна байланышкан маселе парламентте дагы көтөрүлгөн. 2017-жылы апрель айындагы Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигинин жыйынында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев келишимди кабыл алууну тездетүүнү тапшырган болчу. Пенсия системасы боюнча адис, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков мындай деди:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Буга саясий эрк керек. Бизде пенсия системасында мыкты адистер бар. Алар эки өлкөнүн пенсия мыйзамдарына ылайык жоболорду иштеп чыга алышат. Тез арада келишимди кабыл алышыбыз керек. Алардын Кыргызстанга которгон акчасы 2 млрд. доллардай болот экен. Бул биздин кыргызстандыктар Орусиянын Социалдык фондуна эбегейсиз ачка таштап жатышат деген кеп.

Кыргызстанда пенсиянын орточо суммасы 4500 сом. Пенсиялык системага ылайык, жаранга 1500 сомду мамлекет берип, калган бөлүгү эмгек тажрыйбасына, Социалдык фонддо чогулткан каражатына жараша төлөнөт.​

2017-жылы чет жакта жүргөн кыргызстандыктар мекенине 2 миллиард 482,2 миллион доллар которгон. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына ушул айда жарыяланды.

Кыргызстанга келген бул сумманын 90% Орусияда жүргөн мигранттар жөнөткөн. Башкача айтканда алар которгон акча 2 миллиард 435 млн. доллар болгон.

Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттын суммасы 2015-жылы 1 млрд. 168 миллион долларды, ал эми 2016-жылы 1 млрд. 991 миллион долларды түзгөн.

Дүйнөлүк банктын баасы боюнча, мигранттар которгон акча Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

"Орусияда 600 миң кыргыз жараны иштеп жүрөт" деп айтылганы менен, расмий эмес маалыматтарда бул көрсөткүч миллион адамга жакын деген божомол бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG