Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Москва: айылын унутпаган мекендештер


Айылдагы бала бакчага жардам. "Акталаа" коому.
Айылдагы бала бакчага жардам. "Акталаа" коому.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар атайын коомдорду түзүп, туулуп-өскөн айылына көмөк көрсөтүп жүрүшөт.

Москвада жүргөн айылдаштардын «Катыраңкы» коому төрт жыл мурда түзүлгөн. Анын мүчөлөрү кичи мекенине, Базар-Коргон районундагы Катыраңкы айылына жардамын аяшпайт. Коомдун жетекчиси Максат Жапаров буга чейин аткарылган иштер жөнүндө кеп салды.

- Отуздай мүчөбүз бар. Жылына 100-120 миң рублга чейин топтолот. Айылга жарым миллиондой акча жумшадык. Мүрзөгө кашаа коюп бердик, жолду оңдодук, эл чогулган жерге темирден отургуч менен үстөлдөрдү жасадык.

Айыл өкмөтү ачкан бала бакчанын ички жасалгасына акчалай жардам бердик. Эми айылдагы электр устундарын оңдойлу деп турабыз. Андан тышкары, суу маселеси да бар. Бул каражатты көп талап кылган жумуш, бирок белдүү адамдар чыкса, колдон келишинче салым кошобуз. Андан тышкары, мектеп окуучуларына стипендия чегерип берсек, балдардын билимге умтулуусу күчөп, билимдүү жаштарыбыз көбөйөт эле деген ойлорубуз бар.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кенжекул айылынан келген жердештер да Москвада өздөрүнүн айылдык коомун түптөшкөн. Сыдык Исиров чет жердеги ынтымактын күчү менен айылда бир топ иштер жасалып жатканын айтып берди.

- Москвадагы жаштар биригип, бири-бирибизге жардамдашып келгенбиз. Былтыртан бери коом катары кеңейип, биргелешип иш жасап жатабыз. Айына миң рублдан чогултабыз. Айылда чоң-чоң иштер болуп калганда кошумчабызды кошобуз. Былтыр айылдагы көчөлөргө жарык коюп бердик. Жол начар эле, ага шагыл төгүлдү. Мектепке таза суу чыгарылды. Бир айылдашыбыздын жардамы менен Интернетке туташтыралы деп демилге көтөргөнбүз, ал туруп калды. Бизде аялдама жок эле. Жаштардын бир мууну үч аялдама куруп берди. Эми эски спорт клубду оңдоп жатышат, анан спорттук аянтчага ылайыктуу жер бар. Клубга жабдыктады сатып берип, курулуштарын бүтүрөлү деп турабыз.

Кенжекул айылы.
Кенжекул айылы.

​Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун жаштар бирикмесинин өкүлү Акжол Келгенбаев кайрымдуулукка да көңүл буруларын айтты:

- Былтыр айылдын бала бакчасындагы эски темир керебеттерди алмаштырып бердик. Заманбап үлгүдөгү керебеттерди, балдарга оюнчуктарды жана керектүү эмеректерин алганбыз. Андан тышкары оорукчан, майып айылдаштарга кышкы тамак-аш, кийим-кечесин алып берип, акчалай жардам көрсөттүк. Москвада да ич ара жардамдашып жүрөбүз.

Айылдык коомдордун негизги максаты - жер-жерлердеги олуттуу көйгөйлөрдү биргелешип чечүү. Бирикменин мүчөсү Мыктар Жантороевдин айтымында, чет жактагы кыргызстандыктардын айылдагы жашоо-шартын жакшыртууга далалаты күч:

- Биз Өзгөн районунун Эски Покровка айылынан болобуз. Жердештер башыбызды бириктирип, биз деле коом түзгөнбүз. Эки жылда айыл өкмөттөн 55 сотых жер үлүшүн бөлдүрүп алып, эки волейбол жана бир футбол аянтын курдук. Тегерегин тосмолоп, 6 миң түп теректин көчөтүн отуруздук.

Бала бакчага жардам.
Бала бакчага жардам.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл өкмөтүнүн жаштары негиздеген «Жаңылануу» коомунун үч жүздөй мүчөсү бар. Коомдун лидерлеринин бири Манас Полотов мигранттардын күчү менен айылдарда жасала иштер тууралуу кеп салды.

- Мектепке, жаңы ачылган бала бакчага акчалай жардам бердик. Балдар аянтчасынын тосмосун жана тамак бышырган коломтосун ашар кылып, куруп бердик. Андан сырткары оорукчан жана жардамга муктаж айылдаштарга каралашабыз. Эн чоң жетишкендигибиз - айылдын жаштарын сергек жашоого үндөп, спорт аянтчасын куруп бердик. Москвада ооруп же кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө каралашабыз. Жакында айылга мечит курууну пландап жатабыз.

"Жанылануу" коому курган спорт аянты.
"Жанылануу" коому курган спорт аянты.

Орусияда Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген жердештердин мындай чакан айылдык коому жүздөп саналат. Айрымдарынын түптөлгөнүнө он жылдан ашса, калгандары башкалардан үлгү алып, жаңыдан түптөлүп жатат.

Айылдык коомдор жер-жерлерде олуттуу маселелерди чечүүдө өкмөттүн мигранттардын демилгелерине колдоо көрсөтүшү, айылдарды көтөрүү боюнча атайын долбоорлорду иштеп чыгышы маанилүү болуп турганын белгилешет.

«Кенжекул» коомундагы Сыдык Исиров азырынча мигранттар колдон келишинче аракет кылып жатканын айтты:

- Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары менен иштешебиз. Айыл өкмөттүн кылган иштери жөнүндө отчет алып турабыз. Албетте, өкмөттөн жардам керек. Ар ким өз билгенин кылып жатат. Өкмөт максаттуу долбоорлорду алып чыгып, сунуш кылып турса, жаштар көтөрүп, колдоп кетет. Кайсы бир шайлоону же депутатты күтпөй, өзүбүз жапа тырмак киришип, чечип кое алабыз.

«Катыраңкы» коомунун жетекчиси Максат Жапаров мигранттардын аракеттери колдоого алынып, максаттуу ишке ашырылышы керек деген ойдо.

- Мындай иштерди айыл башчылары менен өкмөт чогуу алып барышы керек. Буга чейин паракорчулук, бут тосуу дегендер болгон жок. Мигранттардын айылдык фонддорунда деле өз алдынча иш алып баруу оор. Жергиликтүү бийлик менен кеңешип, макулдашып иш алып барса, натыйжалуу да болот деген ойдомун.

Учурда Орусияда 650 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Былтыр январь-октябрь айларында мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 300 миңге чукул каражат которушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG