Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 16:12

Кыргызстан четтеги журтташтардын укугун коргоо үчүн миграциялык саясатты кайрадан карап чыгышы керек. Мындай сунуш Жогорку Кеңеште четтеги кыргызстандыктардын абалы боюнча коомдук угууда айтылды. Анда чет өлкөдө жашаган мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн мамлекеттин камкордугун күчөтүүгө чакырышты. Өкмөт болсо мигранттарды колдоого алуу үчүн жаңы программа даярдап жатканын билдирүүдө.

Жогорку Кеңештеги коомдук угуу "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерге мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамдын аткарылышына арналды. Жыйынга өкмөт жана мамлекеттик органдар өкүлдөрү, чет өлкөлөрдө жашаган журтташтар катышты.

Талкуунун жүрүшүндө чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар өкмөттүн миграциялык саясатын кайрадан карап чыгып, айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чакырды.

Маселен, Орусияда иш алпарган активист Айбек Жаңыбаевдин айтымында, мигранттардын укуктарын коргоо үчүн айрым мыйзамдарды өзгөртүп, каражатты көбөйтүү зарыл:

- Мигранттар жылына 2 миллиард долларга жакын каражат которот экен. Анын 0,1 пайызын же 1000 сомду мигрант жиберсе, анын бир сомун кайра кайрып берсеңер. Бюджеттен атайын алып, мигранттарга жардам берүү, укугун коргоого жумшалса жакшы болмок. Себеби, маселенин баары каражатка келип такалып жатат. Эгер аларга жакшылап юридикалык жана башка жардам көрсөтүлсө мигранттар андан дагы көп каражат котормок, акыбети кайтмак.

Мындай сунушка Миграция кызматынын өкүлдөрү, акыйкатчы Кубат Оторбаев да макул болуп, каражатты көбөйтүү зарылдыгын айтышты.

Жыйында башка өлкөдөн жарандык алган кыргызстандыктарды өлкөгө инвестор катары тартуу демилгеси көтөрүлдү. Бул жаатта мекенинде иш кылуу, мүлк алууда жеңилдетилген шарт түзүү керектигин Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Руслан Эшимов билдирди:

- Биз бул жакка келип үй салалы, иш ачалы десек жер тилкеси берилбейт. Жарандыгыбыз башка өлкөдө, каттообуз жок болгону үчүн айылдарда жер ала алган жокпуз. Инвестиция кылалы деп жер сатып алсак да өзүбүзгө каттата албай келебиз. Аны бажабызга, инибизге, кайнибизге каттатып, иш кылып жатабыз. Алар кайсы күнү бизди “алдап” кетээри белгисиз. Андай окуялар деле болуп жатат. Ушул маселелерге көңүл буруп, мекенибизге акча салууга жакшы шарттарды түзүү зарыл.

Ошол эле кезде четтеги журтташтар эмгек укугу менен катар саясий укуктары корголбой жатканын билдиришти. Маселен, Санкт-Петербургдан келген Өктөм Мамаева мигранттардын көпчүлүгү шайлоодо добуш бере албай жатканына тынчсызданды:

- Мигранттардын шайлоого катышуусу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Канчалаган мигранттар добуш берүү укугунан ажырады. Себеби алардын тизмесин алдын ала алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, кошумча тизме менен добуш берүү укугун жандандыруу зарыл.

Октябрда өткөн президенттик шайлоого катышкан четтеги кыргызстандыктардын саны абдан аз болгон. Борбордук шайлоо комитети чет өлкөлөрдө жалпысынан 18,5 миң жаран шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алганын маалымдашкан.

Чет жактагы шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Орусияда катталган болчу. Маселен, Москва шаарында иштеп, жашаган үч жүз миңдей мигранттын ичинен 1252 кыргызстандык гана добуш берди. Шайлоо күнү добуш бере албай калган 500-600дөй мигрант Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына чогулуп, нааразычылык билдиришкен эле. Алардын көбү биометрикалык маалымат тапшырбай, консулдук каттоодон өткөн эмес. Кээ бири мигранттарга жетиштүү маалымат берилбегенин айтышса, айрымдары өздөрүн тизмеден таппай калышкан.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев дипломатиялык мекемелер мигранттарын укугун коргоо жаатында ишин күчөтүшү керектигин белгиледи:

- 10 миңден ашык мигрант жашаган жерде сөз жок ардактуу консулду бериш керек. Ага мамлекеттен бир тыйын акча кетпейт экен. Биз ардактуу консул деген наам берип, мамлекетке иштетип жатпайбызбы. Мисалы, Иркутсктан Новосибирскке келип 300 сомдук справка үчүн 3000 чакырымды басып, 7 миң сомду коротушу керек экен. Өзүбүздү өзүбүз эмнеге кыйнайбыз? Венгрияда 20 кыргыз жок. Бирок Кыргызстандын ардактуу консулу бар. Ошонун кереги барбы? Кыргыз өкмөтү кыргыз мигранттары үчүн иштеп, алардын бардык муктаждыктарын чечиши керек.

Ал эми өкмөт мигранттар жана четтеги журтташтардын жүгүн жеңилдетүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Вице-премьер Чолпон Султанбекова четтеги мекендештерди колдоо жаатында жаңы долбоор даярдалып жатканын жарыялады:

- Учурда «Мекен карт» деген долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Анын ичинде чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга бериле турган жеңилдиктер, кайтып келсе кандай процедуралардан өтүш керек - мына ушунун баары камтылган. Учурда мунун баарын өкмөт иштеп жатат.

Расмий маалымат боюнча чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам. Ал эми иш жүзүндө чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG