Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Полициядан ыдык көргөн мигранттар


Полиция бөлүмү. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).
Полиция бөлүмү. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).

Орусиядагы мигранттар миграциялык документтерди текшерүүдө полиция бөлүмдөрүндө мыйзамсыз камакка алынып жатканын айтышууда. Орусиялык укук коргоочулар мигранттардын топ-тобу менен камакка алынышын мыйзамсыз көрүнүш катары сындап келишет.

22 жаштагы Элиза Москвага иштегени төрт ай мурда келген. Ноябрдын аягында миграциялык документтери мыйзамдуу болгонуна карабай полиция бөлүмүндө эки күн камалып жаткан.

- 28-ноябрь күнү кечки саат бештерде Коломенская метросунан чыксам эле полиция толтура кыргыз, өзбектерди кармап туруптур. Анан баарыбызды «база иштебей жатат» деп полиция бөлүмүнө алып барышты. Сумкаларыбызды текшерип, бүт буюмдарыбызды тартып алышты. Жанымда телефон да, акча да жок эле. Акча бергендердин документтерин текшерип эле кое беришти, мени болсо камап коюшту. "Эртең менен сотко алып барабыз" дешкен. Сотко алып барбай эле эки күн эч нерсе бербей, жада калса суу да ичирбей кармашты.

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Жумуштун табылышына жараша кең Москвада көчүп-конуп жашаган мигранттар үчүн эң көйгөйлүү нерсе – батир маселеси.

​Полиция бөлүмүндө Элиза эс-учун жоготуп койгон. Тааныштарына абалын билдирүүгө ага телефон чалууга уруксат беришкен эмес.

- "Тез жардам" келип, жүрөгүмдү текшерип, кардиограммага салып, дары берип кетти. Стресс абалында дарынын баарын ичип алган экем, өзүмдү жоготуп коюпмун. Ошондо гана кое беришти. Чыккандан кийин кыйналып ооруканага баргам. Ал жактан кустуруп, ичимди тазалашты. Азыр деле өзүмө келе албай турам. Чоочуп ойгонуп, ыйлап, эсимди жоготуп жатам. Паспортумду бербей коюшкан. Миграциялык каттоом базада бар экенин ырастаган кагаз алып барып, Интернет аркылуу Нагатинский районунун прокуратурасына арыз жазып, араң алдым.

Элиза мыйзам чегинде миграциялык каттоого тургандыктан, полициянын аны камакка алышына эч кандай негиз болбогонун белгиледи.

Өткөн жумада өзбекстандык Лочинбек Москвада күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери борбор азиялык мигранттарды топ-тобу менен документ текшерүүгө полиция бөлүмүнө алып барып камап жатышканын айтып, «Азаттыктын» өзбек кызматына кайрылган.

- 42 кишини полицияга алып келишти. Курулуштун жанынан өтүп бара жаткам. Ал жакта иштечү эмесмин. Ага карабай эле баарыбызды кармашты. Эки саат көчөдө турдук, эми полицияда отурганыбызга жети саат болду. Бул жерде Өзбекстандан, Кыргызстандан, Молдовадан жана Армениядан келген мигранттар да бар. Көбү өзбекстандыктар. Баарынын эле документтери бар экен, айрымдарынын колунда эмгек келишимдери дагы бар. Нааразы болгондор көп. Документтерибизди деле текшеришти. Качан чыгарышары белгисиз.

"Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш" деген полициянын рейддери Орусиянын шаарларында маал-маалы менен жүрүп турат.

Екатеринбургдагы укук коргоочу Вячеслав Башков мигранттарды топ-тобу менен кармап, документ текшерүү үчүн полиция бөлүмүндө узакка камакка алуунун мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылып жүрөт.

Укук коргоочунун айтымында, Орусияда чет өлкөлүк жаран «мигрант» болгону үчүн гана мыйзамсыз текшерүүгө дуушар болбошу керек.

- Кандай негизде адамдар көчөлөрдө жана коомдук жайларда жүздөп, миңдеп кармалып жатканы кызык болду. Адатта 80-90 пайызын кийин жөн эле кое беришет, калгандары менен документ текшерүү, мыйзамсыз болсо, жоопко тартуу иштери уланат. Укук сакчылары жүргүзгөн мындай операциялар шектүү. Анткени, полициянын ишмердиги тууралуу федералдык мыйзамда адамды мигрант болгону үчүн эле кармап, камакка алууга эч кандай негиздер көрсөтүлгөн эмес. Мен былтыр Екатеринбургдун прокуратурасына кайрылганымда ал полицияга мигранттарды мыйзамсыз камакка алууну токтотуу боюнча көрсөтмө жөнөткөн. Быйыл кайрылсам, «баары мыйзамдуу, президенттин тапшырмасы бар» дешти. Бул «президенттин көрсөтмөсү» деген быйыл 20-апрелде чыгарылган 75-буйрук бир дагы расмий сайттарда жарыяланган эмес. Бирок укук коргоо органдары жана прокуратура дагы ушул көрсөтмө боюнча иштеп жатышат.

Вячеслав Башков Екатеринбургдун прокуратурасына «Путиндин көрсөтмөсү» делген 75-буйрукту ачыкка чыгарууну талап кылып, арыз менен кайрылган.

22-декабрда Башковдун кайрылуусун көз жаздымда калтырган Екатеринбургдун прокурорунун орун басары В.Ф. Курьяковага карата арызы Чкалов райондук сотунда каралат.

Москвадагы «Тонг Жахони» укук коргоочу уюмунун жетекчиси Валентина Чупик адамды көчөдө токтотуп, документин текшерүүгө полиция кызматкерлеринде мыйзамдуу негиз болушу керек деп эсептейт.

Валентина Чупик. 23-октябрь, 2017-жыл.
Валентина Чупик. 23-октябрь, 2017-жыл.

- Адамдын документин текшерүүгө мыйзам боюнча төрт негиз бар. Биринчиси - адам мас же эс-учун жоготуп койсо, экинчиси – полиция көзөмөлгө алган же кирүүгө тыюу салынган объектиге кирип кетсе, үчүнчүсү – Орусиянын ИИМине тийиштүү 725-буйрук боюнча адам издөөгө алынган же кылмышка шектүү адамга окшош болсо, полиция кызматкеринин колунда фоторобот болсо, төртүнчүсү - адам полициянын көз алдында административдик мыйзамды бузса, мыйзам бузулганы тууралуу полицияда далил бар болсо же буга күбөлөр болгондо гана полиция анын өздүк документтерин текшерип, ишти териштирүү үчүн бөлүмгө алып кете алат. Мурда Федералдык миграция кызматы иштеп турган кезинде ошолор гана чет өлкөлүк жарандардын миграциялык статусун текшерүүгө укуктуу болчу. Орусиянын ИИМнин 403-буйругу боюнча күч органдарынын кызматкерлери административдик мыйзам бузуу, анын ичинде миграциялык мыйзам бузуу аныкталганда гана протокол түзүп, мигранттарды камакка алышчу. Быйыл 30-октябрда бул буйрук күчүн жоготкон. Андыктан полициянын чет өлкөлүктөрдүн миграциялык документтерин текшериши, аларды камакка алышы - мыйзам чегинде көрсөтүлбөгөн, мыйзамсыз иш-аракеттер.

Орусияда Федералдык миграция кызматы былтыр өзүнчө мекеме катары жоюлуп, миграцияга көзөмөл Ички иштер министрлигине өткөрүлгөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Орусияда 10 миллиондон ашуун чет өлкөлүк мигрант бар болсо, алардын 2,6 миллиону мыйзамсыз иштегендер. Ошондой эле 2 миллионго чукул чет өлкөлүк жаранга миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG